Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Теңирчилер мыйзам чегинде иштегиси келет


Сүрөттө теңирчи Кубанычбек Тезекбаев.
Сүрөттө теңирчи Кубанычбек Тезекбаев.

Кыргызстанда теңирчиликти диний уюм катары каттоодон өткөрүү талабы кайрадан көтөрүлө баштады.

Айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү расмий каттоодон өтмөйүнчө теңирчиликти үгүт кыла албай жатканына нааразы болуп чыгышты. Буга чейин бул маселе сотко чейин жеткен. Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия эксперттик топтун корутундусуна таянып, теңирчиликти дин катары каттоодон баш тарткан.

Теңирчиликти колдой турганын айткан "Кыргыз эл касиети академиясы" коомдук уюмунун өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, диний уюм катары расмий катталмайынча үгүт жүргүзө албасын айтып, нааразы болушту.

Уюмдун өкүлү Нашарат Жакыпбеков мамлекеттин колдоосу болбогондуктан бир катар илимий иштер, изилдөөлөр жүргүзүлбөй жатканын айтты:

- Эгерде комиссия каттоого ала турган болсо биринчиден, биз укуктук алкакта кандайдыр күчкө ээ болмокпуз. Экинчиден, кайып илимин кайрадан Жаратканга алып келгенге мүмкүнчүлүк алмакпыз. Мектептер, кандайдыр бир уюмдар ачылмак.

Уюмдун дагы бир мүчөсү Шаршенаалы Кабатегин алар башка диндер катары ири иш-чараларды өткөрө албай жатышканын, кыргыздар ата-бабаларынын байыркы дини - теңирчиликке кайтуу керек экенин, кыргыз философиясы, салт-санаасы унутта калып жатканын белгиледи:

"Кыргыз эл касиети академиясы" коомдук уюмунун өкүлдөрү. Нашарат Жакыпбеков, Шаршенаалы Кабатегин, Гүлшан Жолбунова.
"Кыргыз эл касиети академиясы" коомдук уюмунун өкүлдөрү. Нашарат Жакыпбеков, Шаршенаалы Кабатегин, Гүлшан Жолбунова.

- Азыр ислам, христиан диндери системалуу түрдө иштерин жүргүзүп жатпайбы. Теңир таанууну диний уюм катары киргизип, каттагандан кийин кыргыздын улуу салттары, дүйнө таанымы, жашоо-шарты, ата-бабалардан калган жакшылыктардын баары системага кирет да, Кыргызстанда жашагандардын бардыгы ошол түшүнүккө келет.

Теңирчиликти дин катары каттоо тууралуу демилге дээрлик он жылдан бери көтөрүлүп келет. Буга чейин Дин комиссиясы эксперттик топтун корутундусуна таянып, теңирчиликти дин катары каттоодон баш тарткан. Аталган маселе сотто да териштирилген.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиев каттоодон өтпөй калган себебин айтты:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Дин катары катталыш үчүн эксперттер "бул - дин" деп таанып бериши керек. Белгилүү диндер бар, ислам, христиан жана башка. Аларды "динби же дин эмеспи" деген суроо жаралбайт да. Коомдук уюм катары катталып алып эле өз ишмердүүлүгүн жүргүзө берсе боло турган эле жумуш. Калгандары иштеп эле жүрөт, эч кандай чектөө жок. Тескерисинче, кандай гана уюмдар жок, башка мамлекеттер каттабаган уюмдар бизде бар да. Бир жылы сатанисттер келип, бирок каттала албай кетишкен.

Бишкектеги Диний изилдөөлөр борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда ушу тапта 30дан ашуун багыттагы диний агымдар жана диний уюмдар ишин алып барат.

Алардын арасынан 24 дин жана диний агымдар исламдык эмес багыттагы конфессиялардын катарына кирет. Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өтүп, Кыргызстанда расмий иш жүргүзүп жаткан 3 миңге жакын диний уюм бар. Буга коомдук уюмдар, бирикмелер, фонддор, окуу жайлары, мечиттер, медреселер, чиркөөлөр жана ибадатканалар кирет. Анын 2 миңге жакыны ислам жаатындагы уюмдар жана мечиттер болсо, 370 уюм христиан динине таандык.

Ал эми 21 террористтик жана экстремисттик уюмга Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

Диний эксперттер Кыргызстанда экстремисттик деп табылып, тыюу салынган уюмдардан сырткары каттоодон өткөн майда диний агымдар жана уюмдар кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу өз ишмердүүлүгүн эркин алып барат деп эсептешет. Алардын бири Канат Мурзахалилов теңирчиликти диний уюм катары каттоо коомчулуктун коопсуздугу үчүн опурталдуу деп эсептейт.

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

- Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы диний кырдаалды туруктуу чыңалуу абалында деп эсептесе болот. Диний уюмдар мыйзамдын чегинде эле ишин алып барып жатышкандай көрүнөт. Кошуна өлкөлөрдөй мамлекет тарабынан катуу чектөө жок. Ал эми теңирчилер маселесине келсек, алар он жылдан ашуун убактан бери каттоого тутууга аракет кылып жатышат. Менин пикиримде "диний кырдаалды татаалдаштырат" деген максатта каттабай жатса керек. "Исламды карманган адамдар менен теңирчиликти колдогондордун ортосунда кандайдыр бир чыр-чатакка алып келет" деген кооптонуунун негизинде каттабай жатат деп ойлойм. Негизинен теологиялык жактан алып караганда, дин болгондо өзүнүн пайгамбары, өзүнүн ыйык китеби болушу керек деген маселелер бар. Эгер тажрыйба жагынан алганда, каттоодон өтсө улут ичиндеги жана диндердин ортосундагы чыңалууга алып келиши ыктымал. Бул процессти көз жаздымда калтырбаш керек.

Кыргызстанда 1991-жылы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар боюнча мыйзам кабыл алынган. Анда каалаган диний уюм келип, уюм түзүп, ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берген либералдуу модел киргизилген. Дагы бир эксперт Назира Курбанова бул модел Кыргызстанга туура келген жок деп эсептейт.

- Мүмкүн бул мыкты модел болушу мүмкүн. Себеби өнүккөн өлкөлөрдө ошол моделди карманып жатышат. Бирок бул бизге туура келген жок. Себеби бул багытта мамлекетте бир топ кыйынчылыктар жаралды. Диний чөйрөнү реформалап отуруп кайрадан мыйзам иштелип чыкты, көп өзгөртүүлөр киргизилди. Диний уюмдарды каттоодо же алардын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө салыштырмалуу кандайдыр бир катуу талаптар коюлган.

Кыргызстан эгемендиктин алгачкы күнүнөн тартып эле дин эркиндигин жарыялап, жарандарга дин тутууга бирдей шарт түзүп берген. Ага ылайык, бул өлкөдө ондогон диндер жана диний агымдар иш алып барып, өз диний окууларын үйрөтүп келет. Байкоочулар башка өлкөлөрдө тыюу салынган агымдар да Кыргызстандан орун-очок алууга жетишкенин белгилешүүдө. Бирок ошол эле учурда теңирчиликти дин катары каттагысы келгендер өз максатына жетпей келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG