Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Атантай Акбаров: "Түркөйлөр элди да, динди да бузду"


Атантай Акбаров.
Атантай Акбаров.

"Паранжы негизи сойкулук кийими болгон. Теолог Кадыр Маликовду өлүмгө өкүм кылып жиберишип, ажалынын жогунан тирүү калган... 25 жылдан бери тургуну Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланбаган райондорубуз бар. Ал жердеги элдин көйгөйүн ким ойлойт?.."

Акын Атантай Акбаров* менен маектин соңку бөлүгүн сунуш кылабыз. Буга чейинки маектерин "Акбаров: Эртеңин ойлобогон элдин келечеги жок" жана "Акбаров: Меккеден Мекенди ыйык сакташ керек" деген аталыш менен таба аласыз.

- Атантай мырза! Коомдо бети-башын чулгап алган аялдар пайда болгонун, алардын кайсы улуттан экенин ажыратуу мүмкүн болбой калганы тууралуу жогоруда кеп кылдык. Ошол сөзүбүзгө байланыштуу паранжы тууралуу оюңузду билсек?

- Мусанын китебинде мындай бир жери бар: Бир келин күйөөсү набыт болгон соң тукум алыш үчүн кайнатасы менен болгону айтылат. Аны башка элдер да, кайнатасы да тааныбашы үчүн ал токойго паранжы жамынып барган. Бул баян Мусанын китебине жөн жерден эле кирип калган эмес. Байыркы убактарда Месопотамияда атайын бир күн сойкулук күнү катары белгиленчү. Ошол күнү токойго барган аялдар башкалар таанып калбаш үчүн паранжы жамынып барышкан. Кийин адам аң-сезими өнүккөндө бул жосун калып эле калган болчу. Бирок, Мухаммед пайгамбардын аялдарынын сулуулугуна кызыгып, айрым араб соодагерлер тийишип ийгенине териккен Абу Бакр, Умар, Усман сыяктуу такыбалар жалпы аялдарга паранжы жамынып жүрүүнү буйрушкан.

СССРдин убагында болсо аялдардын укугун коргоо максатында атайын күрөш жүргөн. Ошол учурда Шаймардан аймагында аялдардын укугун талашып, паранжы жамынууга каршы күрөшүп жүргөн өзбек акыны, драматург жана композитор Хамза Хакимзаде Ниязини диний фанаттар таш бараңга алып өлтүрүшкөн.

Паранжачан аял. Самарканд, 1910-жыл.
Паранжачан аял. Самарканд, 1910-жыл.

Азыр да ошол сыяктуу түркөй аракеттер жайылып баратканы эске алынып, коңшулаш Өзбекстан менен Тажикстанда жаш сакалчандардын сакалын алдыруу, өздөрүн каттоого алуу иштери жүргүзүлүп жатат. Бизде деле теолог Кадыр Маликовду өлүмгө өкүм кылып жиберишип, ажалынын жогунан тирүү калбадыбы. Ал эми чечкиндүү чара көрүлө элек.

- Куранда жазылган көп нерселер илимде далилденип жаткандыгы тууралуу айтып өттүңүз эле. Ошол сөзүңүздү бекемдеш үчүн окурмандарга азыноолак маалымат айта аласызбы?

- Америкалык клиникалык анатомия ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана ал ассоциациянын 1989-1991-жылдардагы президенти, Торонто, Онтарио (Канада) университетинин ардактуу профессору, атактуу эмбриолог Кейт Леон Мур эмбриондун өсүшү Куранда укмуштуудай так жана даана жазылгандыгын илимий эмгегинде таңыркоо менен белгилеген.

“Хадж” аттуу 22-сүрөнүн 47-аятында жазылган “мезгил салыштырмалуулугу” да кийин Альберт Эйнштейндин “Салыштырмалуулук теориясы” менен тастыкталган.

“Түшүндүрмө” аттуу 41-сүрөнүн 11-аятында “Ааламдын пайда болушу укмуштуудай таамай айтылса, “Пайгамбарлар” аттуу 21-сүрөөнүн 33-аятында “Асман телолорунун орбита боюнча жылышы так көрсөтүлгөн. Курандын “Дарек” аттуу 78-сүрөөсүнүн 6-7-аяттарында “Тоолордун курулушу жана функциялары” белгиленсе, “Кумурскалар” аттуу 27-сүрөөнүн 88-аятында “Жер кыртышынын (Жер кыртышынын плиталарынын) жылышып турушу айкын айтылган. “Темир” аттуу 57-сүрөөнүн 25-аятында болсо темирдин Жерде жок элемент экендиги, ал асмандан түшүрүлгөнү даана айтылса, “Көрктөө” аттуу 43-сүрөөнүн 11-аятында Жерден канча суу обого бууланып чыкса, жерге ошончо жамгыр-кар жаап, тең салмакты сактап турары да кызык жазылган. Булар илимде кийин гана ачылса, алар Куранда алда качан эле жазылып калгандыгы чындыгында да таң каларлык.

Же болбосо Мухаммед пайгамбардын орозо тууралуу: “Орозо туткула – бул силердин ден соолугуңарды жакшыртат”, - деп айтканы бар. Бул процессти изилдеген жапониялык окумуштуу, молекулалык биолог Ёсунори Осуми ачкалыктын пайдасын изилдеп, аны “аутофагия” же болбосо “өзү менен тамактануу” деп атаган. Көрсө тамак-аш жетишсиз болгондо клетка өзүн өзү сиңире баштайт экен да, мында биринчилерден болуп кары жана зыян кеткен түзүмдөр (кычкылданган белоктор, зака кеткен митохондриялар жыйналып) чыгымдалып, клеткалардын жашаруусу башталат экен. Бул ачылышы үчүн жапон окумуштуусу 2016-жылдын 3-октябрында Нобел сыйлыгына татыктуу болгон.

Айта берсе мындай жагдайлар өтө эле көп. Ошонун өзү Курандын чындыгында да улуу китеп экендигин тастыктап турат. Кейиштүү нерсе эле “чала молдолордун дин бузганында...”

Куран китебин окуп отурган ооган бала. Кабыл, 21-май 2018-жыл.
Куран китебин окуп отурган ооган бала. Кабыл, 21-май 2018-жыл.

- Атантай мырза! Кураны керимде илимпоздор сырын ачкан кубулуштар кенен-кесир талдап айтылган эмес. Айрым бир кубулуштар гана айтылат. Ошон үчүн Куранда айтылган “аныктаманын” негизинде илимий тыянак чыгаруу, ал “ачылыштарды” жашоодо практикалык жактан колдонуу мүмкүн эмес. Деңиз жана океан сууларынын ортосунда тосмо кантип жаралганын бүгүнкү окумуштуулар илимий жактан негиздеп туруп түшүндүрүп беришкен. Ошондуктан Куранда айтылган ойлорду абсолютташтыруу натуура деп ойлойм. Эми саясат мейкиндигине учкай кайрыла кетели. Атантай мырза, сиздин баамыңызда Кыргызстан иш жүзүндө парламенттик республика боло алдыбы же жокпу?

- Ошол парламенттик башкарууну ишке киргизүүгө болгон аракеттерден уламбы же бизде жарандык коом бир топ жанданып калганына байланыштуубу, айтор коомдо демократиялык мамилелердин улам оожалып бараткандыгы жакшы көрүнүш болуп калды. Антпесе элдин ой-пикири, мүдөөлөрү эске алынбаган, плюрализм жок жерде мамлекет өнүкпөйт. Бирок Кыргызстан парламенттик республика деп аталып, көз караштардын ар түрдүүлүгү болгондугуна карабастан, бизде дагы эле президенттин таасири күчтүү. Кээде саясатчылар баары тең президенттин оозун карап тургандай сезилип кетет. Ооба, кеп чынынан бузулбайт эмеспи, азырынча кантсе да “Кыргызстан парламенттик республика” деп кагазга жазылып калды, эми ошону иш жүзүнө ашырууга аракеттенип жүргөн чагыбыз.

- Улуттук парламентке партиялык тизме боюнча шайлоо системасы өзүн актай алды деп эсептейсизби?

- “Демократияң деле жыргаган нерсе эмес, бирок, адамзат азырга чейин андан жакшысын таба элек эмеспи” деп Уинстон Черчилл айтмакчы, партиялык тутумдун деле алешем жактары арбын. Маселен, бир партия бийликке келсе, шайлоодо ошол партияны жактап койгондордун баары – (кыргыздар айтмакчы итибай-чотубайдын баары) мамлекеттик бийликтен тартып коомдогу бардык сый-ургаалдарга чейин баарын ээлеп алышат. Бийликке умтулбаган, башкача айтканда кайсы бир партияга жагынып, жандай чаппагандын баары борттон сырткары калат. “Боёкчу, боёкчу деп койсо сакалын кошо боёйт” деп ашкере эле саясатташып кетпей, коомдо ар нерсенин өз орду бар экенин унутпай, ар кайсы тармакты өнүктүрүүдө ошол тармакка бүтүн өмүрүн сайын иштеп келаткан мыкты инсандарды баалай билиш керек, күчүн алып иштете билиш керек. “Эрден ашсаң ашасың, элден аша албайсың” демекчи саясатчылар бийлик колунда турганда бийликтин туткасы эл экендигин унутуп калбашы абзел.

Экинчиси - партиянын тарапкерлери турукташууга көнүшү зарыл. Коомдун туруктуулугу ошол жерден башталат. Антпесе бүгүн бир партиянын күкүгү болуп таңшып жаткан саясатчы эртеси карасаң эле башка партиянын күкүгү болуп чыга келип жатат.

Жогорку Кеңеш. 19-октябрь, 2018-жыл.
Жогорку Кеңеш. 19-октябрь, 2018-жыл.

“Кадрлар – баарын чечет!” демекчи кадр тандоо маселесине олуттуу маани бериш керек. Кыргызстан кайсы бир партияныкы эмес, ал жалпы кыргызстандыктардыкы! Инсандын мамлекеттик кызматка татыктуулугу же татыктуу эмес экендиги эске алынбай эле кызматка коюлуп жатат, мында ал инсандын кайсы бир чоңго жакындыгы негизги роль ойноодо. Ошон үчүн куудулдар: “Биз куудулдар да мамлекеттик тилден тест тапшырабыз. Өткөнүбүз мэр болобуз, өтпөй калганыбыз куудул бойдон калабыз”, - деп тиги мэрибиздин кыргызча сүйлөй албай тантырап калганын мыскылдап жатышпайбы.

- Элдик курултай институту деген кеп кийинки маалда көп айтылып жүрөт. Буга сиз кандай карайсыз?

- Улуттук уңгудагы башкаруу, албетте, элибиздин көп жылдык тажрыйбасынан улам сынактан өткөн нерсе. Эзелки башкаруу ыкмасы азыркы талапка ылайыкталып пайдаланылса жакшы эле болмок. Кийинки учурларда ар бир уруунун мыктылары тандалып келип өлкөнү башкарууга, мыйзам чыгаруу ишине аралашсын деген ойлор да байма-бай айтылып жүрөт. Андай ыкма илгертен эле боло жүргөнү ырас. Бирок, мында уруучулдукка азгырылып, кайра регресске кетип, элди майдалап алабызбы деп кооптоносуң.

Ал эми эл депутаттарын шайлоодо калк депутаттыкка талапкерди шайлоо өнөктүгүндө гана көрүп калып жүрөт. Ошол шайлоодо бир дасторкон жайган боюнча ал эл өкүлү куйругун түйгөн бойдон элден качып кетет да, партиянын лидерине гана баш ийип калат же болбосо аны деле жөн коюп, президентти эле акмалап калат. Тилекке каршы, айрым тоолуу, климаттык шарты катаал Чаткал сыяктуу райондордон эгемендик келген чейрек кылымдан бери бир да тургун Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлана элек. Демек, ал райондогу элдин көкүрөгүн өйүгөн маселелер унутта калып келет.

Андыктан, менин оюмча парламент мурункудай эле эки палатадан туруп, Мыйзам чыгаруу жыйынына мыйзам чыгарууга жарактуу 35 эле депутат шайланышы зарыл. Ошондо эбегейсиз чыгымдар бир топ азаят. Анан да, Эл өкүлдөр жыйынына калктын санына карабастан, ар бир райондон (анын ичинде шаарлардагы райондордон дагы) бирден депутат шайланышы зарыл. Ал эл өкүлдөрү жазгы, күзгү сессияларга гана чогулуп, тиешелүү милдеттерин аткарышы керек. Элдик курултай институтун ишке киргизебиз десек, дал ошол эл өкүлдөрүн жакшылап тандап алып, элдик курултайдын милдеттерин дал ошолорго жүктөш керек. Аларга министрлер, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрүнөн баштап, башкы прокурор, Жогорку соттон тартып, президентке чейин жыл сайын отчёт тапшырып турушу абзел. Тагыраак айтканда калкыбыз дүнүйөгө алданбай, эл өкүлдүгүнө элдин кызыкчылыгын коргой ала турган, мыйзам чыгаруу ишине жана мыйзамдардын аткарылышын контролдоого чамасы жете турган интеллектуалдарды тандашы керек. Тактап айтканда, шайлоо эмес, тандоо болушу зарыл. Баса, уруу-урууга карап эл өкүлүн тандоонун дагы бир калпыс жери бар. Маселен, айрым саясатчылар партия алмаштыра берип көнүп калышты. Андайлар үчүн шайлоодо уруусун алмаштырып жиберүү деле көз айнек алмаштыргандай эле нерсе. Ошол эле маалда эл өкүлдөрү да ар бир үч жылда кайрадан шайланып турушу керек. Эгер эл өкүлү калыстыктан тайып, жигердүү эмес иштесе, аларды жыл аягында эле кайра чакырып алуучу рычаг болушу талапка ылайык.

Чаткал районунан бир көрүнүш. 22-февраль, 2018-жыл.
Чаткал районунан бир көрүнүш. 22-февраль, 2018-жыл.

- Демек, сиз айткандай, Ата Журтубузга төбөлсүздүк келген күндөн бери Чаткал аймагынан Жогорку Кеңешке бир да жаран депутат болуп шайлана элек экен. Мындай жагдайда райондо жашаган калктын көйгөйлөрү кантип чечилүүдө? Өкмөт социалдык-экономикалык маселелерди чечкенде чаткалдыктардын проблемалары эске алынып жатабы?

- Азыр Чаткал районунда 27 аймактан алтын казылып алынат экен. Ошондон улам экология жабыркап, жер кыртышы бузулуп, суу ууланып жаткандыгы, ал турсун Чаткал районунда айрым эргулдар дал коруктун (“Беш-Арал” коругу) аймагынан алтын казып алууга киришкендиги тууралуу маалыматтар “Азаттык” радиосунун кабарчысы Элеонора Бейшенбек кызы, чаткалдык журналист Абдыжапар Нурдиновдун маалыматтары аркылуу коомчулукка жарыяланып келатат.

Негизинен Кыргызстан боюнча эле кен казгандар кытай жарандары. Кытайлар, албетте, өздөрү батынып келе алышпайт. Аларды алып келип иштетип жаткандар да, алардын коргоочулары да биздин лөктөр. Ошон үчүн жергиликтүү калктын арыз-арманын эч ким укпай жатат. Эми ошол лөктөрүбүз лөктүгүн көрсөтүп, Чаткал районунун аймагындагы жолду асфальттатып беришсе эрдик кылган болушат эле. Төбөлдөргө байлык керек болсо, элге жол керек. Кийин алтын казылып бүткөндөн кийин анын уулуу калдыктары менен бирге ошол райондун эли калат. Андыктан төрөлөрүбүз буга чейин элге берип келген убадаларын унутушпай, ушул жол маселесин чечип беришсе, Кудай алдында чоң сооп иш жасашкан болот эле.

- Маектин башын адеп-аклак маселеси менен баштадык эле. Кеп аягын да ошону менен жыйынтыктасак туура болчудай...

- "Ядролук согуштан кийинки эле өтө кооптуу жагдай – адамгерчилик сапаттардын алсырашы” деп айткан эмеспи даңазалуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов. Мен да өз кезинде: “Адеп-уят Жерди сактап тура алат, адабият өлсө болот кыямат!” деп жаздым эле. Чындыгында да адеп-уятсыз, адамгерчиликке байланган асыл-нарк мамилелерсиз адамзат өз жүзүн жоготот. Намыскөй бабаларыбыздын улуу салттарын улап, дүйнөлүк ачылыштарды, новатордук табылгаларды, жаңы технологияларды турмушубузда күрдөөлдүү пайдаланып, эртеңки кең келечек үчүн азыртан баштап база түзүп, урпактарыбызга сапаттуу илим-билим берип, күнөстүү Кыргызстаныбыздын, кыргыз элибиздин түбөлүк жашап калышы үчүн ар бирибиз азыртан баштап күжүрмөндүк менен эмгектенсек гана, тагдыр бизге марттыгын көрсөтөт. Демек, келечек үчүн биз азыркылар жоопкербиз!..

- Маегиңизге рахмат!

*Атантай Акбаров Кыргызстан Жазуучулар Бирлигинин Алыкул Осмонов сыйлыгынын, Түркиянын Махмуд Абдул Бакы (Бакы) жана Казакстандын Кадыр Мырза Али атындагы сыйлыктарынын лауреаты, Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун алтын медалынын лауреаты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG