Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 13:03

Көп аялдуулук жана ислам


Жаркынбай Себетов.

Көп аялдуулук айрым себептерден улам акыркы учурда өлкөбүздө өтө актуалдуу маселеге айланганы маалым.

Бул тууралуу көптөгөн талаш-тартыштар болду, ар түрдүү ойлор, пикирлер жана көз-караштар айтылды. Жактагандар да чыкты, жектегендер да чыкты. Муну мыйзамдаштырыш керек экенин сунуш кылгандар болгондой эле, кош никелүү эркектерди сот жообуна тартыш керек экенин айткандар да болду. Төмөндө көп аялдуулуктун тамыры каякка барып такалат, анын исламдагы орду, эреже-шарттары кандай, эмне себептерден улам буга уруксат берилген деген сыяктуу суроолорго жооп издегенге аракет кылдык.

Көп аялдуулуктун тамыры

Көп аялдуулук коомдун жашоо шарттары, маданияты, ишеними, үрп-адат жана каада-салттары, адамдардын экономикалык мүмкүнчүлүгү жана коомдогу аброю менен да тыгыз байланышы бар. Ошондуктан көп аялдуулуктун тарыхы тээ байыркы замандарга барып такалат. Байыркы Вавилондо, Египетте, Афинада, Индияда, ошондой эле перс, славян, англосакс жана түрк элдеринде, анын ичинде өзүбүздүн эле кыргыздарда көп аялдуулук болуп келгени тарыхый чындык. Хаммурапинин мыйзамдарында да (Хаммурапинин мыйзамдары – б.з.ч. 1750-жылдары түзүлгөн байыркы жазуу эстелиги) белгилүү шарттардын негизинде көп аялдуулукка уруксат берилгенин көрүүгө болот.

Брахман жана зардушт (зороастризм) диндеринде көп аялдуулук мыйзам ченемдүү көрүнүш катары каралат. Ошондой эле иудаизм жана христиан диндеринде да эки же андан ашык аял алууну чектеген өкүм жок. Мисалы, Ыйык Китепте айрым пайгамбарлардын эки же андан ашык аялы болгону айтылат (караңыз: Бытие 16:1-4, 29: 20-30, 30:3-6). Бирок, Ыйык Китепте тыюу салган өкүм жок экенине карабастан, XI кылымда Рабейну Гершом бен Йехуда (960-1040) тарабынан көп аялдуулукка тыюу салынган. Инжилде да көп аялдуулукка тыюу салган же аны сунуш кылган эч кандай өкүм кездешпейт. Лютерандык протестантизмдин негиздөөчүсү Мартин Лютер (1483-1546) кош никелүүлүктү мыйзам ченемдүү деп эсептеген. Мормондор (XIX кылымда жашап өткөн америкалык диний жол башчы Жозеф Смиттин окуусун жактагандар) да көп аялдуулукту жакташаары маалым.

Ислам дининде негизинен бир учурда жалгыз эле аял менен түтүн булатуу сунуш кылынганы менен, эки, үч же төрт аял менен үй-бүлө куруп жашаганга да уруксат берилет. Бул тууралуу Куранда “никеси адал болгон аялдардан экөөнө, үчөөнө жана төртөөнө үйлөнсө” боло турганы айтылат (Ниса сүрөсү 3-аят). Ушул эле аяттын уландысында аялдардын ортосунда “адилетсиздик кылуудан корксоңор, анда бир аял менен гана чектелгиле” деп белгиленет.

Исламда көп аялдуулукка уруксат берилишинин себептери

Мусулман аалымдар ислам дининде көп аялдуулукка уруксат берилишинин себептери катары төмөнкүлөргө токтолушат:

1. Калктын санын көбөйтүү. Кайсы бир улуттун же өлкөнүн күчтүү жана абройлуу болушунда калктын санынын да белгилүү бир өлчөмдө таасири бар. Калктын санын көбөйтүүнүн жолдорунун бири көп аялдуулук деп эсептелет.

2. Согуштардын таасири. Согуш, киши өлтүрүү, жадагалса калктын санынын табигый өсүшү сыяктуу себептерден улам аялдардын саны эркектерге караганда көп болуп келет. Тарыхта байма-бай болуп өткөн жана азыркы учурда да болуп жаткан согуш, адам өмүрүн кыюу сыяктуу негизинен эркектердин азайышына себеп болгон окуялар мындан ары да уланып турарын эч ким тана албайт. Эгер эркектер бирден эле аял ала турган болсо, анда калган аялдар турмуш кура албай, аялдык муктаждыгын камсыз кыла албай, бала жытын жыттай албай өтүп кетиши мүмкүн жана бул көрүнүш коомго да терс таасирин тийгизиши ыктымал. Ал эми бул маселени көп аялдуулукка уруксат берүү аркылуу чечүү мүмкүн экени айтылат.

3. Тукум улоо. Үй-бүлө куруунун бирден-бир максаты – бала-чакалуу болуп урук-тукумду, урпак-насилди улоо. Кош никеге уруксат берилбеген жерлерде биринчи аял төрөй албай турган болсо, аны менен ажырашып, башка аялга үйлөнүүгө туура келет. Мунун натыйжасында биринчи аял психикалык жактан запкы жеп, “төрөбөй ажырашкан” аял катары коомчулуктун да ар кандай сөздөрүнөн жабыр тартышы жана укугу тебелениши мүмкүн.

4. Көңүлдөштүк мамиле. Кээ бир эркектердин айрым себептерден улам никесиндеги аялынан сырткары башка аялдар менен да көңүлдөш болуп жүргөнү ачуу чындык. Бул көрүнүш бара-бара коомдук жашоонун бузулушуна, адеп-ахлактын начардашына, сойкулуктун өрчүшүнө да чоң таасирин тийгизет. Мына ушул сыяктуу балакеттерди алдын алыш үчүн эки же андан ашык аял алууга уруксат берилиши керек экендиги айтылат.

Эки же андан ашык аял алуунун эреже-шарттары

Ислам дини көп аялдуулукка жөн гана уруксат берип койгон эмес, тескерисинче андагы жоопкерчиликти оорлоштуруучу айрым эреже-шарттарды койгон. Мына ушул эреже-шарттардын эң башкысы “адилеттүүлүк” болуп эсептелет. Мындагы адилеттүүлүк “никесиндеги аялдарды үй-жай, тамак-аш жана кийим-кече менен камсыз кылууда, аларга бөлүнгөн убакытта жана мамиледе теңдикти сактоо” деп айтылат. Ушуларды аткара алган эркектерге гана эки же андан ашык аял алууга уруксат берилет, ал эми адилеттүүлүктү сакташына көзү жетпегендердин экинчи аялга үйлөнүшү дурус эмес деп эсептелет. Биринчи аялын капа кылып же анын көңүлүн оорутпаш үчүн экинчи аял албаган эркек соопко ээ боло турганы белгиленет жана ушундан улам экинчи аял албаган дагы да жакшы деп айтылат. Ошондой эле жогорудагы себептерден улам экинчи жубай болуп турмушка чыкпаган аял да соопко ээ болот деп саналат. Оштук аалым Сиражуддин ал-Ошийдин “ал-Фатава ас-Сираажиййа” аттуу эмгегинде (207-бет), ханафий мазхабынын негизинде жазылган “ал-Фатава ал-Хиндиййа” аттуу көрүнүктүү китепте (2-том, 477-бет) жана Омер Насухи Билмендин (1883-1971) “Хукуку Исламиййе ве Ыстылахаты Фыкхыййе Камусу” аттуу китебинде (2-том, 114-бет) да мына ушул нерсе так көрсөтүлгөн. Бул туурасында Куранда да “Эгер адилетсиздик кылуудан корксоңор, анда бирөө менен гана чектелгиле” деп айтылат (Ниса сүрөсү 3-аят). Ошондой эле Мухаммед пайгамбар да: “Эки аялы болуп, алардын бирөөсүнө башкача мамиле кылган киши кыяматта бир жак капталы шал болуп тирилтилет” деп айткан (Абу Давуд, “Нике”, 38; Тирмизий, “Нике”, 42). Ал эми жүрөктөгү сүйүү, жакшы көрүү сыяктуу сезимдерди башкаруу адамдын колунда эмес. Андыктан аялдардын баарын бирдей жакшы көрүү, сүйүүдө теңдикти сактоо жогоруда айтылган “адилеттүү болууга” кирбейт. Бул нерсе Куранда “Канчалык аракет кылсаңар да (баарын бирдей сүйүүдө, жакшы көрүүдө) аялдардын ортосунда адилеттүү болууга алыңар жетпейт. Ошондуктан, бирөөсүн арсар кылып таштап коюп, бирөөсүнө такыр эле ооп кетпегиле!” (Ниса сүрөсү 129-аят) деп белгиленип, жүрөктөгү сезимди колдон келишинче сөз жүзүндө жана иш жүзүндө сездирбегенге аракет кылыш керек экендигине ишарат кылынат. Азирети Мухаммед пайгамбардын да аялдарына адилеттүү мамиле кылганы жана “Оо, Алла Таалам! Менин колумдан келишинче кылган аракетим – ушул. Бир гана сенин кудуретиңде болгон жана менин күчүм жетпеген нерселер үчүн мени жоопко тарта көрбө!” деп Жаратканга жалбарганы айтылат (Абу Давуд, “Нике” 38).

Эки же андан ашык аял алуунун дагы бир шарты – “никесиндеги аялдардын баарын бирдей багууга жете тургандай экономикалык мүмкүнчүлүккө ээ болуу”. Үй-бүлөнүн үй-жай, тамак-аш, кийим-кече сыяктуу күнүмдүк муктаждыктарын камсыздоо – эркектин милдети. Демек, бир аялды эптей албаган, жарытып аны бага албаган эркек экинчи аял алганга ашыкпашы керек.

Биринчи аялдын макулдугу керекпи?

Биринчи аялдын (байбиченин) күйөөсүнүн экинчи аял алышына уруксат же макулдук берип-бербеши өз эркинде, каалоосунда. Негизинен, ислам укугу боюнча экинчи аял алыш үчүн биринчи аялдын макулдугу, уруксаты керек эмес экендиги айтылат. Бирок муну азыркы учурда кездешип жаткандай “биринчи аялынан жашырып, аны кабардар кылбай эле экинчи аял менен да жашап жүрсө боло берет” дегендей кабыл албаш керек. Канчалык жашырган менен, баары бир анысы бир күнү ачыкка чыгат, анан “эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка калыптыр” болуп, же биринчиден жок, же экинчиден жок болуп ортодо калат. Эң жаманы – эч күнөөсүз балдар атасыз же апасыз жашаганга мажбур болушат. Ошондуктан жеке өзүнүн интимдик каалоосуна баш ийип, "экинчи аял алам" деп биринчи үй-бүлөсүнүн бузулушуна, өз канынан жаралган балдары атасынын эркелеткенинен же апасынын мээриминен алыс чоңоюшуна себепкер болгонду жосунсуз жорук деп айтуу аша чапкандык болбос. Кыскасы, биринчи аялдын макулдугу – диний жактан экинчи никенин жарактуу болушу үчүн шарт эмес болсо дагы, үй-бүлөлүк жашоонун ынтымакта уланышы үчүн шарт деп айтканга болот.

Башка мусулман өлкөлөрүндө абал кандай?

Башка мусулман өлкөлөрүндө көп аялдуулук маселеси боюнча бири-биринен айырмаланган мыйзамдар бар. Сауд Арабия, Кувейт, Катар сыяктуу араб өлкөлөрүндө эркектерге төрткө чейин аял алууга уруксат берилген. Ал эми Сирия, Ирак, Йемен жана Индонезия сыяктуу мусулман өлкөлөрүндө соттун уруксаты, биринчи аялдын макулдугу, аялдардын баарын бирдей багууга жеткидей экономикалык мүмкүнчүлүккө ээ экенин далилдөө, биринчи аялдын оорулуу же төрөй албай турган болушу сыңары шарттар менен кош никеге уруксат берилген. Пакистанда болсо экинчи никеге тыюу салынбаганы менен, мыйзамда белгиленген айрым шарттар менен аны оорлоштурган жана Арбитраждык Кеңештин уруксатын албастан экинчи аял алгандар бир жылга чейин эркинен ажыратуу жана ага кошумча 500 миң рупий төлөө менен жазаланары белгиленген. Ал эми Тунис, Түркия жана коңшулаш өлкөлөрдө болсо эки же андан көп аял алууга тыюу салынган.

Жыйынтык

Негизинен бир аялдуулукту сунуш кылган ислам дининин көп аялдуулукка болгон мамилесин сындаган жана ага каршы чыккандардын көпчүлүгү бул маселенин өкүмүн, эреже-шарттарын жетишерлик деңгээлде билбегенинен жана айрым шарттардын негизинде берилген уруксатты диний буйрук, милдет деп түшүнгөнүнөн улам болуп жатканын көрүүгө болот. Никесиз байланышка, сойкулукка жана ойноштукка байланыштуу аялдардын укугу бузулуп жатканына үн катпагандар бул маселени аял укугунун бузулушу катары колго алышы да өзүнчө түшүнүксүз маселе.

Көп аялдуулук аялзатынын баарына зыян тийгизип, баарынын укугун бузуп, тебелейт деп айтууга болбойт. Албетте, жеке алып караганда, мындан жабыр тарткандар да болушу мүмкүн, бирок ошол эле учурда бул аркылуу жашоодон өз ордун тапкан аялдар да бар экенин тана албайбыз. Жогоруда да айтып өткөндөй, азыркы учурда эркектердин бирден ашык аял менен мамиледе болушу байма-бай кезигет. Мындан биринчи аял “ала жипти аттаган” же “аны жактырбай башка бирөөнү эңсеген” эркектин “жубайы” болуу запкысын көрсө, экинчи аял социалдык укук, коомдук жек көрүү жана башка тараптардан зыянга учурайт. Айрыкча экинчи никеден төрөлгөн балдардын катталышы да өзүнчө маселе жаратат.

Дагы айта кетчү нерсе - ислам дининде көп аялдуулуктун бар экендиги сөзсүз эле бирден ашык аял алыш керек деген түшүнүккө жатпайт. Бул – жогоруда айтылган эреже жана шарттардын негизинде зарыл учурларда берилген жөн гана уруксат болуп эсептелет, эч кандай парз-милдет эмес. Каалаган алат, каалабаган албайт. Айрым учурларда байкалып жүргөндөй, дин жолуна түшүп, дароо эле “сөзсүз экинчи аял алыш керек экен” деп шымалана калгандар өздөрүнүн диний маалыматы, билими, түшүнүгү тайкылыгын гана көрсөтөт. Дагы бир белгилей кетчү нерсе - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында эки же андан көп аял алууга тыюу салынган жана Кылмыш-жаза кодексинде “эки же андан көп аял алгандар, башкача айтканда жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашагандар эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат” деп белгиленген (153-берене).

Жаркынбай Себетов, Ош мамлекеттик университетине караштуу Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин окутуучусу, ислам укугу боюнча доктор илимий даражасынын ээси

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG