Линктер

шейшемби, 18-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:17

Элди бөлгөн экстремисттик чакырыктар


Иллюстрация

Парламентте коомчулуктагы конституциялык түзүлүшкө жана улуттук баалуулуктарга каршы тымызын чакырыктарга каршы күрөштү күчөтүү талабын коюлду.

Бул багытта айрым депутаттар Кыргызстандагы экстремисттик көз караштарды жайылткан агымдарды ооздуктоо үчүн, алардын сырттагы каржылоо булактарын аныктап, бууп салууну сунушташты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги бул багытта коопсуздукка коркунуч келтирген диний агымдарды көзөмөлдөө иштери тынымсыз жүрүп жатканын белгиледи.

Чакырыктардын "чакырымы"

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев светтик мамлекеттин жана салттуу коомдун баалуулуктарына каршы тымызын жана ачык түрдө чакырыктар ташталып жатканын айтты.

Исхак Масалиев айрым бир диний ишмерлердин мамлекеттик билим берүү саясатына каршы багытталган сөздөрү социалдык тармактар жана айрым маалымат каражаттары тарабынан кенен жайылтылып жатканын сынга алды:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Мектепте окуп жаткан 5-6-класстардагы наристе кыздарыбызга хижаб кийгизип, балдарыбызды динге берилтип жатабыз. Бирок бул жеткинчектердин өз тандоосу эмес да, туурабы? Бул жерде алардын ата-энесинин тандоосу болуп жатпайбы. Ошол боюнча кандай иштер жүрүшү керек? Албетте, туура түшүндүрүү зарыл. Күч менен биз эч нерсе кыла албайбыз. Ошондой кийим кийинип барган кыздар-балдар мектепке киргизилбесе, "андай мектеп директорлоруна жаназа окулбасын" деген эмне деген сөз?

Парламенттин башка бир депутаты Тынчтыкбек Шайназаров соңку мезгилде экстремисттик кыймылдар калктын аз камсыз болгон катмары менен иш алып барып, коомчулукта укуктук мамлекеттин негиздерин түзгөн мыйзамдарды жана эрежелерди чанган жана аларга баш ийбөөгө үндөгөн көз караштарды жайылтуу өнөкөткө айланганын белгиледи.

Азыркы мезгилде кээ бир аймактарда, кайсы бир чөйрөлөрдө Кыргызстандагы светтик жашоо образын "арам", Конституция "арам" дейт, мыйзамдар "арам", шайлоолор "арам" дегенге чейин барып жатышат.
Тынчтыкбек Шайназаров.

Тынчтыкбек Шайназаров мунун артында коомго радикалдык-экстремисттик көз карашты таңуулаган тымызын иш-аракеттер камтылган деп эсептейт:

- ИИМ менен УКМК жергиликтүү бийлик жана Билим берүү министрлиги менен биргеликте айрыкча жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтпөсө болбойт. Биз көп учурларда маселенин себептери менен эмес, анын кесепеттери менен күрөшүп калабыз. Азыркы мезгилде кээ бир аймактарда, кайсы бир чөйрөлөрдө Кыргызстандагы светтик жашоо образын "арам", Конституция "арам" дейт, мыйзамдар "арам", шайлоолор "арам" дегенге чейин барып жатышат. Ошол эле кезде биз Кыргызстан укуктук мамлекет экенин эч качан унутпашыбыз керек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматында жыл башынан бери Кыргызстанда 157 жарандын эл аралык террористтик уюмдарга катышы бар экени аныкталган. Анын ичинен 34 жарандын ишмердигине бөгөт коюлган. Ошол эле кезде 121 жарандын экстремисттик уюмдар менен байланышы аныкталып, анын арасынан 34 жарандын аракеттерине бөгөт коюлганы көрсөтүлгөн. Бул күнгө карата атайын кызмат тарабынан 43 адам эл аралык террористтик жана диний экстремисттик ишмердиги үчүн кылмыш жообуна тартылган.

Мындан сырткары атайын кызматтын баяндамасында көрсөтүлгөндөй, диний экстремизмге шектелген 36 чет элдик жаран соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылган. Мурда диний экстремисттик көз караштар баракчалар, китепчелер аркылуу таратылса, азыркы күндө аны жайылтуу Интернетке көчкөнү белгиленди.

Чет өлкөлөрдөн келген каржы булагы

Парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев диний-экстремисттик кыймылды жайылтууга сырттан келип жаткан каржылоо булактарын аныктоо маселесин көтөрдү:

- Мени бул жерде тынчсыздандырган жагдай УКМК менен каржылык чалгындоо кызматынын маалыматтары боюнча Кыргызстандагы экстремизмди жана терроризмди азыктандыруу үчүн көп жылдардан бери чет өлкөлөрдөн каражат түшүп жатканы. Бул тууралуу көп айтылганы менен ошондой эл аралык каналдардын жолун бөгөп, каржы булактарын бууп салууну колго алган иш-аракеттер болушу керек. Антпесе, экстремисттик кыймылдардын жайылганы жайылган. Азыр биздин атайын кызматтарга эмне жетишпейт? Адистерби же техникабы? Мына ошонун баарын камсыздап беришибиз зарыл. Анткени элибиздин коопсуздугу биринчи орунда. Бардыгы аз-аздан башталат. Азыр майда көрүнгөнү менен чогулуп отуруп бул кыймылдар коомубузга жана мамлекетибизге коркунуч туудурган күчкө айланып кетиши мүмкүн. Ошондуктан анын алдын алуубуз абзел.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков Кыргызстандагы экстремисттик кыймылга чет өлкөлөрдөн ири каржылык колдоо бар экенин ырастады. Бирок каржы булактарын аныктоо, таап чыгуу жана чара көрүү боюнча иш-аракеттер тууралуу маалымат берүүнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн туура көрбөдү.

УКМК төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков Кыргызстанда тамыр алган экстремисттик-террористтик уюмдар бар экенин айтып, алардын каржылоо булактарын токтотуу үчүн иш-аракеттер жүрүп жатканын билдирди:

- Бизде диний экстремизм бар. "Хизб ут-Тахрир", "Акрамия" жана "Таблиги жамааттан" чыккан "Йакын инкар" деген экстремисттик уюмдардан коомдук коопсуздукка коркунучтар бар. Мындан сырткары "Ислам мамлекети" жана "Жабхад-ан-Нусра" деген эл аралык террористтик уюмдардын өкүлдөрү бул жакта жарандарды Сирияга азгыруу иштери менен алектенген учурлар аныкталган. Мына ушундай көмүскө топтор учурда аракеттенип келе жатканын айта алабыз. Буларга каршы жетиштүү деңгээлде иш-чаралар көрүлүүдө.

Жогорку Кеңеште 2014-жылы кабыл алынган дин саясаты боюнча мамлекеттик концепциянын аткарылышын талдоо үчүн атайын парламенттик угуу өткөрүү демилгеси көтөрүлдү. Анда соңку жылдардагы өлкөдөгү диний кырдаалга баа берилип, диний экстремизмге каршы күрөштүн деңгээли жана мамлекет менен диндин ортосундагы мамиле талкууланары күтүлүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG