Линктер

бейшемби, 22-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:54

Адам дин үчүнбү же дин адам үчүнбү?


Залкар ойчул жана аалым бабаларыбыз Жусуп Баласагын (солдо) менен Махмуд Кашгари Барсканинин бедизчи Т.Садыков жасаган айкелдери манкурттар тарабынан уурдалып кеткен. 1995.

Түркиядагы Эржийес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулу "Азаттыктын" окурмандарына жолдогон дин таануу жана коом таануу жаатындагы блог.

...6-класста окуйт элем. Мен курактуу бир топ балдар мечитке каттачу болдук. Алдыбыз арап ариптерин, Куран окуганды үйрөнө баштаганбыз. Андан сырткары намаз окуу, орозо тутуу сыяктуу маселелердин маанисин да билип калдык. Жаңы чөйрөнүн, жаңы маалыматтардын, кызыгуулардын себебинен баштапкы бир канча ай билинбей өтүп кетти.

Албетте, ал жылдарымды пайдасыз өттү деп айткандан алысмын. Бирөөгө зыян тийгизбөө, колдон келсе пайда келтирүү, карыяларды сыйлоо, ата-энеге урмат мамиле кылуу сыяктуу жакшы принциптерди үйрөндүм. Денеме сиңген бул баалуулуктардын жашоомо көп пайдасы тийди.

Ош шаарындагы эски мечит. 26.4.2012.
Ош шаарындагы эски мечит. 26.4.2012.

Бирок бара-бара мен түшүнүп жете албаган, аңдай албаган ой-пикирлерге, эрежелерге, түшүнүктөргө кез келе баштадым. Аристотель айтмакчы, кызыгуу ар кишинин табиятында бар эмеспи. Маселен, адамдын руханий дүйнөсүндө зор орду бар музыканы угууга тыюу салынгандыгы ошол учурдагы догмаларымдан алган алгачкы сокку болчу.

Эмне үчүн намаз окуу эң башкы ибадат, эмне үчүн орозо тутабыз, эмне үчүн мечитте окулган намаз 27 эсе сооптуу болот, кедейлердин кыйынчылыкта жашашы алардын тагдырында жазылганбы, молдо же аалымдар кадимки эле кишилерби, же Кудайдын өзгөчө кулдарыбы деген сыяктуу суроолор күндөн-күнгө башымды тикен чөптөр менен чырмай берди.

Ошол кезде булардын баарын башкарып турган бир Кудай бар деп түшүнчүмүн. Бирок: адамдын табиятына, ырахат алуусуна каршы чыккан, музыка угуусун тыйган, адам деген ыйык макулук ачкачылык деген түйшүк менен алышып жатса, аларга жардам берүүнү эмес, намаз окууну эң маанилүү ибадат деп белгилеген, орозо айында бизди ачка коюп, сынаган соң сооп берген, жакшы же жаман адам болушту биздин эркибизден тышкары маңдайга жазган, кийин жакшыны бейишке киргизип, жаманды тозокко кириптер кылган Кудай түшүнүгүм мени аябай кыйнады. Азыр да он, жүз миңдеген, балким, миллиондогон мусулманды ойлондуруп жатса керек бул сыяктуу суроолор.

Кийин чындап эле "дегеле Кудай барбы өзү?" деп ойлоно баштадым. Бул суроолордун жообун менин оюмдагы жарым Кудай-жарым адам болгон молдо билсе керек дечүмүн. Бирок эркин ой жүгүртүүнүн өзүн чектеп, тозок же көр азабы менен коркутуп койгондуктан, томсоруп сурай албай кала берчүмүн.

Акыры күчтү топтоп, атам менен апамдан сурамай болдум. Чай ичип баарлашып олтурушкан экен. "Менде бир суроо бар" деп сөзгө кошула калдым.

"Чын эле Кудай барбы? Бар болсо далилдеп бериңиздерчи?" дей койдум. Үнсүздүк өкүм сүрүп, жүрөгүм түшө баштады.

Акыры атам менен апам бири-бирин карап "Мындан кийин андай суроону бербей жүргүн, күнөө болот", - деп менин акыйкатка карай алган жолумду да соңуна чыгарып коюшту. Бирок аларды эч күнөөлөбөйм. Анткени билим деңгээли ошого жетет болчу.

Көпчүлүк ичинде жалгыз калуу деген абалды мына ошондо түшүндүм; күн сайын жан дүйнөмдү эзген согуш, бирок эч кимге айта албайм, бөлүшө албайм. Ансыз деле акыретим карарып бүттү го деп ишенип калган элем.

Менин классташтарым кези келгенде окуп, кези келгенде шапар тээп, концерттерге, экскурсияларга барышчу, жеке хоббилери менен эрмектешчү, көпчүлүгүнүн алгачкы махабаттары бар эле... Кыскасы, жашоолору керемет болчу. А мен болсо бешиктен белим чыга элек туруп, "Кудайды" издеп, бирок аны сүйгөндөн мурда коркконду үйрөнгөм, али бул дүйнөнүн ырахатын көрбөй жатып, акырет жолуна түшкөм.

Жашырганда эмне, ичим күйчү. Бирок башка теңтуштарымдын кылганы толугу менен күнөө, а мен болсо Кудайга жагып жатам деп өзүмдү өзүм сооротчумун...

Пайгамбардын "Илим Кытайда болсо да барып үйрөн", "Мечиттен мазарга чейин илим изде" деген насааттарына канчалык кулак салып жатабыз?
Элмурат Кочкор уулу

Арадан он беш жылдан ашуун убакыт өтүптүр. Ал ортодо диний жаатта билим алдым, азыр да алып жатам. Жылдар бою тынчымды алган суроолорго жоопторду таптым.

Ал учурда мага үйрөткөн динзар киши беш убак мечитке каттаган, орозо туткан, зикир чалган, дааватка чыккан, аялына жоолук салындырган ж.б.у.с. өзгөчөлүктөргө ээ болчу. Таң калычтуу...

Динзар кишинин өзгөчөлүгү катары мектепти жакшы бүтүрүп, университетте билим алган, кесибин мыкты аткарган, интеллектуал, аялына сылык мамиле кылган, балдарынын эркиндигин чектебеген деген өзгөчөлүктөр дээрлик кездешпейт эле.

Акыйкатта Курандын эң биринчи түшүрүлгөн аяты "Оку!" деген буйрук эмес беле? Курандын жети жүзгө чукул жеринде "билим" сөзүнүн уңгусунан тараган сөздөр кездешкенин, эки жүз жетимиш үч жеринде "акыл калча, ой жүгүрт, терең ойлон" деген Кудайдын эскертүүлөрүн жеткире түшүнүп жатабызбы?

Пайгамбардын "Илим Кытайда болсо да барып үйрөн", "Мечиттен мазарга чейин илим изде" деген насааттарына канчалык кулак салып жатабыз?

Тообо, коомдун эң орчундуу маселелери болгон билимсиздик/түркөйлүк, паракорлук, үй-бүлөлүк чыр-чатак, аялдарга жана балдарга зулумдук, теңсиздик сыяктуу коомдун дээрлик бардык катмарын түйшүккө салган маселелерди чечүү деген ыйык парз эмне үчүн эң маанилүү ибадат болбошу керек?

Ибадат кылуу - кулдук кылуу деген мааниге келет. Биз Кудайга түздөн-түз белек сунуп бере албайбыз. Кудай - абстракттуу зат, ал эми биз - конкреттүү макулуктарбыз. Демек, Кудайга жакындоо - жер бетиндеги Кудайга эң жакын макулукка пайда келтирүү, жакшылык кылуу менен гана мүмкүн болот го дейм.

Бала кезимде күнөөлөгөн Кудайдын кандай пакиза экенин аңдап түшүндүм. Орозону менин руханий таалим-тарбияма, аны менен кошо ден соолугума пайда келтирүү үчүн буюрганын көрдүм. Адамзаттын өнөкөт оорусу болгон түркөйлүктөн кутулуум үчүн алгач "Оку!" деп буюрганын көрдүм.

Менин жакшы же жаман адам болушумду бешенеме жазбаганын, өз эркимди өз колума бергенин, бизди куурчак сыяктуу ойнотуп жатпаганын билдим. Намаз баш болуп баардык ибадаттарды адеп-ахлактуу болууга көмөк көрсөтсүн деп буюрганын аңдадым.

Тактап айтканда, эң башкы максат - бул намаз окуу, орозо тутуу менен гана чектелип калуу эмес, ошол ибадаттардан таасир алып, адеп-ахлактуу болуп жашоо экендигин түшүндүм.

Айрым Кудайдын атынан сүйлөгөн кишилер динди татаалдаштырып таштаганына күбө болдум. Менин балалыктын кереметин татпай калышыма себеп - Кудайдын өзү эмес эле, биздин Кудай жөнүндө тайкы түшүнүгүбүз экенин баамдадым.

Менин балалыгымды уурдагандар Кудай эмес, чала молдолор экенин, түркөйлүгүбүз экенин түшүндүм.

Ошондуктан, мага окшогон миңдеген азиз балдардын балалыгын жалган нерселер менен уурдабагыла, башын айлантпагыла демекчимин.

Заманбап кыргыз дин таануу адиси Элмурат Кочкор уулу. 2012.
Заманбап кыргыз дин таануу адиси Элмурат Кочкор уулу. 2012.

Диндин максаты - адамды адам кылуу экенин баамдайлы.

Адамдар тайыз диний ырым-жырымдар менен өмүрүн коротуш үчүн жаратылбаганын түшүнөлү. Кудайдын максаты - пенделерин коркутуу эмес, жарыкчылыкта жакшы жашоосуна жардам берүү экенин билели.

Элмурат Кочкор уулу,

Түркиянын Кайсери шаарындагы Эржийес университетинин (Erciyes Üniversitesi) докторанты.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG