Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Төкмө акындарды бөлгөн ишеним


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы жылдары белгилүү төкмө акындар өлкөдөгү маанилүү мааракелердеги айтыштарга ар кандай себептер менен катышпай жатышат.

Ошондой эле диний ишенимден улам акындар ортосунда ажырым пайда болгону чыгармачыл чөйрөдө ачык эле айтылып келет. Өнөр адамдарынын арасындагы мындай көрүнүш акындык өнөрдүн өнүгүшүнө кандай таасир этет?

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кырчын жайлоосунда Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынына арналган кыргыз-казак айтышына күбө болгон коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев бул жолку кыргыз акындарынын өнөрү купулуна толбогонун айтты.

- Бул айтышка ичим чыккан жок, абдан көптү үмүт кылып баргам. Баягы эле кайталанма болду. “Бээнин эки эмчегин эмип, төөнүн эки өркөчүнө отуруп, сенин да бетиң жапжалпак, менин да бетим жапжалпак, анан “ш” менен “с” болбосо окшошпуз” - деген сыяктуу тапталган эле сөздөр. Илгери Ашыраалы Айталиев айтышып жүргөн убактагы эле кептер. Акындар үйүнөн жогорку философиялык ойлорду жамактап даярдап келип, күпүлдөп төгүп келатып эле анан казактардын капыл-тапыл берген суроосуна жооп таба албай кайпалактап калышат. Алар такалып калганда акын эмес менин чекем тердеп кетти.

Мурат Жетимишбаев кыргыз эмес, казак акындарынын көпчүлүгүнүн атын билген, бардык акындар айтыштарын үзбөй көрүп келаткан төкмөлүк өнөрдүн чыныгы күйөрманы. Ал ушундай мааракелердеги айтыштардын супсак болуп жатканын белгилүү акындардын айтыштарга катышпай калганынан көрөт.

- Алардын ортосунда эмне болгонун билбейм. Алардын ашканасына аралашкан эмесмин. Бирок ажырым бар экени сезилип турат. Жеңишбек менен Аалыны "Фейсбукта" күнөөлөп жатпайбы “динчил” болуп кетти деп. Мен ага кошулбайм, алар ресторандарда ырдап эле жүрүшөт. Андыктан диндин тиешеси жок болушу керек. Намазын окуй беришсин, бирок ушундай жерге келип ырдап коюш парз болчу. Ал эми Элмирбек иним карып калдым деп жатабы билбейм. Ушундай айтыштарда намыс үчүн келип коюшпайбы.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган XII эл аралык айтыштын сыноо турунан баштап алгандар отуздан ашык кыргыз акындары катышты.

Анда баш байгени жеңип алган төкмө Асылбек Маратов айтыш жогорку деңгээлде өттү деп эсептейт. “Айтыш” коомдук фондунун тең төрагасы катары Асылбек Маратов сынакка бардык акындар чакырылганын, тандоо турлары калыстык менен өткөнүн белгиледи.

Элмирбек Иманалиевдин шакирти болуп жүргөн Маратов ким кандай ишенимде болбосун акындар ортосундагы пикир келишпестик жок деп ишенет.

- Жалпы жолунан айтыш жакшы өттү. Чоң акындардын келбей калган себеби ар кандай, бирок баарына айтылган. Элмирбек, Жеңишбек байкелер жаштарга орун берүү керек дешет. Негигизи, Элмирбек байке 2014-жылдан бери эл аралык айтыштарга катышпай жүрөт. Өзүнөн сурасак “шакирттер менен байге талашсам, мага жол берип коюшат, андан көрө жаштар чыксын” деген ойду айткан. Эми айтыш, өнөр бөлүнбөйт. Ар бир акындын тандаган жолу, өзүнүн ишеними бар. Акындар бөлүнүп жатат дегенге негиз жок.

Анткен менен көп жылдардан бери айтыш сынактарында калыстык кылып жүргөн жазуучу Олжобай Шакир төкмөлөр арасында диний ишенимден улам бөлүнүп, көз караштары туура келбей калгандар бар экенин ачык айтты. Олжобай Шакирдин пикиринде бул жалпы кыргыздын акындык өнөрүнө терс таасирин тийгизип жатат.

- Эми ал жашыруун эмес, сокурга да көрүнүп калбадыбы. Анысы деле пендечиликтен улам чыкты да. Бири диний көр карашта, бири светтик көз карашта болуп атышат. Диний көз караштагы акындар Жеңишбек, Аалынын шакирттери чыгып атат. Эми ошол ажырымды “Айтыш” фондуну бириктирүүгө аракет кылышы керек. Диний көз карашты коюп, өнөрдү өстүрүү үчүн ынтымакка келиши керек. Жеңишбек, Аалы, Элмирбек айтышка катышпай жатышат. Дасыккан төкмөлөрдүн атаандаштыкка чыкпай атканы пендечилик менменсинүү.

Төкмө акындар Аалы Туткучев менен Жеңишбек Жумакадыр
Төкмө акындар Аалы Туткучев менен Жеңишбек Жумакадыр

Жогоруда айтылган акын Жеңишбек Жумакадыр менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду. Ал эми Аалы Туткучов айтыш сынактарынан эмнеге алыстап кеткенин мындайча түшүндүрдү:

- Жеке өзүмдүн айтыштарга катышпай калганым тууралуу айтсам, шакирт балдарга жол бердим. Балдарыбыз такшалып калганына байланыштуу алар менен байге талашып жүргөнүмдүн өзү ыңгайсыз экен. Эми айтыштардан алыстадым, тоготпой калдым дегенден алысмын. Чынын айтканда мен дагы аябай буулугам, эңсейм, самайм... Айтышкым келет, айтышты ушунчалык сагындым. Бирок бул айтышты эмес, мурдагы чын дилден өткөн айтыштарды сагындым.

Аалы акын акыркы өткөргөн айтыштарында калыстар акыйкаттыктан тайган учурлары болгонун, бул нерсе азыр шакирттери катышкан сынактарда дагы байкалып жатканын айтты. Ал эми акындар арасындагы ажырым боюнча мындай жооп берди:

- Мисалы, мен сакал коюп, чапан кийип алып, комузумду ыргытып жиберип “төрт айга Бангладешке жөнөдүм” деп кетип калсам бир жөн. Биздин балдар дагы эч кандай жаман жолго барышкан жок. Тескерисинче, ошол биздин балдарыбызды сөз кылып аткан балдардын көбү кыргыздын баалуулугун, нарктуулугун сактап жүрө албашы мүмкүн. Эми жеке ишеним, ички туюмга башкалардын тиешеси болбошу керек.

Элдин жүрөгүнөн түнөк таапкан айтыш өнөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы ажырым биринчи жолу көтөрүлүп отурган жок. Маселен, 2016-жылы Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата өткөрүлгөн республикалык айтыштын арты ич ара нааразылык менен коштолгон. Анда айрым акындар калыстар туура баалай алышпады деп таарынса, дагы бири төкмө акындардын дымагы ашынып кеткенин айтып сындаган.

Белгилүү төкмөлөр Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучов акындар арасында курч айтыштары, коомдогу ар кандай окуяларга азил-тамаша аралаш кескин сын айткандары менен өзгөчөлөнүп турушат. Ал эми 13-14 жашынан баштап колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган Элмирбек Иманалиев калк жактырып уккан бир нече обондордун автору, жазма акын, театр актеру, манасчы катары таанымал. Иманалиев казактын залкар акындарынын ырларын, термелерин дагы жатка айтат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG