Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 16:39

Акбаров: Эртеңин ойлобогон элдин келечеги жок


Акын Атантай Акбаров

...Эгер бетин жапкандар ыймандуу болсо, анда башын кумга тыгып алган төө куштар эң ыймандуу болмок. Мухаммед пайгамбар Кыргызстанда жашаса, анда ал сөзсүз ак калпак кийип жүрмөк.

Акын замандашыбыз Атантай Акбаров* менен айрым көңүл өйүгөн көкөй кести маселелер тууралуу маектешүүбүз үчүн эпистолярдык стилди тандап алдык. Виртуалдык байланыш, үн алгыны пайдаланып интервью алуу кеңири жайылган заманда кат жазып пикир алмашуунун өз артыкчылытары бар. Ал эки жакка берчү суроолорун жана айтчу ойлорун бышырып туруп жазганга мүмкүндүк берет. Атантай мырзанын коомдогу көйгөйлүү көрүнүштөргө "Фейсбукта" өз пикирин маал-маал ачык айтып жүргөнү бар. Анын төбөлсүз Кыргызстандын тунгуч президенти жүргүзгөн саясатты сындап жазган “Акаев аскабы же Кожожашпы” деген макаласы (1993) дале көпчүлүк окурман журттун эсинде болсо керек. Атантай мырзанын айрым көз караштарына макул боло албадым. Бирок аларды окурмандар өздөрү таразаласын деп, ал боюнча өз оюмду жазбадым.

"Азаттык": Атантай мырза! Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги Имам Сараксы мечитинин ачылышында “Мечиттердин көп болгону жакшы. Себеби, ыймандуулар көп болот” деген мааниде сүйлөдү. Бул сөз тактоону талап кылат. Себеби, биринчиден, ыйман деген сөз ислам динин толук таануу деген кеп болсо, экинчиден адамгерчиликтүү, адептүү, асылзада, изги жана башка оң сапаттарды камтыйт. Андыктан, Сооронбай Жээнбеков бул сапаттардын кайсы бири жөнүндө сөз кылды деп ойлойсуз?

Акбаров: Кыязы эки маанисин тең камтып айтты окшойт. Түркия мечитти курууга акча бөлгөндүктөн, бир чети ал кеп ашкере диндар Эрдоган мырзанын көңүлүн алуу ниетинде айтылган дипломатия да болуп кеткен окшоду. Алгачкы президенттерибиз өлкөнү жерди сатып бакса, азыркылар намаз окуп багып жатабы деген да ой кетет кээде. Айтайын дегеним, Сауд Арабиянын өнүктүрүү фонду тарабынан мектептердин курулушун каржылоо долбооруна бөлүнгөн 30 миллион долларлык каражат Кыргызстанга жеңилдетилген насыя катары берилгени жатат. Муну Кыргызстан бир пайыздык үстөк менен 25 жыл мөөнөт ичинде төлөп бүтүшү керек. Насыяны төлөө 2022-жылдан башталат.

Буга чейин ушул эле фонд Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун курууга 20 миллион доллар акчаны насыя түрүндө берген. Ал эми 3 миллион 397 миң доллар Бишкекте логистикалык борбор курууга грант катары берилгени турат. Ошондой эле бул фонд жеңилдетилген насыя катары Кыргызстанда заманбап балдар ооруканасын курууга да 30 млн. доллар көлөмүндө насыя бөлгөнү турат. Орусия бизге ГЭС курууга насыя бербей, Кытай тарап болсо Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууга киришпей жаткан соң, биздин өлкөнүн жетекчилиги мусулман өлкөлөрү менен алаканы жакшыртууну колго алып жаткан сыяктуу. Ошентсе да, өлкөнүн президенти – ал элдин туусу. Демек, президент ар бир сөзү эле эмес, ар бир кыймылы менен да өз элине дух берип турууга милдеттүү.

Дүйнө диндери. А. Тешебаведин сүрөтү.
Дүйнө диндери. А. Тешебаведин сүрөтү.

Албетте, кыргыздар тээ Сатык-Бугра-хандын заманынан (960-жылдан) баштап ислам динин тутуп келет. Андыктан, бабаларыбыз карманып келген салттуу дин катары исламды, анын ханафи агымын тутуу чеки иш эмес. Өлкөбүздө исламдан башка да диний агымдардын көбөйүп кетиши диний карама-каршылыктарга алып келиши мүмкүн деген кооптонууну жаратат. Ал түгүл, исламдын эле агымдары болгон сунниттер менен шииттердин ортосунда деле согуш отун тутантып жиберүү чет элдик чатак козуткучтар үчүн кыйын маселе эмес.

Анткени, азыр ислам – тынчтыктын дини экенин түшүнбөй туруп эле “Аллах Акбарлап!..” -автомат ала чуркаган караңгы адамдар көбөйүүдө. Алар исламдын анык душмандары. Маселен, Сирияда: “Согушка барба!”- деген сөзү үчүн уулу өз энесин атып салбадыбы. Андай жорук бизде – Кыргызстанда болбойт деп эч ким кепил боло албайт. Азыркы учурда андай караңгы жаштар өз Ата Мекенин да, өз ата-энесин да бөтөндөр үчүн садага чаап ийген маңкурттарга айланып жатканы өтө кооптуу. Сирияга согушка кеткен кыргызстандыктар мурда эле 200дөн ашуун деп табылып, анын 22си каза болсо, ички иштер органдарынын расмий маалыматтары боюнча 1700дөн ашуун жаран диний азгырыкчы же шек туудурган адамдар болгону анын кейиштүү мисалы десек болот.

Баса, мен өзүм күбө болгон бир мисалга токтоло кетсем, шаардык маршруттук унаада өз энесиндей болгон байбичеден орун талашкан жаш таксырларды көрүп, көңүлүм караңгылады. Антип мурутсуз сакал коюп, узун ак сулп көйнөк кийип алып же бетин чүмкөп кара никаб кийип алып эле бейиштен үмүт эте берүү наадандык. Андай караңгы жаштар эртең биздин мамлекетибиздин талкаланышына алып келет. Өз мамлекетинин болочогуна кайдыгер караган адамдарды, улууларды сыйлоону билбеген таксырларды мен эч качан ыймандуу деп айтпас элем.

Ыймандуулук деген – бул ириде ата-бабаларыбыздан бери келаткан адамдык асыл сапаттарды алып жүрүү, адам өлтүрбөө, кыздарды, алсыздарды кордобоо, уруулук кылбоо, ушак айтпоо, бирөөгө кара санабоо, үй-бүлөңө, жакындарыңа, элиңе, мамлекетиңе пайдаңды тийгизүү, өлкөнүн эгемендүүлүгү жана бакубат келечеги үчүн татыктуу салым кошуу! Анан калса ислам дининин жакшы жактарын дүйнөгө жайылтуу үчүн кам көрүү. Тактап айтканда, исламчылар биздин жергебизге араб халифатын курууга умтулбастан, кыргыз мамлекетинин эгемендигин, бүтүндүгүн сактап, гүлдөгөн Кыргызстанды жаратууга оң салым кошуусу кажет!

Оштогу жыйынды хижапчан отурган кыздар.
Оштогу жыйынды хижапчан отурган кыздар.

"Азаттык": Борбор шаарыбыз Бишкектеги атактуу №5 мектепте башталгыч класстар үч нөөмөт менен окутканын угуп аябай таң калдым. Баш калаанын кээ бир мектептеринде бир класста 40-50дөн окуучу бар экенин массмедиа жазды. Ошол эле учурда Кыргызстанда диний окуу жайлардын, медреселердин Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстанга караганда көп экени жөнүндө кандай ойдосуз?

Акбаров: ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын кызматкери Эрлан Бакиевдин маалыматы боюнча мурда совет мезгилинде Кыргызстанда 39 мечит болсо, азыр мечиттердин саны 2745ке чейин көбөйдү. Андан тышкары 76 медресе, тогуз диний жогорку окуу жайы бар. Балким коңшулаш мамлекеттерге салыштырмалуу бизде көп болсо болгондур, бирок, биз диний окуу жайлар, медреселер бизде Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстанга караганда көп деп мактанбастан, биздин бала бакчаларда, мектептерде жана жогорку окуу жайларда коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу сапаттуу билим берилет, адеп-ахлактык, улутмандык тарбия да бизде жогору деп сыймыктанышыбыз керек. Мухаммед пайгамбардын: “Кытайга барсаң да өнөр үйрөн”, “Бейиш – энелердин аяк астында” – деген учкул сөздөрү бүгүн да өз маанисин жогото элек.​

Илим менен бир күн шугурлануунун сообу отуз күн орозо туткандын сообуна тете”,

​Эгер бүгүнкү таксырларга пайгамбарлык даража туш келип калса алар: “Бейиш – менин таман астымда” – деп эле айтмак экен. Дагы жакшы, Мухаммед пайгамбар: “Менден кийин пайгамбар чыкпайт!” деп кесе айтып кетиптир.

Баса, башка диндерге салыштырмалуу жашоодо ислам дининин утуш алып келатканынын бир себеби, Куран көптөгөн илимий ачылыштарга башат болуп келатат. Ал эми көптөгөн молдокелерибиздин илим тууралуу илип алар түшүнүгү жок экени, албетте, өкүнүчтүү.

"Азаттык": Курандын көптөгөн илимий ачылыштарга башат болуп келатканы тууралуу сөзүңүз далилдүү маекти талап кылат. Ошон үчүн ага токтолуп, негизги темабыздан алагды болбойлу. Азыр өлкөдө бир чоң катмар пайда болууда. Аялдар адептүү, ыймандуу болобуз дешип, арабдарды туурап кийинип, улуттун этнографиялык өзгөчөлүгүн Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн стилине өткөрүүдө. Мусулманчылык дешип, жакшылык-жамандыкта аял-эркектерди бөлүп отургузуу да жайылып баратат. Бул боюнча пикириңиз кандай?

Акбаров: Туура, аялдардын ичинде “хижап” (этин жапкан көйнөк-кече) эле эмес, “никап” (көзүнөн башка жерин бүт жапкан чүмбөт) кийгендер да көбөйүүдө. Аялдар эле эмес эркектер да пакистандыктардай болуп, тизесине чейин жеткен узун ак же кара көйнөктөрдү кийип жүрүшөт. Ээрчиме-белимчилердин бул жоругу кезинде президент болуп туруп ажыга барып келген А.Атамбаевге да жакпай, ал ар кайсы жерлерге чоң щиттерге: “Кайран элим, кайда бара жатасың?”- деп жаздырып, бирок, андай чүмкөнүүнү тыя албай койгону маалым. Кептин чыны – ыймандуулук бетти чүмкөө менен өлчөнбөйт. Эгер бетин көрсөтпөй койгондор эле ыймандуу деп эсептелсе, анда башын кумга катып алган төө куштар эң ыймандуу деп саналмак.

Белгилеп кетүүчү нерсе – быйыл бизде түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммити абдан ийгиликтүү өткөрүлдү. “Көчмөндөр оюну” болсо дүйнөнүн дүңгүрөтө өтө жакшы деңгээлде өткөрүлүп, ошондогу мыкты улуттук кийимдер телевизордон көрсөтүлгөн соң, улуттук кийимдерди кие баштаган кыздарыбыздын саны артып жатканы жакшылыктан үмүттөндүрөт. Эгер бул маселеге мамлекеттик деңгээлде мамиле жасалса, дүйнөдөгү эң кооз, эң адеми болгон кыргыз кыз-келиндеринин кийимдери өз өлкөбүздө эле кийилбестен, Кыргызстандын бренди катары бүткүл дүйнөгө кеңири тарала турган жөнү бар болуп турат.

Ал эми эл чогулган жамааттарда аялдарды эркектерден бөлүп коюу аялдардын азаттыгынын чектелишине жана алардын коомдогу активдүүлүгүнүн азайышына алып келет. Мында эске алуучу жагдай – кыргыз аялдары илгертен эле эркектер менен бир үйдө олтуруп, жарыша эле иштеп, жоокерчилик замандарда Кыз-Сайкал, Жаңыл-Мырза сыяктуу баатыр аялдар кыргыз элин, кыргыз жерин эркектер менен катар эле коргоп, элибиздин мыкты каада-салттарын, эне тилибизди сактап келишкен. Жараткан - Эгем ар бир адамдын жүзүн өзүнчө кайталангыс кылып жараткан соң бетти чүмкөө Кудайдын мыйзамына да каршы, башкача айтканда чоң күнөө!.. Намыскөй, акылдуу, билимдүү кыз-келиндерибиз ошону терең түшүнүп, өзгөлөргө жакшы өрнөк көрсөтөт деп ишенемин.

"Азаттык": Атантай мырза, сиздин жообуңузду угуп жатып, бир окуя эсиме түштү. 1993-жылдын май айы. Мурза аке Гапаров менен Кокон шаарында баратабыз. Мурза аке: “Биздин эжелер шаарлап келишкен экен” деп калдык. “Кайдан көрдүңүз эжелерди?” деп сурасак, алдыбызда бараткан аялдарды көрсөттү. “Карабайсыңарбы, алдына түз карап, башын жерге салбай бараткандарын. Өзбек же тажик аялдар болсо, жер карап басышмак. Жоолуктарын да карагылачы. Бети-моюнун оробой, жоолугунун четин башына тегерете бууп алышкан”, - деди Мурза аке. Алдыбыздагы аялдарга жете келип, саламдашсак, чын эле кыргыздар экен. Азыр кээ бир аялдар менен кыз-келиндерди алыстан көрүп, кайсы бир араб өлкөсүнөн же Түштүк Азиядан, мисалы, пакистандык го деп ойлоп кетесиң.

Акбаров: Ооба, кайсы өлкөнүн жарандары кандай кийиниши керектигин тышкы күчтөр эмес, табият, башкача айтканда жаратылыштын шарттары, аба-ырайы, улуттук өзгөчөлүктөрү аныктайт. Байыркы убактарда кыргыздар (дүйнөлүк тарыхта жазылышы гергестер) Месопотамияда жашап турган убагында бабаларыбыз ошол жердин шартына ылайыкташып, ак көйнөк, ак дамбал кийип жүрүүгө көнүп, кийин деле аны ич кийим катары кийип жүрүшкөн. Энелерибиз болсо азыркы молдолор сыяктуу эле чалма оронушуп, анысы элечек деп аталып калган. Ал эми Эне-Сайда жашап турган маалдарында бабаларыбыз тон, ичик, тумак, тебетейлерди өзгөчө көрктүү кылып кийишкен. Жер шартына жараша кийинүү керек демекчи, эгер Мухаммед пайгамбар деле Кыргызстанда жашап калган болсо сөзсүз алчылантып ак калпак киймек.

(Маектин 1-бөлүгү)

*Атантай Акбаров Кыргызстан Жазуучулар Бирлигинин Алыкул Осмонов сыйлыгынын, Түркиянын Махмуд Абдул Бакы (Бакы) жана Казакстандын Кадыр Мырза Али атындагы сыйлыктарынын лауреаты, Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун алтын медалынын лауреаты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG