Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Кыздарын мектепке жибербеген кишиге чара көрүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылында диний көз караштан улам мектепке барбай жаткан эже-сиңдинин маселеси атайын комиссиянын көзөмөлүнө алынды.

Райондук прокуратура билим берүүнү чектөө улана берсе, ага жол берип жаткан ата-энесине карата чара колдонуларын билдирди. Атасы кыздарын медреседе окутаарын билдирип, мектепке берүүдөн баш тарткан.

Ак-Суунун Сары-Камыш айылынын тургуну Азамат Алышбаев эки кызын диний көз караштан улам мектепке жибербей жатканын айылдагы Жүрсүн Субанбеков орто мектебинин директору Гүлмира Дүйшөналиева билдирди:

- Азамат Алышбаевдин үч кызы бар. 1-сентябрдан баштап эки кызы бүгүнкү күнгө чейин мектепке келе элек. Бир кызы Бишкектеги медресеге кирди, маалымкаты бар. Анан калган эки кызын сабакка жиберүүдөн баш тартууда. Бири 5-класстын окуучусу Сагындыкова Мухлиса, экинчиси 4-класстын окуучусу Сагындыкова Мухлима. 5-сентябрда барсак быйыл кыздарын окута албай турганын, медресеге бере турганын айтты.

Гүлмира Дүйшөналиева.
Гүлмира Дүйшөналиева.

Директордун айтымында, Азамат Алышбаев улуу кызын Бишкектеги медреселердин бирине окууга өткөрүп, тастыктоочу маалымкат да алып келген. Кичүү эки кызын мектепке да, медресеге да бере элек. Директор Гүлмира Дүйшөналиева кыздардын атасы "убактылуу окута туралы" деген сунушка да көнбөй жатканын айтты:

- Балдар жакшы окучу. "Мектепте окутуп тургула, медресеңер ачылган күнү алып кетесиңер, каршы болбойбуз" десек, "мектепке окута албайм, мен ушуга эле багыт алып алгам" деди атасы. Бир кызын медресеге окутса, экинчи кызын мектепке жиберүүнү сурандык. Бирок ал кыздар Куран окушу керектигин, аны устаттарга окута турганын айтты.

Алышбаевдин Сары-Камыш айылындагы үйүнөн бир да үй-бүлө мүчөсүн жолуктура алган жокпуз. Айылдаштарынан Азамат төрт айга дааватка кеткенин билдик.

Азаматтын иниси Эркин Алышбаев агасынын үй-бүлөлүк маселелерине кийлигише албай турганын, бирок чечимин кубаттай турганын билдирди:

- Ата өз балдары үчүн өтө жоопкерчиликтүү болуп, туура негизде окутушу керек. Туура тарбия бере турган жакка багыттайт. Бул эч кандай караңгылык же радикалдашуу эмес. Эң негизги нерсе - үй-бүлөгө туура таалим, тарбия берүү. Ошол эле максатты көздөйт.

Азамат Алышбаевдин үйү.
Азамат Алышбаевдин үйү.

Айыл имамы Тилек Кыштообаев балдарына жалпы билим бергиси келбей жаткан үй-бүлө тыюу салынган диний агымдын мүчөсү болушу мүмкүн деп болжоду:

- Булар бизге эч кандай отчет бербейт. Булардыкы такыр башка да. Биздин жамааттын балдары каякка кеткенин, каякта жүргөнүн билебиз. Ал эми буларды биз биле албайбыз. Эч кимге баш ийишпейт. Районго да, облуска да баш ийбей дааватка кете берет. "Йакын инкар" деген агым экстремисттик топко киргизилбеди беле. Өз билгенин кыла берет да.

Айыл имамы балдарды окутуу аракеттеринен майнап чыкпай жатканын айтып, ата-эненин мындай мамилесин туура эмес деп баалады.

Мектепке эки кызды түшүндүрүү жолу аркылуу тарта албаган билим берүү кызматкерлери эми мыйзамга ылайык чара көрүү зарыл деп жатышат. Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малик Темиралиев буларды айтты:

- "Буга иш козгойбуз" деп прокуратура кызматкерлери айтты. Башка чара жок, булар менен дээрлик болгон баскычтарды өттүк. Азыр эми күч менен эле укук коргоо органдары алып келип береби, билбейбиз. Абал ушундай.

Жүрсүн Субанбеков атындагы орто мектеп.
Жүрсүн Субанбеков атындагы орто мектеп.

Буга чейин эже-сиңди маселесин чечүү максатында райондук деңгээлде өспүрүмдөр комиссиясы түзүлгөн болчу. Курамында мектептин, айыл өкмөтүнүн, райондук администрациянын, билим берүү, милиция, прокуратура бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана психолог адистер кирген комиссия буга чейин кыздарын окутуудан баш тарткан ата-энени административдик жазага тартууну сунуш кылган.

Ушу тапта кыздардын окууга барбаганына байланышкан маселени укук коргоо органдары да көзөмөлдөп жатышат. Прокуратура кыздарды окууга тартуу боюнча убагында иш алып барбаганы үчүн билим берүү мекемелерине карата чара көрүүнү райондук мамлекеттик администрацияга сунуш кылган. Бул тууралуу Ак-Суу райондук прокурорунун жардамчысы Нурбек Тажибаев билдирди:

- Өспүрүмдөр комиссиясы протоколду карап, Алышбаев Азаматка карата тийиштүү административдик чара көрүп, ошол протокол жөнүндө комиссия мүчөлөрү тарабынан имам чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдарды окутуусу боюнча профилактикалык иш жүргүзүлгөндөн кийин бул жумуш, иш-аракеттер өз натыйжасын бербесе, Алышбаев Азамат өз кыздарын мектепке жибербесе, анда прокуратура органдары тийиштүү чара көрөт.

Прокуратуранын маалыматына караганда төрт айлык дааватка муфтияттын уруксаты жок кеткен Азамат Алышбаев Токмок шаарынан алынып келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин үйүнө жиберилген. Бирок ал кайра эле дааватын улантыш үчүн сапарга чыгып кеткени белгилүү болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG