Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:53

Алымбаев: Кокон хандыгында дин бийликке кызмат кылган


Исак Асан уулу (1844-1876) орус оторчуларына каршы улуу көтөрүлүштү "Полот хан" деген ат менен жетектеген кыргыз молдо болгон.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Жээнбек Алымбаев Кокон хандыгындагы диний кырдаал кандай болгону жөнүндө айтып берди.

Айрым эксперттердин баамында, Борбор Азиядагы радикал топтордун кээ бирлери Кокон хандыгын кайра жандандырууга аракет кылууда. Ал топтор Фергана, Анжыян, Наманган, Ош шаарларынын баш тамгаларынан түзүлгөн "ФАНО" деген жикчил аймакты түптөөнү көздөйт. "Кокон хандыгы кандай мамлекет болгон? Дин Кокон хандыгында кандай ролду аткарган? Шарыят эрежелери кандайча ишке ашкан?" деген суроолорго жооп издеп, тарыхчыларга кайрылдык.

​Бул ирет Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Жээнбек Алымбаевди Кокон хандыгындагы диний кырдаал тууралуу кепке тарттык.

КТМУнун профессору Жээнбек Алымбаев. 19.12.2012.
КТМУнун профессору Жээнбек Алымбаев. 19.12.2012.

"Азаттык": Кокон хандыгы диний мамлекет болгонбу? Биздин жарандарыбыздын арасында Кокон хандыгын диний мамлекет деп санагандар да аз эмес.

Жээнбек Алымбаев: Кокон хандыгы этностук тарыхы боюнча татаал эки чоң топтон турган. Тагыраак айтканда “сартиййалар” тобунан жана “илатиййа” тобунан турган. Сартиййа деген негизинен отурукташкан калк. Ал эми илатиййа деген - бул көчмөн калк.

Көчмөндөр көбүнчө тоолуу аймактарда жашап, мал чарбачылык жүргүзүшкөн, алардын тобун негизинен кыргыздар, кыпчактар түзүшкөн. Аталган этностук топтордун динге карата болгон мамилеси, динди сыйлоосу, динди, шариятты тутканы күнүмдүк турмушунда айырмалуу болгон.

Ооба, Кокон хандыгынын түптөлүшүндө, анын тарыхында ислам дининин ролу чоң. Ордо бийлигинде, мамлекетти башкарууда дин өкүлдөрүнүн ой-пикирлери, сунуштары, кеңештери маанилүү, айрым учурда чечүүчү да ролдо болгон.

Кокон хандыгында бүгүнкү сөз менен айтканда, диний элиталар болгон. Ордодо тийиштүү кызматтарды ээлеп турушкан. Аларга шейх-ал ислам, кожо-калаң, халиф, шайх (шайык) сыяктуу диний наамдар болуп, алар кызматтарды аткарышкан.

Демек, дин элиталары өз алдынча страттарга (катмарларга) бөлүнүшкөн. Диний элиталар ханга кеңеш берип, ички-тышкы саясат жүргүзүүдө, чечим кабыл алууда чоң роль ойноп келишкен. Алардын кол тийбестик статусу болгон.

Бирок ошол эле учурда хандардын баары эле дин өкүлдөрү менен акылдашып, алардын кеп-кеңешин угуп турушкан беле? Бардык эле хандар эмес. Алсак, “зулум”, “каардуу” аталган Алимхан дин өкүлдөрүн дайыма текшерип, аларга “ревизия” жасап, аларды коркутуп да турган. Тарыхый булактарда ушундай маалыматтар кездешет.

"Азаттык": Бир адамдын хан болушу үчүн сиз айткан топтордон, катмарлардан келиши шарт беле?

Жээнбек Алымбаев: Монгол доорунан кийинки пайда болгон (Борбор Азиядагы) мамлекеттердин көпчүлүгүндө хан өз бийлигин легитимдештирүү үчүн бийликтин эки булагын колдонгон.

Бул түздөн-түз Кокон хандыгына таандык. Бул “чыңгызийлик” булак. Экинчиси - исламдык булак. Бийликти мыйзамдаштыруунун исламдык модели хандыкта бийликтин булагынын бири болгон.

Кокондогу Мир медресеси жана жамы мечити.
Кокондогу Мир медресеси жана жамы мечити.

Маселен, Омор хан өзүнүн бийлигин мыйзамдаштыруу жана өзүнүн бийлигин укумдан-тукумга калтырыш үчүн, эл ошол учурда анын бийлигин тааныш үчүн кандайдыр идеология ойлоп табышы керек. Ага аракет кыла баштаган. Ал идеологияны жараткан. Өз бийлигин мыйзамдаштыруу үчүн “Алтын Бешик” уламышын жараткан.

Омор өзүнүн тегине байланышкан генеалогияны (санжыралык тизимди) түзүүгө буйрук берген. Омор өзүнүн тегин ата жагынан Чыңгыз хандын урпактарына алып барып такаган. Энек жагынан “сайиддерден” (халиф Алиге барып такалган "сейиттерден") тараганбыз деген санжыралык тизме түздүрүп, элге жарыя кылган.

Демек, энесинин тукуму сайиддерден тараган болсо, атасы Чыңгыз хандын тукумунун болсо, анда хандын бийлиги “мыйзамдуу”, “легитимдүү” жана анын бийлиги сакралдуу (ыйык) деген идея, элдин аң- сезиминен орун алган. Ага элдин ишеними арткан.

Өз бийлигин чындоонун бирден-бир каражаты катары Кокон ханы ислам динин колдонгон. Демек, бийликти мыйзамдаштыруу үчүн ислам фактору чоң роль ойногон. Бирок ошол эле мезгилде Кокон хандыгында хан дин өкүлдөрү шариятка карабастан, хандын айтканындай жасап, шариятты бузган фактылары да бар.

"Азаттык": Шариятты хандын каалоосуна ылайык бузушканбы?

Жээнбек Алымбаев: Хандын каалоосуна ылайык. Айталы, 1842-жылы Мадали хан бийликтен кетүүгө аргасыз болгон.

Бухара эмирлиги ага: “Сен дин бузарсың, сен шариятты бузуп, өзүңдүн өгөй апаңа үйлөндүң" деген айып коюп, натыйжада Бухара эмирлиги Кокон хандыгын басып алган. "Дин бузар ханды жок кылыш керек" деген кине менен ханды өлтүрүшкөн.

"Азаттык": Молдолор өздөрү уруксат беришкенби?

Жээнбек Алымбаев: Мадали хан Омор хан өлгөндөн кийин жаш өгөй апасына (Айчучук аттуу) ашык болуп, анан төрт молдону чакырып: “Өз атасы менен жыныстык катнашта болгон аял менен мамиле кылууга уруксат берилеби?” - деген маселени коёт. Молдолор хандын суроосуна ал каалагандай жооп таба алышкан эмес.

Молдолордун бирөөсү: «Бул кыз атаңыздын гаремиңдеги кыз, ал сизге шарият боюнча эне болуп эсептелет, ошол үчүн ага үйлөнүшүңүз туура эмес», - деп айтат.

Ага карабастан Мадали: “Ага үйлөнүүгө жол тапкыла!. Антпесеңер баарыңардын башыңарды алам!” - деп буйрук берген.

Арадан көп өтпөй молдолор хан талап кылган буйрукту аткарып, риваят жазып келишкен. Бул чечимдин негизинде Мадали хан өзүнүн өгөй апасына үйлөнүп алган.

Бирок Омор хандын жесири, Мадалинин сүйгөнү Айчучук айымдын сулуулугуна ашык болгон Бухара эмири сулууну кийин өз гаремине алып кетип, ага өзү үйлөнгөн. Айчучук сулуу башка бирөөнүн аялы болушун каалабаган эмир Насрулла өзү көз жумгандан кийин Айчучукту да өлтүрүүгө өзү өлөр алдында буйрук берген. Өз доорундагы сулуулуктун эталону болгон Айчучук сулуунун тагдыры ушинтип аяктаган.

"Азаттык": Шарият эрежелери катардагы эл үчүн кандай иштеген?

Жээнбек Алымбаев: Кокон хандыгында шарият кынтыксыз аткарылган деп айта албайбыз. Шарият тартиби хандын өз чечимине жараша болгон, өзгөргөн. Хан өз кызыкчылыгына жараша да бузуп турган. Жогоруда мисал келтирбедикпи.

Ошондуктан абсолюттук түрдө Кокон хандыгы исламдашкан диний мамлекет деп айта албайбыз. Анткени мамлекетти башкаруу системасында (мисалы ордодогу ырасымдар, жөрөлгөлөр, кызмат адамдарынын функциялары) исламдык эмес, тескерисинче түрк- чыңгызийлик секулярдык салттар сакталып калган. Ошондуктан бул жерде Кокон хандыгын толук исламдашкан мамлекет деп айта албайбыз.

"Азаттык": Соттор кандай чечим чыгарган?

Жээнбек Алымбаев: Соттор болгон. Негизинен соттордун үч түрүн айтууга болот: казы-кальян - жогорку сот, казы-раис - динди коргогон сот, казы-аскер - аскер соту.

Жазалоо тартиби болгон. Алсак, ташбараңга алуу, бармагын кесүү, ордого салуу сыяктуу. Соттор чындыгында хандын каалосуна жараша чечим чыгарган. Толук эле диний мамлекет болгон эмес дегенден алысмын.

Шарияттын аткарылышын, нормаларын сакташ үчүн иш-аракеттер жасалган, дин элиталары аркылуу. Дин элиталарынын материалдык кызыкчылыктары да болгон да! Алсак, салык төлөө маселесинде. Сайиддик статусу барлар салык төлөөдөн бошотулган. Бирок диний салыктарды алып турган (мисалы, садага берүү, той-тамашаларда белек берүү ж.б).

Хандыкта салыктын жыйырмадай түрү болгон. Алар диний жана мамлекеттик салыктар.

"Азаттык": Кокон хандыгында башка диндин өкүлдөрү да жашаганбы, алардын абалы кандай болгон? Өздөрүнүн диний ишенимине жараша жашай алганбы?

Саясий күрөш кыргыз-кыпчак, тажик-өзбек ж.б. топтордун ортосунда жүргөн. Хандардын көпчүлүгү саясий күрөштүн курмандыгы болушкан. Кокон хандыгында 20га жакын хан башкарса, алардын дээрлик көпчүлүгү так талашуунун курмандыгы болушкан.

Жээнбек Алымбаев: "Бул динге ишенесиңби, ишенбейсиңби?" деген тыюу салуу боюнча фактыларды тарыхый булактардан жолуктурган жокмун.

Башка динди кабыл алуу же башка динге өтүп кетүү деген фактылар да кездешпейт. Булактарда Кокон хандыгында 2 миңге жакын башка диндеги калк жашаган деген маалыматтар бар.

Бирок диний жана саясий кызыкчылыктардан улам Кокон хандыгы пайда болгондон тарта кулаганга чейинки мезгилде ордодо так талашуу жүрүп турган.

Төңкөрүштүн көпчүлүгү эки-үч улуттун ортосунда жүргөн. Саясий күрөш кыргыз-кыпчак, тажик-өзбек ж.б. топтордун ортосунда жүргөн. Хандардын көпчүлүгү саясий күрөштүн курмандыгы болушкан. Кокон хандыгында 20га жакын хан башкарса, алардын дээрлик көпчүлүгү так талашуунун курмандыгы болушкан.

Интрига, кутум, буюртма өлүмдөр көп болгон. Бийликке жетиш үчүн саясий күрөштүн ар кыл формалары колдонулуп келген. Бийликке жетиш үчүн жакын тууганын, кайнатасын ж.б. курмандыкка чалуу кайталанып турган. Ошондон улам тарыхта “Кокон варианты” деген сөз калган.

"Азаттык": Хандар дин кызматкерлеринин колдоосун алышканбы?

Жээнбек Алымбаев: Так талашуу негизинен көчмөн жана отурукташкан калк арасында жүргөн. Кээ бир учурларда диний факторлор үстөмдүк кылган. Дин бузарга каршы согуштарды жарыялап турган.

1842-ж. коңшулаш Бухара мамлекети "исламды бузду, ислам дининдеги негизги эрежени - шариятты бузду" деп Мадали ханды өлтүргөнү факт.

Бухара хандыгы - негизинен исламды жайылтууга, аны дагы тезирээк реформалап, башкаруу чөйрөсүнө киргизүүгө аракет кылган хандыктардын бири.

Махлар айым Рахманкул бий кызы - өз ырларын “Надира” (“Надира бегим”) адабий аты менен жазган кокондук акын.
Махлар айым Рахманкул бий кызы - өз ырларын “Надира” (“Надира бегим”) адабий аты менен жазган кокондук акын.

"Азаттык": Мадали хан диний себептер менен өлтүрүлүп жатабы же аны динди шылтоолоп өлтүрүштүбү?

Жээнбек Алымбаев: Бухара менен Кокондун арасында дайыма аймактык жактан талаш болуп келген. Аймагын кеңейтиш үчүн Кокон менен Бухаранын арасында согуш болуп келген. Мадали хандын жогорудагы көрүнүшүн шылтоо катары караш керек.

Бухара хандыгынын негизги максаты - Коконду каратып алуу болгон. Эки хандыктын ортосундагы жаңжалдар мурдатан эле болуп келген.

"Азаттык": Кокон хандыгынын башка мусулман мамлекеттери менен мамилеси кандай болгон?

Жээнбек Алымбаев: Бухара хандыгы менен Кокондун ортосунда аймактык маселеде жаңжалдар улам болуп турганын белгиледик. Аймактык жактан жаралган карама-каршылыктар Чыгыш Түркстан аймагындагы Кашкар хандыгы, Цин дөөлөтү менен Кокон хандыгынын ортосунда да болуп келген. Ошол эле учурда Кокон хандыгы башка мусулман мамлекеттери: Бухара, Хива, Кашкар жана падышалык Орусия империясы менен соода мамилелерин жүргүзүп келген.

Мурдагы Кокон хандыгында датка айым болгон Курманжан Датка П.Пеллио, К.Г.Маннергейм жана небереси менен. 1906-жыл.
Мурдагы Кокон хандыгында датка айым болгон Курманжан Датка П.Пеллио, К.Г.Маннергейм жана небереси менен. 1906-жыл.

"Азаттык": Айрым аналитикалык материалдарда азыркы учурда кээ бир радикалдык топтор мурунку Кокон хандыгынын аймагында, Фергана өрөөнүндө “ФАНО” деген аталыштагы (“ФАНО”- Фергана, Анжыян, Наманган, Ош) аталыштагы жикчил аймакты түптөө максатын көздөгөнү айтылат. Чын эле ушундай нерсе барбы?

Жээнбек Алымбаев: 1990-жылдарда Ош окуясы болгон убакта кээ бир радикалдык күчтөр тарабынан Фергана өрөөнүндө мурдагы Кокон хандыгын калыбына келтирүү максатында ФАНО аттуу мамлекетти түзүү идеясы көтөрүлгөн “имиш” деген сөздөр айтылган. Менде бул боюнча даректүү маалыматтар жок. Бул сөздү куру идея катары кабыл алуу керек.

"Азаттык": Кокон хандыгын өрнөк катары алган кандайдыр топтор да бар. Кокон хандыгы диний бир мамлекет катары өрнөк боло алабы?

Жээнбек Алымбаев: Кокон хандыгын этностук курамы боюнча отурукташкан жана көчмөн калк түзгөнүн башында белгилеп өттүк. Аны толук исламдашкан мамлекет болгон деп айтуудан алысмын. Кайсы бир деңгээлде дин өкүлдөрү хандыктын ички-тышкы турмушунда чоң роль ойноп келишкен.

Ошол эле учурда хандыктын башкаруу чөйрөсүндө орто кылымдардагы динге толук байланбаган чыңгызийлик-түрк башкаруу принциптери сакталып кала берген.

"Азаттык": Жалаң эле диний эмес экен да?

Жээнбек Алымбаев: Жалаң эле диний эмес. Бардык көчмөндөр толук исламдашып кеткен деп айта албайбыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG