Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:21

Башын да, балдарын да "каткан" эне


Сүрөт Ысык-Көл облусундагы "Йакын инкар" жамаатынын өкүлдөрү тууралуу тасмадан алынды.

Ысык-Көл районунда диний көз караштан улам мектепке балдарын жибербеген үй-бүлөлөр текшерилип, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

17-июлда Ысык-Көл районунун акимиятынын өкүлдөрү жана соцкызматкерлер бул үй-бүлө ээлерине балдардын укугун чектебей, мектепке жиберүү зарыл экенин айтышты. Ушул тапта райондо мындай үч үй-бүлөдөн жети бала мектепке барбай келет.

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылынын тургуну Бактыгүл Абдрахманова - мусулманчылыктын “Йакын инкар” агымын кармангандардын бири. Бул үй-бүлө диний көз караштан улам мектеп жашындагы эки кызын окууга жибербей келет. Мамлекеттик кызматкерлер анын эшигин кагып, балдардын окууга болгон укугун коргоого аракет кылышканы менен динчил эне оюнан кайтпай турганын айтууда.

Балдарын билимден өксүткөн "инкарчылар"
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:08 0:00

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү буга чейин да түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү менен майнап чыккан эмес. Мындан улам райондук прокуратура бул үй-бүлөнү “жашы жете элек балдарды тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттерди аткарган жок” деген негизде административдик айыпка жыгып, андан соң балдарды мектепке милдеттүү түрдө алып баруу боюнча райондук сотко доо арыз жиберген.

Асанбековдун үй-бүлөсү сот чечимин аткарбаган соң, быйыл январь айында прокуратура бул жарандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (“Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбай коюу") жана 338-беренеси (“Сот чечимин аткаруудан баш тартуу”) менен кылмыш ишин козгогон. Жыйынтыгында Жыргал Асанбеков менен Бактыгүл Абдрахманова күнөөлүү деп табылып, эки жылга кесилишкен. Ушул тапта үй ээси жатак абагында, аялы болсо 11 жаштагы кызы 14кө чыкканда жазасын өтөйт.

Сот чечими чыккан соң Абдрахманова “балдарымды мектепке жиберем” деп тилкат жазып берген. Бирок “мына-ана жиберем” деп жүрүп окуу жылы өтүп кеткен.

Бактыгүл Абдрахманова.
Бактыгүл Абдрахманова.

- Мен каалайт элем, баары жакшы болсун деп, бирок мен мектепке жиберүү боюнча эч кандай Алланын мыйзамына каршы чыга албайт экенмин. Мектепке жибербейм, мен “медресеге жиберем” деп атпаймбы. Сабакка мен эми жиберейин десем карабайсыздарбы, Конституция менен шарият окшош эмес да. Конституция менен эле жашай берели, макул, мен деле каршы эмесмин, “мен муну жасабайм” деп айтканга деле укугум жок, бирок Алланын астына барганда сурак бар да? Менден: “Эмнеге сен мындай кылдың? Эмнеге сен менин өкүмүм менен жашабадың? Эмнеге сен ушул адамдардан корктуң?” деп сураса, өзүмө жооп бере албай жатып, анан балдарыма кантип жооп бере алам?

Учурунда мектепте мугалим болуп алты жыл иштеген, жогорку билимдүү бул аял сырттагы туура эмес мамиледен, акыйкатсыздыктан улам дин жолуна түшүп, балдарын үйдө отуруп тарбиялоону чечкенин айтууда.

Район жетекчилиги, соцкызматкерлер акыры аялдын үйүнө кирип, турмуш шарты менен таанышып, аны келе жаткан окуу жылына карата балдарды мектепке жиберүүгө милдеттендиришти.

Мектептен баш тарткан дагы бир үй-бүлө Темир айылында турат. Саламат Жунушовдун үч баласы азыр үйдө. Балдардын ата-энесине карата да жогорудагыдай эле себеп менен 2018-жылдын 25-апрелинде райондук сот чечим чыгарып, аларды бир жылдык жатак абакка кескен. Балдардын энеси Гүлкайыр Деркимбаева 6 жашар кичүү баласы 14 жашка чыкканда жазасын өтөшү керек. Ал текшерип барган соцкызматкерлер менен сүйлөшүүдөн баш тартып, ал тургай эркек балдарынын улуусу келген кишилерге каршылык көрсөттү.

Бул үйдүн эркек балдардын улуусу Абас Көкөев мектепте 2-класска чейин эле окуган. Андан соң Бангладешке барып эки жыл ислам багытында билим алып келген. Акыры кеп-сөзгө келген өспүрүм азыр үйдө бөбөктөрүн окутуп жатканын, өзү мектепке баргысы келбей, медреседе окуусун улантууну ойлоп жатканын билдирди.

- Мен 15 жаштамын. Азыр эч жактан билим албай эле үйдө жүрөм. Бангладешке 10 жашымда баргам, туугандарым менен. Ал жерге атам, эки байкем барган. Ошол жактын тилин, арабча үйрөндүм. Мектептеги берилген предметтерди алган жокмун. 2015-жылы келдим, андан бери окуган жокмун, жүрөм ушундай эле. Каалоом деле жок. Медресеге окуйм. Бөбөктөрүм мектепке барышпайт, аларды үйдө эле өзүм окутуп атам.

Жыргал Асанбековдун үйү.
Жыргал Асанбековдун үйү.

Темир айылынын жооптуу катчысы Жылдыз Асанканова үй-бүлө мүчөлөрү менен көзмө-көз отуруп сүйлөшүп, акыры окуй турган эки баланы мектепке жиберүү боюнча тилкатын алып чыкты:

- Балдарын мектепке жиберем деп энеси тил кат берген. Сентябрдан баштап эки баласын мектепке киргизгени турат. Азыр сүйлөшкөн убагыбызда энеси “балдарды окууга даярдап атабыз” дешти. Булар үйүнөн өздөрүнчө алиппе жана башка мектепке тиешелүү китептерди сатып алып, балдарга билим берүүгө аракет кылып жатышат.

Ушундай эле дагы бир үй-бүлө Григорьевка айылында жашайт. Мурат Малиевдин үй-бүлөсү эки баласын билимден өксүткөнү үчүн быйыл апрель айында бир жылга жатак абагына кесилген. Ушу тапта балдардын атасы Чолпон-Ата шаарындагы жатак абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан чагы. Ал эми жубайы 8 жаштагы баласы 14 жашка чыкканда жаза мөөнөтүн өтөйт.

Абактагы Мурат Малиев менен жолукканыбызда мамлекет талап кылып жатса балдарды мектепке берерин билдирди:

Мурат Малиев.
Мурат Малиев.

- Бул жерге келгениме 2 айдай болду. Балдарды мектепке жибербеген үчүн кесилдим. Балдарды үйдөн окутуп атканбыз, үйдөн тарбия берип, дин үйрөнүп, Аллага жакындап, момун мусулман болсун деген оюбуз бар болчу. Мектептен билим алса болот, бирок ал жакта Алланын өкүмүнө каршы нерселер болуп жатат. Кыз-эркек чогуу окуп, ал жерде бузукулук болот да, антип отурса. Эми айла жок, өкмөт эгерде талап кылса балдарды бере беребиз, эми Аллага тапшырабыз, бирок баары бир жүрөгүбүз ооруйт да. Алла каалагандай болсо баарыбыз бактылуу болот элек да.

Данияр Иманалиев.
Данияр Иманалиев.

Ысык-Көл районунун акими Данияр Иманалиев аймакта ар кандай диний агымдардын таасири чоң мүшкүлгө айланып жатканын, бул маселеге мамлекет көңүлкош мамиле кылгандыктан, жарандар кооптуу абалга кептелгенин белгилейт.

- Бул маселе негизи көп жылдан бери келатат. Документтерди карасам 2011-жылдан бери келаткан маселе экен. Тилекке каршы, агымдар көп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү деңгээлде буга көңүл бурулбай жаткан. Анан ошонун кесепетинен улам бул үй-бүлөлөр четте калып калып, маани берилбей калган. Былтыртан бери мамлекет тарабынан бул маселеге киришип жатабыз. Өзүбүзгө милдет алдык, өзүбүз четте калтырбашыбыз керек.

Аталган үй-бүлөлөр боюнча атайын райондук деңгээлде балдар менен иштөө комиссиясы түзүлүп, балдарды мектепке тартуу иштери бир нече ирет жүргүзүлгөн, бирок майнап чыкпай келген. Ысык-Көл облусунун прокурору Белек Маматбаев бул үй-бүлөлөрдү текшере келгенде бардыгы 2015-жылы Бишкек шаардык соту тарабынан ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын инкар” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү болуп чыкканы такталганын белгилейт:

Белек Маматбаев
Белек Маматбаев

- 2018-жылдын бир жарым жылдыгында эле диний көз караштардын артынан балдарына мектепке барууга тыюу салган үч үй-бүлө аныкталган. Бул үч үй-бүлө тең Ысык-Көл районунун тургундары болуп эсептелет. Булар боюнча биз текшерүүлөрдү жүргүзүп көргөндө алардын бардыгы 2015-жылы Бишкек шаардык соту тарабынан ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын инкар” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү экени такталган. Булар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзбөгөнү менен көз карашынын айынан балдарына, өспүрүмдөргө мектепке барууга тыюу салган фактылар аныкталып, ал боюнча кылмыш иштери козголгон. Жалпысынан 2018-жылы мектепке тартылбай калган, окубай калган беш үй-бүлөдөн он бала такталган. Он бала боюнча тең тиешелүү чаралар көрүлгөн. Алардын баары мектепке тартылып, азыр окуп жатышат.

Ысык-Көл районунун имамы Максат Сейталиев “Йакын инкар” агымы муфтиятка баш ийбеген агым экенин, түшүндүрүү иштери аларга таасир этпей жатканын айтат. Балдарды мектепке бербей жаткандарды сындаган имам маселе жарандардын билимсиздигине байланыштуу деп эсептейт.

Максат Сейталиев.
Максат Сейталиев.

- Далай түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Булар муфтиятка, бизге баш ийбейт. Булар балдарын мектептен окутпаганы туура эмес. Булардын динде деле андай өзгөчөлүгү жок, негизинен булардын илимсиздиги. Бирөө да эч кандай дин боюнча окуу жайында окуган эмес. Булар анан илим алган жагына келгенде эле качып, ар кайсыны айтып, “кайыптан келет, түздөн-түз билим алабыз” деп адашууда.

Соңку маалыматтарга караганда Ысык-Көл облусунда мындай диний көз караштан улам беш үй-бүлөдөн 10 бала мектепке барбай калган. Алардын ичинен үч үй-бүлө Ысык-Көл районунда, бирөө Түп районунда, дагы бири Ак-Суу районунда жашайт.

Прокуратура эгер сентябрда бул ата-энелер балдарды окууга жибербей турган болсо, аларга карата ата-энелик укуктарынан ажыратууга чейинки чара көрүлөрүн эскертип жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG