Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:50

Кайым айтыштырган карыз көйгөйү


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы карызынын тегерегинде айтылган кептерге жооп кайтарды.

Мамлекеттин тышкы карызынын көбөйүшү өлкөнү дефолтко алып барабы же акча-кредит саясатынын кадимки көрүнүшүбү? Сырттан насыя алууда жана аны натыйжалуу иштетүүдө мамлекеттик саясат кандай болушу керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Тиллаев, финансы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөкөв жана экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев катышты.

“Азаттык”: Мирлан мырза, экс-президент Атамбаев "Кыргызстандын тышкы карызынын тегерегинде кызыл кулактык менен маалымат таратышып, Кыргызстанды сызга отурган мамлекет катары сүрөттөп жатышат" деди. Кыргызстандын тышкы карызы боюнча бүгүнкү абал кандай, канча карызыбыз бар?

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Эл аралык Валюта корунун Кыргызстандын тышкы карыз деңгээлинин өсүп баратканы тууралуу соңку эскертүүсү боюнча “Азаттыктын” суроолоруна аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Яхья Саид жооп берди.

Мирлан Байгөнчөкөв: 2018-жылдын 31-июлуна карата алсак Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард 800 миллион долларды түзөт. Бул көрсөткүч өлкөнүн Ички дүң продукциясынын көлөмүнүн 48 пайызын түзөт. Мисалы, 2017-жылдын аягына тышкы карыздын көлөмү 4 миллиард 89 миллион доллар болсо, ал ИДПнын 54 пайызын түзгөн. Өзүңөр көрүп тургандай тышкы карыз улам азайып баратат.

Дагы эске алчу нерсе, негизги алынган акча – бул жеңилдетилген насыялар, бул 98 пайызды түзөт. Негизги карызды биз Кытай мамлекетинен алганбыз, андан кийин Жапония, Түркияга карызбыз. Эл аралык каржы институттарын алсак – Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта уюмуна да бересебиз.

“Азаттык”: Табылды мырза, Атамбаевдин алты жылында тышкы карыз эки эсе көбөйүп, 4 миллиард долларга жакындап калганы катуу сынга алынып жатканы чындык. Карызга байланыштуу мурдагы президент гана эмес, Жогорку Кеңеш да жоопкерчилик алышы керекпи? Бишкек ЖЭБ жана башка чуулгандуу долбоорлорго насыя алууну парламент бекитип жатпайбы.

Табылды Тиллаев: Албетте, карыз алуунун жоопкерчилиги президент же өкмөттө гана эмес, парламентте да болуш керек. Анткени бардык кредиттик макулдашуулар Жогорку Кеңеште ратификацияланат, ага чейин тиешелүү комитеттердин макулдугун алат. Палатанын жалпы жыйынында кароого корутунду берген да ушул комитет болот. Ошондуктан депутаттардын жоопкерчилиги өтө жогору.

Учурда өкмөттөн келген кредиттик макулдашуулардын долбоору өтө дыкаттык менен каралууда. Мурдагы президент, өкмөт учурундагы кредиттик макулдашуулар жол куруу керек, энергетиканы жаңылашыбыз керек деп элдин кызыкчылыгындагы жакшы ой, жакшы ниеттер менен келгенден кийин бекитип бергенбиз. Кеп анын бекитилишинде эмес, натыйжалуу иштетилишинде болуп жатпайбы, аны кантип иштетиш керек – ал өкмөттүн мойнундагы жоопкерчилик.

Макулдашууларга чейин кандай сүйлөшүүлөр болгон, ким кандай жоопкерчилик алган, ал аткарылдыбы же жокпу - буга укук коргоо органдары баа бериш керек. Ал жерде мыйзамсыз иштер болсо, ага Эсеп палатасы, Финансы полициясы, Коррупцияга каршы агенттик жана башка органдар жооп бериши керек.

“Азаттык”: Айылчы агай, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев маселе тышкы карыздын көлөмүндө эмес, ИДПга болгон катышында экенин айтты. Атамбаев "бийликке келгенде өлкөнүн ИДПсын 4 миллиард 600 миллион доллар менен кабыл алып, кызматтан кетээримде ИДПны 7 миллиард доллардан ашырып кеттим, анчалык санаркоого негиз жок" деди. Сиздин пикир кандай?

Айылчы Сарыбаев: Тышкы карызды алып жатканда “аны эмнеге алып жатабыз, эмнеге жумшайбыз, кайра кантип кайрып беребиз” дегенди ойлонушубуз керек.

Насыя берип жаткан өлкө же эл аралык уюм Кыргызстанды тайкем, куда-сөөгүм же жээним экен деп бербейт. Алардын да өз кызыкчылыктары бар. Ал кызыкчылыктардын үч түрү - саясий, экономикалык жана согуштук болот.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өнүгүп-өсүп кетсин деген экономикалык кызыкчылык менен Кыргызстанга бир дагы өлкө насыя бербейт. Биз алган насыялардын көпчүлүгү саясий мааниге ээ. Ошол эле Кытай, Орусия же Түркия бизге насыяны саясий кызыкчылык менен берип жатат.

Бизге келген насыяларды эки түргө бөлсөк болот. Биринчиси - бюджеттин таңсыктыгын жабуу, төлөө балансынын таңсыктыгын жабуу жана сомдун курсун кармоого кетет. Бул экономикасы начар өлкөнүн көрсөткүчү, буга кредит кетпеш керек болчу. Тилекке каршы, биз ушундай багытка да насыя алдык.

Экинчиси - өнүгүүгө инвестиция катары жумшалган насыялар. Жолго, энергетикага ж.б. тармактарга алып жатканыбызды колдоого алсак болот. Жакшы жол салып алсак соода жүгүртүүгө жакшы шарт түзүлөт. Энергетика менен бардык тармакты үзгүлтүксүз жабдып алсак элге, инвесторго да жакшы эмеспи. Ал өз учурунда экономикабыздын жогорулашына жакшы шарт түзөт.

Ар бир насыянын кайтаруу мөөнөтү болот. Албетте, жолду куруп койсок эле жарым жылда өзүн актабайт, ал андан узак убакыттан кийин бир нече эселеп өзүн акташы мүмкүн. Энергетикага келген акча да мүмкүн беш же он жылда өзүн актап бүтөт, баарын эсептеп чыгып, ошондон кийин гана акчаны алыш керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Кайым айтыштырган карыз көйгөйү (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:26 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG