Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

"Таблиги жамааттын" таасири, ШКУнун талабы


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеӊештин тиешелүү комитети “Шанхай Кызматташтык Уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырды.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттерде тыюу салынган "Таблиги жамаат" уюмунун Кыргызстандагы эркин ишмердигинин тобокелдиги канчалык, дегеле диний радикализмди, экстремизмдин алдын алуучу чаралар, саясат кандай болушу керек? Ушул жана башка маселелер “Арай көз чарай” берүүбүздө талкууланды.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жана серепчи Искендер Ормон уулу катышты.

“Азаттык”: Исхак мырза, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Астана шаарында 2017-жылы кабыл алынган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Ага ылайык эми ШКУга мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын Кыргызстан тааныйт, ага ылайык келтирет десек болобу?

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Исхак Масалиев: Мен "биз, бул конвенцияга кошулгандан кийин айрым дин уюмдарын чектеген Орусия, Өзбекстан, Казакстан менен көз карашыбыз, мамилебиз кандай болот" деп суроо бердим. Эгерде, алар биздин жарандарды өз аймагында кылмыш кылды деп тапса, бизге келсе маселени кантип чечебиз деген суроо боюнча турат.

“Азаттык”: Эми бул конвенция күчүнө кирип, иштей баштаганда Кыргызстандын соту башка өлкөлөрдө жабылган “Таблиги жамаат” уюмунун ишине тыюу салган чечим чыгарышы керекпи?

Исхак Масалиев: Андай эмес, конвенцияда "улуттук мыйзамдарга дал келсе" деген жери бар. ШКУга мүчө мамлекеттер башка өлкөлөрдүн мыйзамдарын да сыйлашы керек. Мамлекеттер маселени сүйлөшүү аркылуу чечиши зарыл. Башкалар тыюу салса биз дагы жаап салышыбыз керек деп эч жерде жазылган эмес. “Кыргызстанда уруксат берилген, силер да ачып койгула” деп биз да алардан талап кыла албайбыз. Бул конвенция жаңы багыт болуп жаткандыктан, кошумча макулдашуулар, сүйлөшүүлөр болот деп ойлойм.

“Азаттык”: Искендер мырза, Кыргызстанда ислам диний агымдарынын так саны барбы? Алар кандай иш алып барат, башка жакта тыюу салынгандар бизде ээн-эркин жүрүшөт деген пикирлер аз эмес…

“Таблиги жамаат” уюму бүгүн эле пайда болгон жок, алар биздин коомдо көп жылдан бери ишмердүүлүгүн аткарып келет.
Искендер Ормон уулу

Искендер Ормон уулу: Кыргызстандагы диний агымдар ар кандай багытта жана көп түрдүү. Биз эгемендик алгандан бери динге байланыштуу агымдар көбөйдү, чет жактан ар кандай багыттагы уюмдар келүүдө.

Албетте, бизде Конституциябызды, мыйзамдарыбызды сыйлаган, улуттук баалуулуктарга каршы келтирбей иш жүргүзгөн уюмдар аз эмес. Чоң-кичине болуп иштеп жаткан уюмдардын санын так айтуу да кыйын. Бирок аларды жүргүзүп жаткан ишинин көлөмү, формасы жагынан да салыштырып болбойт.

“Азаттык”: Искен мырза, "Таблиги жамаат" уюму башка өлкөлөрдө тыюу салынганы менен Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы анын өлкөгө коркунучу жок экенин айтып жатат. Мынчалык айырмалуу мамиленин себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Искендер Ормон уулу
Искендер Ормон уулу

Искендер Ормон уулу: Кыргызстандын укук коргоо органдары өз талдоолорунан, корутундуларынан улам ошондой пикирди айтып жатса керек.

“Таблиги жамаат” уюму бүгүн эле пайда болгон жок, алар биздин коомдо көп жылдан бери ишмердүүлүгүн аткарып келет.

Биз эгемен өлкөбүз, өзүбүздүн укуктук базабыз бар. Башкалар тыюу салган нерселерди Кыргызстан да көчүрүп алышы керек деген туура эмес. Ошол тыюу салган Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан болобу, алардын башкаруу системасы, авторитардык режими, саясий маданияты, элдин социалдык басып өткөн тарыхы Кыргызстандан бир топ айырмаланып турат. Биз тыюу салуу менен эле күткөн натыйжага жетише албайбыз.

Ошол эле Тажикстанда тыюу салынган уюмдар ийинге кирип, жашыруун иштеп күчөгөн мисалдар бар. Радикалдашып кеткендери да жок эмес. Бизде жакшы жазылган дин боюнча концепция, Коопсуздук кеңешинин чечимдери турат. Ишибизди аларга ылайык келтиришибиз керек. Ал жамааттар менен иштеп, алардын жаңыланышына жардам беришибиз керек.

“Азаттык”: Конвенция Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин экстремизмге биргеликте каршы аракеттенүү, укуктук жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү өз ара механизмдерин түзүүгө жол ачат, деп айтылат, ошол эле учурда анын шылтоосу менен адамдарды куугунтуктоо да күчөйт деген кооптонуулар бар...

Кыргызстанда 3 миңге жакын молдокелер болсо, алардын көбү айткан сөзүнүн мазмунун билишпейт. Себеби, алар араб тилин жакшы түшүнбөйт, көбүнчө жатташат.
Исхак Масалиев.

Исхак Масалиев: Мен ал коркунучтарга кошулбайм. Азыр экстремизмдин чек арасы жок.

Бирөө Стамбулда отуруп, Бишкекте теракт кылгысы келет же Бишкекте туруп алып Тажикстанда жаман ниетин ишке ашырууну көздөйт. Бизде чоң көйгөйлөр башка жакта.

Биринчиден, дин менен иштеген кызматкерлердин билим деңгээли жетиштүү эмес, мен бул жерде дин иштери боюнча комиссиянын иши жөнүндө айтып жатам. Алардын көбү араб тилин, Куранды билишпейт.

Экинчиден, Кыргызстанда 3 миңге жакын молдокелер болсо, алардын көбү айткан сөзүнүн мазмунун билишпейт. Себеби, алар араб тилин жакшы түшүнбөйт, көбүнчө жатташат. Бизге биргелешкен аракеттер жетишпей жатат…

2009-жылы Коопсуздук кеңеши “Таблиги жамаат” уюмун жабылсын деп сунуш берген, эмнегедир ал токтоп калган…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Таблиги жамааттын" таасири, ШКУнун талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:56 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG