Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Казак министринин сөзү эки элди дүрбөттү


Арыстанбек Мухамедиулы
Арыстанбек Мухамедиулы

Казакстандын маданият министри Арыстанбек Мухамедиулынын кыргызстандыктар тууралуу айткан пикири социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. ТИМ да казак министринин сөзүнө байланыштуу нааразылык нотасын жиберди.

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы 23-майда Астанда коомчулук менен жолугушуу өткөргөн. Анда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына токтолуп, улуу жазуучу кыргыз элинин келечегин көрө билген деп айткан. Казак министри "Орусияда кыргыз кыздары ажаткана тазалап жүрөт, алар буга мекенинде жумуш жоктугунан барууда. Айтматов муну илгери эле эскерткен", - деп жазуучунун “Ак кеме” повестин мисал келтирген.

Казакстандыктар кечирим суроодо

Ал ортодо казак коомчулугу да маданият министринин кыргыздар тууралуу айтканына уялып турганын жашырган жок. Коңшу өлкөнүн бир катар коомдук ишмерлери маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын сөзү үчүн кыргызстандыктардан кечирим сурады. “Маданияты жок министрлер да болот экен” деген казак коомчулугу, министрдин сөзү кыргыз элинин да, өкмөтүнүн да кыжырына тийгенин моюнга алууда. Алсак:

"Болотхан Тайжан" фондунун президенти ​Мухтар Тайжан Фейсбук баракчасында:

- Бир тууган, коңшу кыргыз элинен министрдин сөзү үчүн кечирим сурайм. Айла жок, ушундай маданиятсыз да министрлер болот экен;

Isai Bulat, Tengrinews.kz агенттигинин Фейсбук баракчасында:

- Бизди кыргыздар менен салыштырганды токтоткула. Кыргыздар жок дегенде өз нанын маңдай тери менен таап жатат. Эгер мунайдын баррели 6 доллар болуп калса, кудай сактасын биздикилер да чоң рублдин артынан четке барышат. Коңшуну келекелебеш керек. Эки бир тууган элди салыштырганды да токтотуу зарыл, - деп жазды.

Кечирим сурагандардын катарын коомдук ишмер Аян Шерипбаев жана КТК каналынын мурдагы жетекчиси Арман Шораев, кайрымдуулук менен алектенген Аружан Саин ж.б. толуктады.​

Кыргыз Эл баатыры Бексултан Жакиев казак министринин сөзүн эки өлкө ортосуна бүлүк салуу катары баалап, бул Арыстанбек Мухамедиулынын деңгээлинен кабар берди, - деди.

- Эси жок министр экен. Министр деген мындай болбойт. Кыргыз-казак бир боор эл. Кыргыз десе, жанын берген казактар көп. Казактын улуу инсандарынын бардыгы кыргызды абдан сыйлаган жана сыйлап келишет. Ал эми кыргызды кемсинтип, өзүн мактаган кишилер – булар текеберлер. Буларды эси жок, акылсыз деп коёт, ага теңелип, анын баркын көтөрүүнүн эч кажети жок.

Бексултан Жакиев кыргыз-казакты ич ара жамандаган адамдар коомчулукта абройго ээ боло албасын белгилеп, казак министри Мухамедиулыны казак коомчулугу деле сыйларына күмөн артууда.

Казак бийлиги эмнеден чочулайт?

Казакстандагы акыркы убактагы толкундоолордон улам бул өлкөнүн бийлиги элди тынчытуу амалында Кыргызстандагы көрүнүштү салыштырып жатканы өкүнүчтүү экенин кыргыз депутаттары да айтышууда.

Парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков “Азаттыкка” билдиргендей, бул элдин нааразычылыгын башка тарапка буруу аракетинде жасалган айла:

- “Согушта бардык курал жакшы” – деп айтылгандай, казак бийлиги өздөрүндөгү ички толкундоолорду басуу үчүн Кыргызстандагы абалды салыштырып, элди жайгарып жатат. “Эгерде толкундоо болсо кыргыздардай болосуңар” деп, коңшулар ички нааразычылыгын башка жака бурууга аракет кылууда.

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын Кыргызстан жарандары тууралуу айткан сөзүнө өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги да үн катты.

24-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедулынын сөздөрү боюнча нааразылык нотасын жиберди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн Тышкы иштер министрлигине Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Ербол Ахметов чакырылып, нота тапшырылды.

“Арыстанбек Мухамедулынын Кыргыз Республикасына карата кадыр-баркка шек келтирген жана салмакталбаган сөздөрү эки өлкөнүн өнөктөштүк мамилесине ылайык келбейт” - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги акыркы учурда казак медиасында, анын ичинде мамлекеттик телеканаларда Кыргызстан тууралуу туура эмес маалыматтар чагылдырып жатканына көңүл бурган.

Чын чычалатабы?

Казак министринин сөзү кайсы бир деңгээлде ачуу тийгени менен, ошол эле учурда анда чындык бар экенин экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов белгиледи. Ал эки революцияны башынан өткөргөн Кыргызстан бүгүнкү күндө коңшуларга үлгү боло албаганын, өлкөдө ушундай өп-чап турмуш дагы улана берсе казак министри айткандай сөздөр мындан ары да токтобосун кошумчалады. Ошондуктан ал бийлик башындагылар чындап арданыш керек деген ойдо:

- Эмне пол жууп жүргөнү жалганбы? Ачыгын айтыш керек бизде революциядан кийин кайра эле авторитардык бийлик орноп, эч кандай системалык реформалар болгон жок. Мына ошондуктан жарандарыбыз ар кайсы жерде жан багууга аргасыз болуп жүрөт. Эгерде биз революцияны Грузия, Украинадай пайдаланып кеткенде коңшулар биздин жаман жагыбызды эмес, жакшы иштерибизди гана санамак.

Арыстанбек Мухамедиулынын айткан сөздөрү жана жүрүм-туруму ар убак казак коомчулугунун сынына кабылып келет. 2008-жылы ал фамилиясын Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Рахат Алиевдикине окшош болбосун деп өзгөртүп алган.

2014-жылы болсо Алматыда оор атлетчи Илья Ильин алтын медаль утканына байланыштуу мамлекеттик гимн ойноп жаткан учурда телефон менен сүйлөшүп эсте калган. Былтыр Мухамедиулы “Казакстанды чет өлкөдө уяткарып жатат” деген негиз менен бир катар көркөм тасманы “кара тизмеге” киргизген. Ошондой эле 2015-жылы өкмөттүн жыйынында “Казакстан алтын доордо жашап жатат” деген цитатасы азыркыга чейин коңшу өлкөдө талаш пикирлерди жаратып келет.

Орусиянын федералдык миграциялык кызматынын маалыматына караганда, Орусияда жашаган жана иштеген казакстандыктар менен кыргызстандыктардын саны бирдей.

Маселен, 2016-жылдын 5-апрелине ылайык, Орусияда 588 811 казак жараны болсо, кыргызстандыктардын саны 574 194 деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле Өзбекстандын 1 755 781, Тажикстандын 878 536, Түркмөнстандын 24 363 жараны бар экени маалымдалган.

XS
SM
MD
LG