Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:47

Кош нике: эки оттун ортосунда калган күйөө


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Белгилүү диниятчы Чубак Жалилов жесир келинди токолдукка алганын ачык жарыялагандан кийин көп аялдуулук кыргыз коому талкуулаган башкы темалардын бирине айланды. Коомдо Жалиловдун кадамын жактагандар да, сындагандар да арбын.

Укук коргоочулар Чубак Жалилов мыйзамды тебелеп, экинчи аял алганы жана өзү алып эле тим болбой башкаларга чакырык таштаганы үчүн жазаланышы керектигин айтып жатышат.

Мамлекет жетекчилери бул чакырыктарга азырынча үн ката элек. Эл арасында күйөөсү башын аттаганы үчүн жан дүйнөсү жабыркап, психологиялык жардамга муктаж болгон кыз-келиндер арбын. Ошол эле маалда экинчи, үчүнчү аял болуп турмушка чыгып алып, бармагын тиштегендер да четтен чыгат.

Экинчи, үчүнчү аял болуп тийгендердин дээрлик баары аты-жөнүн ачык айтууну каалабайт экен. Алардын бири - өзүн Надира деп тааныштырган келин 27 жашта. Жети жыл мурда өзүнөн бир топ жаш улуу эркек менен таанышып, анын "ажырашкам жана сага үйлөнөм" деген бал тилине ишенип, алданып калганын айтып отурду:

Диниятчылар көп аял алууну кайра козгошту

Диниятчылар көп аял алууну кайра козгошту

Ушул күндөрү көп аял алуу маселеси социалдык тармактарда кайрадан кызуу талкууга түштү.

- 20 жаштагы студент кыз болчумун. Жолдошум келишимдүү, сымбаттуу эле, кызматта иштечү. Кымбат машине айдап жүрчү. Курбуларым менен чогуу Бишкектеги кафелердин биринде отуруп, таанышып калганбыз. Кыздардан акча аячу эмес. Мени анын жакшынакай болуп жүргөнү, акчасы да кызыктырды. Өзү дагы ал кезде отуздан ашкан кыздар суктанган киши эле. Мамиле куруп кеттик, бири-бирибизди жакшы көрүп жашап алдык. Аялы менен ажырашпаганын, төрт баласы бар экенин билдим. Ал учурда балдары, аялы мени кызыктырчу эмес. Аларды ойлогон деле эмесмин. Ушуну менен бирге болсом деген максат менен жашадым. Мага ижарага батир алып берди, курсагымды тойгузду, акча берип турду. Теңтуштарым менин жашоомо суктанып калышчу. Бир жумада бир жолу келип турчу, ошол мага жетет эле. Калган күндөрү курбуларым менен ойноп-күлүп, ал берген акчаны кенен-кесири сарптап эле жыргап жүрө берчүбүз. Эки-үч жыл өткөндөн кийин анын аялы биздин мамилени билип калып, үй-бүлөсүндө чыр чыкты. Калп айтпайын, үй-бүлөсүн таштап, мага келсин деп көп эле аракет кылдым. Ата-энем минтип жүргөнүмдү билчү эмес. Анан кош бойлуу болуп калдым, мечитке барып нике кыйдырдык, кыз төрөдүм. Ата-энебизге ачыкка чыгууга туура келди. Азаптын баары ошондон кийин башталды. Аялы билгенден кийин "же бизди же аны танда" деген шарт коюптур. Бирок жолдошум эки жакта тең жашайт. Мурда ысык болсок, балалуу болгондон кийин пикир келишпестик, ызы-чуулар көп болду.

Иллюстрация
Иллюстрация

Учурда Надира эки кыздын энеси. Өзү самагандай эле жолдошу биринчи аялынын каршылыгына карабай Надирага да келип, балдарына да каралашып турат. Бирок Надира үй-бүлөнү бузганына, өзүнөн улуу кишиге турмушка чыкканына өкүнүп жүргөнүн жашырбады. Ортодогу 14 жаш айырма азыр экөөнүн жашоосуна бир топ эле таасир этет экен:

- Жолдошум аябай кызганат, кээде жумушка чейин барып алат. Теңтуштарым менен кенен баса албайм, телефондон бирөө менен сүйлөшсөм да аңдып турат же өзү эч жакка ээрчитип барбайт. Конок, той-топурга биринчи аялы менен барат. Мени кез-кезде достору чогулган жерлерге эле алып барбаса, эч ким менен катыша албайм. Досторунун арасында деле сыртымдан өзүмдү бактылуу көрсөткөнүм менен сынаган, жериген көз карашын байкап, ичимден жаман боло берем. Кайын-журтумдан деле бир үй-бүлөнүн ыркын буздуң дегендей жемелерди уккам. Баары бар, кийимден, тамак-аш, акчадан өксүтпөйт. Бирок кээде аябай кыйналам. Биринчи аялы молдо-бакшыга барып окутуп жүргөнүн да угуп калам. Үй-бүлө толук болгону жакшы да, эки күн ары жакта, эки күн бери жакта болбой. Чынында өз теңиме эле турмушка чыгып, аны менен чогуу балдарымды карап жашасам эмне деп көп өкүнөм. Убакытты артка кайтара албайт экенбиз. Артка кайтарганда жашоомду башкача кылмакмын.

Надирага окшоп экинчи, үчүнчү аял болгондордун көбү шариятка ылайык нике кыйдырып жашагандыктан, балдарына күбөлүк ала албай жүргөндөр да жок эмес. Мындай кыз-келиндердин арасында күйөөсү эки аялга тең карай албайт деп нааразы болгондор да бар. Ысымын шарттуу түрдө Айгүл деп атаган 30 жаштагы келин беш маал намаз окуган адамдын экинчи аялы экен:

- Шарияттын негизинде жашаса мейли дейсиң. Бирок пенделик кызыкчылык баарынан жогору болуп кетет. Аны өтө такыба кишилер гана ооздуктабаса... Чубак ажы өзүнө ишенгени үчүн алды да. Бирок адилеттүү болуш өтө кыйын деп ойлойм. Пайгамбарыбыз "калыс боло алсаңар алгыла" деп айткан да. Жада калса пайгамбарыбыз өзү "мен аялдарыма калыс карай алдымбы" деп коркчу экен.

Айгүлдүн айтымында, коомдо экинчи аялды соопчулук же шарияттын талабын аткаруу үчүн эмес, кумар үчүн алып жаткандар басымдуу.

Берки үйүнө барса биринчи аялы "токолуңа кет" десе, мага келсе мен тигинисин жамандап, кой десе "болушуп жатасың, ошонуң эле жакшы" деп турсам башы ооруйт да. "Экөөңдөн тең тажадым" деп да айткан күндөрү болгон.
Аймира

Ал эми 40 жаштагы Аймира жашы отуздан өтүп калганда үй-бүлөлүү, төрт баласы бар, өзүнөн кичүү кишиге башын байлап, үч баланын энеси болду. Балдарынын амандыгына шүгүр деген Аймира (аты өзгөртүлдү) күйөөсү менен күндөшүнөн көп кордук көргөнүн айтты:

- Жолдошум биринчи аялы менен мени, балдарын катташтырам дейт. Экөөбүз эки башка үйдө жашаганыбыз менен бири-бирибизди көргүбүз жок. Күйөөмө сыртымдан эч нерсе билгизгим келбейт, ал келгенде бүт баарын даярдап, көңүлүн алып турам. Бирок биринчи аялын жамандагым эле келе берет. Менин тилиме кирип аны уруп-сабаган же анын сөзүн угуп, мени какыс-кукус кылган учурлар болот. Экөөбүз көрүшсөк чачташып, жулмалашып, мушташканга чейин барабыз. Күйөөм бир ирет бизди араң ажыраткан. Ошентип, эки үй-бүлөсүн катташтыра албай калды. Ачык айтпаганы менен мени экинчи аял кылып алганына ал деле "аттиң" деп жүргөнүн сезем. Берки үйүнө барса биринчи аялы "токолуңа кет" десе, мага келсе мен тигинисин жамандап, кой десе "болушуп атасың, ошонуң эле жакшы" деп турсам эмне кылмак эле... Экөөңдөн тең тажадым деп да айткан күндөрү болгон. Аялдык кыла берет экенсиң да. Сиздин суроолоруңуздан кийин ой жүгүртүп көрсөм, жашоом, жаштыгым канткенде тигиден кутулам, күйөөм жалгыз мендик болсо деген аракет менен эле өтүп жатыптыр.

Көп аялдуулук маселесинен экинчи, үчүнчү аялдар гана жабыркайт деп айтууга болбойт. Күйөөсүнүн башын аттаганын биринчи аял оор кабыл аларын психологдор иликтеп чыккан.

Сабира да бармактайында баш кошкон жолдошу менен Орусияда иштеп жүрүп ирденген. Анысы Кыргызстанга келип отурукташкандан кийин экинчи аял алып алган. Алты саны аман Сабира башында күйөөсүнүн бул жоругуна катуу нааразы болуп, өз өмүрүнө да кол салган экен. Туугандарынын, психологдордун жардамы менен аман калган. Ушу тапта дин жолуна түшүп, үч уулуна бакыт тилеп, сыртынан эч нерсе билгизбегени менен күйөөсүнүн алты жыл мурдагы жоругун дале кечире элек:

- Менин жан дүйнөмдү, ичимдеги нерсени күйөөсү башка аял алып алгандар гана түшүнөт. Ошол учурду эстегим келбейт, жашоо кызыксыз болуп калган. Катуу депрессия, стресс болдум. Андай кезде балдарыңды деле ойлобой, кайдыгер болуп калат экенсиң. Мага ушундай күйүт берген күйөөмдү өлтүрүп салгым келчү. Ичим күйүп, жүрөгүм ооруп, өрттөнүп, алган аялы менен кошо жолдошумду түнү менен каргап, наалат айтып чыккан күндөрүм болгон. Азыр анын баары өттү. Өз ден соолугум өзүмө, балдарыма керек экенин түшүндүм, динге берилдим, жеңилдедим. Бирок баары бир өзүмдү ичтен жей берем, менин ушундай абалым балдарыма, алардын психикасына таасир этпесе экен деп кыжаалат болом.

Көп аялдуулуктан жабыркаган аялдардын арасында психологдордун кеп-кеңешине муктаж болгондор арбын. Мындай тагдырга туш болгон аялдар Кыргызстандагы кризистик борборлорго кайрылышат.

Миллион жолу акылдуу, таасирдүү, кыйын жигит болсо да, аалым болсо да эки адамды башкаруу кыйын. Башкарып, унчукпай отурушу мүмкүн, бирок ичтеринде курт кайнайт.
Дарика Асылбекова

Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси, укук коргоочу Дарика Асылбекова динди билген такыба аялдар деле күйөөсүнүн үстүнө токол алышын каалабай турганын, бул түшүнүк үй-бүлө, коомдун болочогу, балдар үчүн кооптуу экенин эскертти:

- Бул чындыгында өтө оор. Бир тараптуу же бир адамдын кызыкчылыгы менен чечиле турган маселе эмес. Башында бир эле адамдын кызыкчылыгы менен болот. Бирок бир нече киши жабыркайт. Башкача айтканда, эки аял тең, алардын ортосунда күйөө да, балдар да жабыркайт. Балдар кылмыш жасап койгондой чүнчүп, коомдон обочо жүрүшөт. Моралдык-психологиялык жактан айрыкча биринчи аялга оор болот. Көпчүлүгү айтып атышат, күйөөсүнө макул болуп, алып берип жатат деп. Бирок, бул башка нерсе, башка учурларда. Ал эми аялдардын табияты башка да. Ооруп жаткан, карыган аял деле үстүнө аял алууга макул болбойт. Көп аял алган үй-бүлөдө биринчи аял экинчини күнөөлөйт. Ал ачык каршылык кылбаган күндө деле экинчи аял баары бир ээн-эркин жүрө албайт. Илгери кыргызда "күнү күйүшөт, абысын аңдышат" деп бекер айткан эмес. Бизге мындай аялдар көп кайрылышат. Келишпестик болбой койбойт. Миллион жолу акылдуу, таасирдүү, кыйын жигит болсо да, аалым болсо да эки аялды башкаруу кыйын. Башкарып, унчукпай отурушу мүмкүн, бирок ичтеринде курт кайнайт. Курт кайнап, сыртка чыккандан кийин аларды басып көр. Бул үй-бүлөлүк баалуулуктардын бузулушуна алып келет. Биринчи аялдар "менин ушундан эмнем кем, анын эмнеси артык" деп өздөрүн жеп жүрүп өтүшөт.

Мыйзам унутта калганда...

Укук коргоочулар аялдардын, улуттун маселесин айрым аалымдар айтмакчы көп аял алуу менен эмес, башка жол - кыз-келиндердин социалдык абалдарын жеңилдетүү, үй-бүлө институтун бекемдөө, соңку кезде башкы көйгөйгө айланган ажырашуулардын себептерин иликтеп, анын алдын алуу менен чечүүнү сунуштайт. Кыргызстанда бир убакта эки же андан көп аял менен түтүн булатууга мыйзамда тыюу салынган, мындай эркек эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Ошого карабастан, көп аял алууну мыйзамдаштыруу демилгелери ачык талкууланып, кайсы бир депутаттын, аткаминердин бир нече аялы бар деген кептер калк арасында ачык айтылып жүрөт.

Диниятчы Чубак Жалилов экинчи аял алганын ачык жарыялагандан кийин коомдо аны "жаш келин албай, майып же турмуштан кыйналгандарды камкордукка алса болмок", "кумар максатын көздөдү" деп сындагандар арбын болду. Тескерисинче, анын кадамын жактап, "кыргыз кыз-келиндерин ар улутка кор кылбай өзүбүз алалы" деп жактагандар да чыкты. Бирок мындайлардын көбү эркектер экенин байкоого болот.

Чубак Жалилов өз кадамын ислам шарттары жана улуттун келечегин ойлогону менен түшүндүрүүдө. Мусулманчылыкта төрт аялга чейин уруксат берилет, бирок милдеттүү түрдө эмес. Көп аял алгандарга "баарына тегиз кароо, адилеттүү болуу, моралдык жана материалдык укуктарты тебелебөө" тууралуу катуу талаптар коюлат. Адамдардын бул талаптарды аткарып, калыс болушу күмөндүү экени, ошондуктан күнөөкөр болуп калууну каалабагандар бир эле аял менен чектелиши ишаара кылынган.

Айта кетүүчү жагдай, диниятчылар көп аял алуу сунушуна Кыргызстанда эркектерге караганда аялдар көп деген маалыматты жүйө келтирип жүрүшөт. Бирок Улуттук статистика комитетинин быйыл августтагы иликтөөсү бул айтылгандарды четке кагып, өлкөдө аял менен эркектин айырмасы 0,8 гана пайыз экенин жана 60тан улуу аялдар көптүгүнөн кыз-келиндердин саны ашык чыгып жатканын көрсөткөн.

Көп аял алуу кадыресе көрүнүш катары саналган Сауд Арабиянын окумуштуулары болсо буга чейин эки же андан ашык никеге турган эркектерде жүрөк оорусуна чалдыгуу коркунучу төрт эсе жогору болорун аныктаган.

"Азаттыктын" архиви: Эки аял алуу көйгөйү сахнада. 21-сентябрь, 2017-жыл

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG