Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:55

Нарында “инкарчы” соттолду


"Йакын инкар" тобунун мүчөлөрү. Архивдик сүрөт.
"Йакын инкар" тобунун мүчөлөрү. Архивдик сүрөт.

Нарында “Йакын инкар” жамаатынын мүчөсү үч жылга эркинен ажыратылды.

Нарын облустук соту 10-июлдагы отурумунда "Йакын инкар” жамаатынын мүчөсүнө карата чыккан райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Райондук сот аны үч жылга эркинен ажыраткан. Ал ушул жылдын февраль айында "үйүнөн экстремисттик маанайдагы адабияттар табылды" деп кармалган.

Ушундай эле "тыюу салынган экстремисттик топтун ишин жүргүзүп жатат" деген негиз менен буга чейин облус боюнча төрт кишиге кылмыш иши козголуп, анын экөө соттолгон. Учурда бул топтун мүчөсү болуп саналган 15 киши тартип коргоо кызматынын каттоосунда турат.

Куланак айылынын тургуну Жолдошбек Ипасовдун иши буга чейин Нарын райондук сотунда каралып, өкүм 1-июнда чыккан.

Ушул жылдын февраль айында Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Ипасовдун үйүнөн “Йакын инкар” жамаатынын идеологиясына окшош кол жазманы табышкан.

Нарындагы дааватчылар. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Нарындагы дааватчылар. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Экспертизанын жыйынтыгында "дептердеги жазуу экстремисттик маанайда" деп табылып, анын негизинде Ипасовду райондук сот үч жылга абакка кескен.

Бул чечимге макул болбогон жакындары облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Бирок облустук сот баштапкы өкүмдү күчүндө калтырды. Жолдошбектин агасы Кубатбек Ипасов буларды айтты:

- Инимдин бийликке, муфтиятка баш бербей бейбаштык кылып, уруксатсыз даават кылып жүргөнүн мойнума алам. Бирок мунун башкаларга зыяны жок болчу. Намазын окуйт. Балдары сабакка барат. Анан жанагы "телевизор көрбөйт, телефон колдонбойт" дегендерге кошулбайт. Биздей эле жашачу. Эми Жогорку сотко кайрылабызбы же жокпу, аны да кеңешебиз го. Анткени мамлекет расмий түрдө бул уюмду экстремисттик деп тапкандан кийин Жогорку соттун чечими деле ушундай болот деп турабыз.

Жолдошбек Ипасовду жазага тартыш үчүн кол жазма дептери башкы далил катары каралды. Сотто ал кол жазманы беш жыл мурда айылга келген дааватчылардан көчүрүп жазып алганын, анда "Йакын инкар" жамааты тууралуу түшүнүгү жок болгонун айтты. Ал эми дептердин жазылган мөөнөтүн экспертиза тактаган эмес. Ипасовдун адвокаты Болотбек Кожомуратов буга сот да маани бербей койгонун айтты:

- Ал дептер беш жыл мурда жазылган экен. Ал убакта "Йакын инкарга" тыюу салына элек болчу. Чынында ал дептерде "Йакын" жакшы, "Йакын бийлиги туура" деген сөздөр бар экен. Ал беш жыл мурда бул үчүн соттолорун билген эмес да? Билсе, беш жыл сактабай эле өрттөп же тытып салмак. Тергөө да бул дептер беш жыл мурда жазылганын аныктаган эмес. Биз талап кылалы деп жетишпей калдык. Анткени мен бул ишке кеч аралашып калдым.

Ипасов буга чейин тийиштүү мекемелердин уруксаты жок даават кылганы үчүн үч ирет административдик жоопкерчиликке тартылган. Баш бербегени үчүн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына да үч күнгө камалып чыккан. Ага чейин ал Нарындан Токтогулга, Кара-Балта шаарына кырк күндөп дааватка чыгып келгени сотто айтылды.

Кыйынчылык - убактылуу нерсе....

Өздөрүн "пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз" деген “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү былтыр Нарында көбөйүп баратканы байкалган. Алар чачын кулагынын учуна чейин өстүрүп, чубалжыган кийим кийип жүрүшөт.

Бирок былтыр бул жамаат расмий түрдө экстремисттик уюм катары табылгандан кийин, чоң баштыктарын көтөрүп, тобу менен көчөдө жүргөндөр дээрлик көрүнбөй калды.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Антсе да бул ишенимди бекем туткандар бирин-серин байкалып жүрөт. Алардын бирине жолугуп кепке тарттык. Атын атагысы келбеген "инкарчы" өз ишеними акталарына ишенет жана жазага тартылууну убактылуу кыйынчылык деп эсептейт:

- Туура динди пайгамбарыбыз Мухаммед жана анын сахабалары алып келген. Алардын басканы, кийингени - баары туура. Биз ошол туура жолду улантыш үчүн аларга окшошууга аракет кылып жатабыз. Ал эми даават - пайгамбардан калган мурас. Дааватта биз төрт мазхабдын бирине да, үмөттөрдүн кылган ишине да кийлигишпейбиз. Пайгамбарчылык өз алдынча болгон. Ошондуктан тигил же бул органга кайрылып, уруксат алуунун өзү туура эмес.

Учурда облустук ишки иштер башкармалыгынын каттоосунда “Йакын инкар” жамаатынын 15 мүчөсү турат. Анын ичинен төрт кишиге иш козголуп, соттун кароосуна жиберилген. Анын экөө мурдараак үч жылга эркинен ажыратылган.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын экстремисттик жана мыйзамсыз миграцияга каршы бөлүмүнүн жетекчиси Самат Саалаев булардын агымына мыйзам тыюу салгандан бери бир топ эле ооздукталып калганын айтты:

- 15 адам профилактикалык каттоодо турат. Аларды кайра кайтаруу максатында тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Жума сайын, ай сайын облустук казыят, УКМК кызматкерлери чогулуш уюштурабыз. Азыр мыйзамсыз дааватка чыгып кетүү, башка облустардан дааватчылардын келүүсү бул уюмга тыюу салынгандан бери токтоп калды.

"Йакын инкар" диний жамааты Кыргызстанда дааватчылык менен алектенет деп саналган "Таблиги жамаат" кыймылынан бөлүнүп чыккан топ катары айтылып келет. Кыргызстанда “Таблиги жамаат” кыймылына тыюу салынган эмес.

Пайгамбарды туураган "инкарчылар"

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG