Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Мыйзамга каршы фатва: кандай чара көрүлөт?


29-январда Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы 2014-жылдагы №001-14 фатвасын чыгарды. Бул фатвада айтылгандай, кумсалар же окшош жыныстагылар өз ара сексуалдык мамилеге барса, андайлар жараткандын каарына калат. Муфтияттын Конституцияга каршы келген фатвасы өлкөдө диний радикализмге түрткү болбойбу?

Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Конституциясынын 1-беренесинде Кыргызстан демократиялуу, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет деп аныкталган. 7-беренеде дин жана бардык ырасимдер мамлекеттен ажыратылган. Дин кызматкерлери мамлекеттик мекемелердин ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат деп айтылат.

29-январда Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы 2014-жылдагы №001-14 фатвасын чыгарды. Бул фатвада: "Кумсалар же окшош жыныстагылар өз ара сексуалдык мамилеге барса, андайлар жараткандын каарына калат. Лут алейсаламдын коому ушундай ыплас иштерге барганы үчүн Теңирдин наалатына калып, жексен болуп, алар жашаган жер өлүк деңизге айлантылган", - деп айтылат. Пайгамбар Мухаммед алейсаламдын хадисинен “Лут коому жасаган ишти көрсөңөр, бул ишти кылганды да, ага ушундай кылынганды да өлтүргүлө” деген сүйлөм мисалга тартылат. Соңунда жалпы мусулмандар мындай күнөөдөн алыс болуп, Алланын шариятына моюн сунуп жашоолору зарылдыгы эскертилет. Фатвага Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин милдетин аткаруучу Максат ажы Токтомушев кол койгон.

Конституциянын 22-беренесинин биринчи пунктунда “эч ким кыйноолорго, башка адамгерчиликсиз, мыкаачылык же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазалоого туш болушу мүмкүн эместиги айтылат. Муфтияттын Конституцияга каршы келген фатвасы өлкөдө диний радикализмге түрткү болбойбу? Жеке адамдардын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти ким алат? Кыргыз Конституциясынын жана башка мыйзамдардын сакталышын ким көзөмөлдөйт?

Бул суроолорго жоопту “Бир дүйнө Кыргызстан” укуктук кыймылынын төрайымы Төлөйкан Исмаилова, Кыргыз Республикасынын мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев катышкан талкууда издедик.

Талкуунун эки бөлүгүн толугу менен угуңуз:

Кыргызстан: Фатва vs Конституция
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:27 0:00
Түз линк

Кыргызстан: Фатва vs Конституция
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:05 0:00
Түз линк

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өз билдирүүсүндө адаттан тыш сексуалдык багыттагы адамдар коомго өтө чоң зыян тийгизип, улуттун баалуулугун жоготуу коркунучунда деп белгилеген. "Ислам бир жыныстагы адамдардын жакын ымалада болуп, сексуалдык мамиле түзүүсүнө тыюу салат" - деген негизди келтиришет.

Муфтият 1998-жылы Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинен бир жыныстагы адамдардын катнашына тыюу салган жаза алынып салынганын белгилеп, лесбиянка, гей, бисексуал, транссексуалдардын (ЛГБТ) укугун коргогон эл аралык уюмдардын ишин мыйзам чегинде кароону өтүнүп, Жогорку Кеңешке жана мамлекеттик органдарга кайрылган.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укуктуктук кыймылы муфтияттын бул фатвасын Кыргызстандын Конституциясына каршы келет жана кумса, бисексуалдарды физикалык жактан жок кылууга үгүттөө деп баалайт. Уюм жарандардын коопсуздугу жана мыйзам сакталышына кепилдик берчү чараларды көрүү өтүнүчү менен башкы прокурор Аида Саляновага кат менен кайрылды.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму январь айынын соңунда “Кыргызстандын милиция кызматкерлери гей жана биосексуал эркектерди опузалап, коркутуп, ур-токмокко алат жана андай адамдар жыныстык зомбулукка кабылат”, деп билдирген.
XS
SM
MD
LG