Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:33

"Таблиги жамаат" жараткан суроо


Бангладештеги медресе

Парламентте Шанхай Кызматташтык Уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоону карап жатканда анын Кыргызстандын улуттук мыйзамдарына каршы келген жагдайлары ачыкка чыкты.

Алардын бир мисалы катары Кыргызстанда тыюу салынбаган "Таблиги жамаат" агымы уюмга мүчө мамлекеттерде экстремисттик деп табылган.

Эгерде конвенцияга кол койгон башка өнөктөш мамлекеттер кыргыз жараны болгон бул агымдын мүчөлөрүн каттоого алып, өткөрүп берүүнү талап кылса, анда ал маселе кандай жөнгө салына турганы боюнча суроолор көтөрүлдү. Анткени Баш мыйзам боюнча кылмыш куугунтугуна алынган кыргыз жараны башка мамлекетке берилбейт. Ал эми ага дооматы бар мамлекет жөнөткөн тергөө материалдары Кыргызстанда кылмыш иши катары таанылбашы мүмкүн.

"Таблигиден" "тазалагысы" келген депутат Рыспаев

Парламент былтыр Астана шаарында кол коюлган "Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады. Кыргызстан бул конвенцияга кошулса, анда экстремисттик уюмдар катары өнөктөш өлкөлөрдө таанылган уюмдарга каршы күрөшүү боюнча милдеттерди аткарууну өз моюнуна алат.

Бул жерде уюмга мүчө Орусияда, Кытайда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда экстремисттик деп таанылган, бирок Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынбаган "Таблиги жамаат" агымы боюнча маселе келип чыкты.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев өнөктөш өлкөлөрдө тыюу салынган соң, анын ишмердиги Кыргызстанда дагы чектелиши керек экенин айтты:

- Конвенцияга кол койгон уюмга мүчө башка мамлекеттерде "Таблиги жамаатка" мамиле кандай? Бизде бул агымга карата кандайдыр бир тыюу жок. Эми бул конвенцияга кошулсак, анда ага карата мамиле кандай болот? Анткени уюмдун башка мүчөлөрү ага каршы да. Биз бул конвенцияны кабыл алсак, анда биз дагы аны экстремисттик уюм катары тааныган болобузбу? Азыр бизде ачык эле жамааттар деп айтып жатышат. Каерде эмне болуп жатканын биз билебиз. ИИМ менен УКМК мына ушуга өзгөчө көңүл бурушуңар керек. Ошондуктан биздин жалпы коопсуздук үчүн жана конвенцияга башка өнөктөштөр менен бирге кол коюп жаткан соң, аларды биз дагы "тазалашыбыз" зарыл.

УКМК: "Таблиги" коркунуч жаратпайт

Ошол эле кезде улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин терроризмге каршы күрөшүү борборунун директорунун орун басары Канжарбек Бакаев "Таблиги жамааты" ШКУ уюмуна кирген мамлекеттерде тыюу салынганы менен ал Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч туудурбай турганын билдирди.

Анын айтымында, өнөктөш өлкөлөр бул диний агымга Кыргызстанда дагы чектөө талабын койгону менен бул үчүн тиешелүү негиздер табылган эмес:

- "Таблиги жамааты" Орусияда, Казакстанда, Өзбекстанда экстремисттик уюм катары таанылган. Бизде андай коркунучтар азырынча жок. Бирок биз бул агым боюнча тынбай иш алып барып, маалыматтарды байкап турабыз. Биздин өнөктөш мамлекеттер бизге "силерде эмнеге жок?" деп талап коюп жатышат. Бизде болсо алар тараптан кандайдыр бир терс көрүнүштөр жана радикалдык кадамдар жок болсо, биз аны экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизүү үчүн кантип анан сотко бере алабыз? Сотко тиешелүү далилдерди көрсөтүшүбүз зарыл. Бүгүнкү күнгө чейин ага окшогон далилдер табылган жок.

Конвенциянын талаптары

Парламенттин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев Кыргызстан Астана конвенциясына кошулгандан кийин анын талаптарын аткарууга милдеттүү экенин эске салды.

"Эгерде кыргыз жараны өнөктөш өлкөлөрдө "Таблиги жамаатына" мүчө катары шектелип, диний экстремизм менен соттолуп, анын Кыргызстандагы үй-мүлкүн конфискациялоо чечими чыга турган болсо, анда ал кандайча жөнгө салынышы керек?" деген маселе коюлду.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Депутат Исхак Масалиев Кыргызстан бул конвенцияга кошулуу менен андагы экстремизм боюнча бирдиктүү түшүнүктү кабыл ала турганын айтты:

- Бул конвенцияга кол койгон мамлекеттердин көпчүлүгүндө "Таблиги жамаат" мыйзамдан сырткары агым деп таанылган. Бул конвенцияга биз дагы кол коюп, ага кошулгандан кийин "Таблиги жамаатын" биз дагы "мыйзамсыз" деп табууга тийишпиз. Анткени конвенцияда экстремизмге байланыштуу түшүнүктөр жана принциптер бирдей болушу керектиги жазылып турат. Ошондуктан конвенцияга кошулгандан кийин биз өз моюнубузга бир топ милдеттерди алып жатабыз. Бул жерде конвенцияга кол койгон мамлекеттер ортосундагы суроо-талаптан баштап, мүлктү ажыратууга чейинки маселелер турат. Эгерде Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин биринен "баланчанын мүлкү берилсин" деген суроо-талап болсо, биз аны аткарбай коё албайбыз.

Ошол эле кезде УКМКнын терроризмге каршы күрөшүү борборунун директорунун орун басары Канжарбек Бакаев эгерде уюмга мүчө мамлекет кыргыз жаранын экстремизмге айыптап, соттосо, анда анын кылмыш иши боюнча жарандын үй-мүлкүн конфискациялоо маселеси улуттук мыйзамдар менен жөнгө салынарын билдирди. Буга каршы чыккан Исхак Масалиев конвенциянын талаптарын өз түшүнүгү менен чечмелөөгө болбой турганын эскертти.

Кылмышка шектүүлөрдү өткөрүп берүү: конвенциянын талабы, бирок Баш мыйзам жол бербейт

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев кабыл алына турган конвенцияда жарандарды өткөрүп берүү талабы дагы камтылганын кошумчалады:

- Конвенцияда ага кол койгон мамлекеттерге барып, биздин кызматкерлерге тергөө жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат. Эгерде Минск конвенциясында жарандарды алмашуу же өткөрүп берүү боюнча ченемдер камтылбаса, бул конвенция мына ошону алмаштыра турган документ. Бул конвенция өнөктөш мамлекеттерге жарандарды бири-бирине өткөрүп берүүгө дагы жол ачат. Мына ушул жагдайды дагы баса белгилеп койсоңуздар.

Анткен менен Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тынчтыкбек Шайназаров мында укуктук жактан алганда, чоң карама-каршылыктар бар экенин айтып, конвенциянын талаптары ишке киришкенде аны жөнгө салуу жаатында татаал жагдайлар келип чыгышы мүмкүн экенин белгиледи.

Ошондуктан Тынчтыкбек Шайназаров кабыл алына турган конвенциянын талаптары кандайча Баш мыйзамга ылайык аткарылышы мүмкүн экенин сурады:

- Бир мисал келтирейинчи. Кыргызстандын жараны Кытайга барып, ал жактан экстремимзге шектелип, анан кайра мекенине кайтып келди дейли. Ал боюнча Кытайдан суроо-талап келип түшсө, анын жоопкерчилигин кароо маселеси кандайча жөнгө салынат? Бул жерде укуктук жактан баарын тактап алуу зарыл. Анткени Баш мыйзамга ылайык, кыргыз жараны башка мамлекетте кылмышка шектелип, анан мекенине кайтып келген болсо, аны өткөрүп берүү боюнча суроо-талап түшкөн учурда дагы ал жаран аталган мамлекетке өткөрүлүп берилбейт. Ал жаран Кыргызстандын улуттук мыйзамдары менен жоопкерчиликке тартылат. Эгерде аталган иш Кыргызстанда кылмыш иши катары таанылган болсо...

Талапты чечмелөөнүн талаштуу учуру

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов экстремизмге каршы биргеликте күрөшүү шарттарын караган бул конвенция менен улуттук мыйзамдардын ортосундагы аталган карама-каршылыктарды мындайча чечмеледи:

- Эгерде биздин жаран Кытайга барып, ал жакта экстремизмге шектелип, анан ал бул жакка кайтып келген соң, анда кылмыш иши козголсо, анда бул жерде жоопкерчиликти кароо маселесин жөнгө салуунун эки учуру бар. Биринчиси мына бул конвенциянын негизинде, ал жак биздин жаранды өткөрүп берүүнү сураса, анда биз аны беришибиз керек. Болбосо, эгерде жаран берилбей турган болсо, анда ал жак бизге кылмыш ишинин материалдарын берүүгө тийиш. Ошонун негизинде кылмыш иши бул жакта тергелип, ага чекит коюлат. Эгерде кылмыш ишинин материалдары бизге жөнөтүлгөн шартта, аталган жаран биздин улуттук мыйзамдар боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

"Таблиги" боюнча жаңы сунуш

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев буга чейин кабыл алынган мамлекеттик дин саясаты боюнча концепциянын шарттары аткарылбай жатканын сынга алды. Ал айрым диний лидерлер светтик өлкөгө шайкеш келбеген үгүт иштерин жүргүзүп жатканын жана "Таблиги жамааттын" ишмердигине тыюу салуу боюнча ички иштер органдарынын сунуштары четке кагылып келгенин айтты:

- Азыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында айрым белгилүү диний лидерлердин аталган концепциянын принциптерине каршы келген сөздөрү жарыяланып жүрөт. Кыргыз элинин салттуу руханий баалуулуктарын сактоого каршы келген үндөөлөр менен чыгышууда. Кээде светтикти, теократияга алмаштыруу чакырыктары чыга калууда. Эмнеге Орусияда, Казакстанда жана Өзбекстанда "Таблиги жамаат" деген уюмдун ишмердигине тыюу салынат дагы, бизде андай иштер көрүнбөйт. ИИМ Коопсуздук кеңешине үч ирет анын ишмердигине тыюу салууну сунуштап, 2009-жылы ага сот тарабынан тыюу салуу сунушун киргизген экен.

Атайын кызмат: суфизм жихадчылыкка каршы идеялык курал

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков бул агымга тыюу салуу үчүн укуктук негиздер керек экенин белгиледи. Ошол эле кезде ал "таблигичилер" такыбачылыкты тутунган суфизмден тамыр алганын айтып, алар жихадчылыкка караганда коомго коркунучу жок экенин белгиледи. Ал кезинде Кавказда жихадчылык күчөгөн шартта, бийлик ага толеранттуулугу жагынан айырмаланган суфизмди жактоо менен каршы турган мисалды келтирди.

Дааватчылар.
Дааватчылар.

Асылбек Кожобеков өнөктөш өлкөлөрдөгү диний кырдаал менен Кыргызстандын дин саясатын салыштырбоого чакырды:

- Өзбекстанда, Тажикстанда, Казакстанда диний кырдаал такыр башка. Өзбекстан менен Тажикстандын өлкөдөн сырткары аймагында диний негиздеги куралдуу оппозициясы бар. Бизде Кудайга шүгүр, бул багытта диний кырдаал бир топ жакшы. Биздин азыркы жагдайда "Таблиги жамаат" сопучулуктан тамыр алган. Илимий жактан изилденгендей, сопучулук бул жихадчылардай коркунучтарды алып жүрбөйт. Ооба, алардын кийими, кебете-кешпири жана алардын динге чакырыгы боюнча сындар бар. Бирок азыр муфтият бул боюнча бир топ чараларды көрүп, тартипке салып келе жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Орусияда экстремизмге каршы күрөштүн алкагында "Таблиги жамаатына" мүчө болгон деген шек менен буга чейин ондогон кыргызстандыктар соттолуп кеткен. Кыргызстандын укук коргоо органдары мекенинде аларга каршы кылмыш иши козголбогону менен алар башка мамлекеттин мыйзамы боюнча экстремизмге айыпталып, соттолуп кеткенин жүйө келтиришүүдө. Парламентте Астана конвенциясын кабыл алуу боюнча мыйзам долбоору жактырылып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG