Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:03

Abai.kz интернет сайтында “Кыргыз акындары казакты кырына алды. Неге?” деген темада жарыяланган макала казакстандык интернет колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаратууда.

Сайттагы макалада кыргызстандык белгилүү эки төкмө акын казак элин мазактап ырдады деп айыптап, башка бир сайтта бул үчүн Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги кечирим сураганы да айтылат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да, элчилик да бул маалыматка комментарий бере элек. Кыргызстандык өнөрпоздор болсо эки элдин төкмөлөрү байыртан далай кызуу айтыштар менен эл оозунда келатканын белгилешип, андан эки эл зыян тартпайт деп эсептешет.

Казак акындар капа

Аалы Туткучев менен Азамат Болгонбаев
Аалы Туткучев менен Азамат Болгонбаев

Abai.kz интернет сайтына жарыяланган “Кыргыз акындары казакты кырына алды. Неге?” аттуу макалада кыргызстандык эки төкмө акын Аалы Туткучев менен Азамат Болгонбаевдин казактарга карата алым сабагы келтирилген. Анда Аалы:

Оңбогон казак тээтиги,

Какшатып кыргыз элимди,

Каркырага окшогон

Төрүмдү тартып алды эле,- деп, казакча обон созгон Азаматка минтип жатат:

Ажосу отел курам деп,

Көлүмдү тартып алды эле,

ЮНЕСКОго топтошуп,

Азамат болсо Аалыга мындай жооп кайтарган экен:

Ал ырас казак барып ЮНЕСКОго,

Ак боз үй биздики деп алып келет.

Казак сайты жарыялаган макалада автор эки акын бул айтышы аркылуу казак элин мазактады деген оюн билдирген.

Казак төкмө ырчысы Серик Калыев учурда эки кыргыз акынынын казак эли тууралуу ырдаган бул ыры жалпы казак акындарын капа кылып жатканын кеп кылды:

- Акын деген эки элди жараштырып, ынтымакка, достукка чакырыш керек деп ойлойм. Башка бир жерде отуруп бир улуттун атына сын айтуу ар бир эле акындын арына тие турган жагдай. Мисалы, сынды жеке менин башыма айтса аны көтөрүүгө болот. Ал эми жалпы калк тууралуу айтуу чоң жоопкерчиликти талап кылат. Эгер айтышып жаткан акындардын каршылашы казак болсо да анда кеп башка эле. Мисалы, биз эки казак акыны отуруп алып кайсы бир элди жамандап ырдаган эмеспиз. Ырдабайбыз дагы.

Калыев жеке өзү бул ыр үчүн эки акын казак элинен кечирим сурашы керек деп эсептейт.

"Көчө сөзүнө айландырбайлы"

“Айтыш” коомдук фондунун төрагасы Асылбек Марат уулунун айтымында, буга чейин казак ырчыларынын кыргыз элин сындап ырдаган айтыштары көп эле болгон. Бирок жергиликтүү акындар буга чейин андай ырларга олуттуу көңүл бурган эмес:

- Кыргыз эли айкөлдүк кылып кыргыз-казак айтышында кош байге берип келебиз. Бул ишти “Айтыш” коомдук фонду баштаган. Өткөндө 10-эл аралык айтышты өткөрдүк. Көптөгөн эле кыргыз акындары казактар өткөргөн айтыштарга барып катышып келет. Бирок мен билгенден Казакстанда өткөн айтыштарда бир да кыргыз акыны байгеге илине элек. Алардын атайын сыйлыгына гана ээ болобуз. Жалпы жонунан эки элдин акындарынын мамилеси жакшы эле. Эми ортодон ар кандай сөздөр чыгып жатканы чын. Бирок бул ар бир жеке адамдын өзүнүн маселеси. Жалпы элдин мамилесине тиешеси жок.

Кыргыз-казак ыр талашпайт

Кыргыз-казак эстрадасындагы жаш аткаруучулардын кызматташуусу, алардын эки элди жакындаштыруудагы ролу эки өлкөнүн расмий дипломатиялык каналдарын артка калтырды.

Эл артисти Элмирбек Иманалиев тарыхта кыргыз-казак төкмө акындарынын минтип бири-бирине катуу айтып алган учурлары көп эле жолу болуп келгенин, бирок чыгармачыл инсандар эртең эле кайра достошуп алышарын айтты:

- Бир-эки айтышка, же болбосо тарыхта болуп өткөн айрым окуяларга жалпы баа берүүгө мүмкүн эмес. Мүмкүн акындар сөздүн кызуусуна, учурдагы эмоцияга алдырып катуу айтып алыштары мүмкүн. Андыктан бул айтышка теригип, аны көчө сөзүнө айлантуунун кажети жок. Албетте, негизинен акындардын милдети “эрегиш чыкса элчи бол, эл-журтуңдун кенчи бол” деп Арстанбек акын айкандай эки элди ынтымакка чакыруу болушу керек.

Айтыш коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер эки акындын башка бир улутту сындап ырдаганын туура эмес экенин айтып, бирок айтыш өнөрү эл аралык деңгээлде талкууланып жатканы жакшы көрүнүш экенин кыстарды:

- Мени мындай реакция болуп жатканы кубандырат. Акындардын ырына, сөзүнө көңүл бурулуп жатканы мыкты көрүнүш. Ошол эле учурда эл аралык көңүл бөлүү акындарды кандайдыр бир жоопкерчиликке чакырышs керек.

"Элди кемсинтип ырдоо саясий сабатсыздык"

Казак сайттарында бул маселе боюнча Казакстандагы Кыргызстандын элчилиги казак калкынан кечирим сураганы, кыргыз өкмөтүнө акындарды жоопкерчиликке чакыруу боюнча тапшырма берилгени айтылган. Бирок бул маалымат боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өз пикирин билдирген жок.

Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Мирлан Самыйкожо сөз болуп жаткан маселе тууралуу мындай деди:

- Бул жерде мен так айтып кетишим керек: ар кимиси ар кайсы жерден чыгып эле кечирим сурап жатышат. Эки акындын айтышы эл аралык мамилелерге шек келтире турган айтыш эмес. Мисалы, элчиликтин кечирим сураганы айтылып жатат. Бул жерде кечирим сураганга эч кандай негиз жок. Ошол эле учурда өкмөт тарабынан акындарга чара колдонулат деген маалыматтар айтылып жатат. Бул өтө одоно сөз. Эч ким, эч качан акындарга чара колдонушу мүмкүн эмес.

Ал эми акын жана сынчы Олжобай Шакир айтыш учурунда акындардын жалпы элге асылганы алардын билиминин, акындык көрөңгөсүнүн тайыздыгынан кабар берет деген пикирде:

- Эми акындардын Каркыраны доолаганы логикага сыйбайт да. Саясий сабатсыздык, жамакчылык деңгээл. Эмне ошол документтерге өнөр адамдары кол койду беле? Албетте, казак акындары деле кыргыздарды шылдыңдап ырдап келген. Кыргызды “кул” деген ушулар да. Бирок ал акындардын айтканы жалпы казак элинин сөзү эмес. Аалы менен Азаматтын айтканы да жамы кыргыздын пикирин билдирбейт. Элге асылып ырдоо - ошол акындардын билим деңгээлинин, адамгерчилигинин тайыздыгынан кабар берет.

Акын көпүрө болушу керек. Улутчулдук, кур намыска алдырбашы керек. Бул түбүбүзгө жете турган жаман факторлордун бири. Дүйнөдө диний карама-каршылык анан улутчулдук айынан далай адамдын каны төгүлгөн.

Азыр эми боз үйдө айтышкан доор өттү. Өнөр адамдарынын билими, деңгээли жогору болушу керек. “Айтыш” коому жаңы ачылганда элге төбөсү көрүнгөн инсандар келип, акындарга сабак өтчү. Кийин ошол процесс токтоп калды. Жаш акындар өсүп келе жатат. Аларга туура багыт, билим бербесе, Аалы менен Азаматтын айтканын кайталагандар боло берет. Дагы бир жагдай, биз, кыргыз коому акындарга шатырата кол чапканыбыз менен аларды сындабай калдык. Ошол эле Аалы, Жеңишбектер азыр сахнага чыгып алып динди пропаганда кылып жатат. Аны айтсаң эле душман көрүшөт. Интеллигенция муну билип турса да жалтактап эч нерсе айтпайт.

Азамат Болгонбаев менен Аалы Туткучев чыр андан ары ырбап кетпесин деген жүйө келтирип, бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Бул - кыргыз-казак коомчулугундагы маданият жаатында чыккан экинчи кызуу талкуу. Былтыр Казакстандын мурдагы тышкы иштер министри Арыстанбек Мухамедиулунын кыргызстандык кыз-келиндердин Москвада даараткана тазалап жүргөнү тууралуу билдирүүсү кыргыз коомчулугунун катуу сынына кабылган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG