Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:51

Кытай насыясынын кыстоосу алдыда


Кыргызстандын жана Кытайдын желектери.

Британиялык "The Sun" басылмасы Кытай кичине, жарды өлкөлөргө насыя берүү менен жылма экспансия саясатын жүргүзүп жатканын жазып чыкты.

Кытай жакыр жана чакан өлкөлөргө өтө көп суммада насыя берип, үстөмдүгүн орнотуп жатканын британиялык "The Sun" басылмасы өткөн жумалардагы санында жазып чыкты.

Анда Бээжинге көз карандылыгы күчөп бараткан Пакистандан тартып Африкадагы Жибути, Мавритания сыяктуу өлкөлөр да аталган. Басылма алардын катарына 1.5 миллиард доллар карызы бар Кыргызстанды кошкон.

Британ басылмасы Кытай эбегейсиз насыяларды берүү менен жакыр өлкөлөрдө таасирин күчөтүп, жылма саясатты жүргүзүп жатат деп шектенет. "The Sun" гезити берилген насыяларды төлөө жону жука өлкөлөр үчүн кыйын болгондуктан карызды кайтарууга келгенде Бээжиндин талабы катуу болорун эскерткен. Буга ал Шри-Ланкада былтыр түзүлгөн кырдаалды мисал келтирип, карызды убагында кайтара албаган бул өлкө аймагындагы деңиз портун кытайлык компанияга 99 жылга ижара берүүгө аргасыз болгонун жазган.

Британ басылмасындагы макала Кытайга карыздын көбөйүп баратканы үчүн чочулоо күч алган Кыргызстандагы абалды кайрадан эске салды.

Эбегейсиз карыздын эсеби болот...

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы июль айына карата Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард 800 миллион доллардан ашкан. Анын ичинен 1,7 миллиард доллар Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. Бул Кыргызстандын тышкы карызынын 45% жакынын түзөт. Мындай кырдаалдын кооптуу экени буга чейин парламентте бир нече жолу айтылган.

Айрыкча Кытайдан алынган 386 миллион долларлык насыяга жаңыланган Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупциялык көрүнүштөр ачыкка чыккандан бери маселенин мааниси арткан.

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Эл аралык Валюта корунун Кыргызстандын тышкы карыз деңгээлинин өсүп баратканы тууралуу соңку эскертүүсү боюнча “Азаттыктын” суроолоруна аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Яхья Саид жооп берди.

Индиялык экономист Самтин Бхутиа Кытайдын насыяларын төлөбөй калуунун кесепети кыйын болорун белгилейт. Ал буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын Бээжинге болгон карызы боюнча баяндама даярдаган. Экономисттин баамында, Кытайдан эсепсиз карыз алуу өлкөлөрдү толук карыз кризисине кептебесе да, болочок кыйынчылыктардын жышааны болушу мүмкүн:

- Биз билгендей, 2017-жылы Тажикстандын карызынын жарымынан көбү Кытайдын насыяларына туура келген. Кыргызстанда бул көрсөткүч 40-50 пайызды түзсө керек. Салыштырмалуу ылдыйраак. Ошентсе да бул Кыргызстан менен Тажикстан алган насыялардын басымдуу бөлүгү Кытайдан келип жатканын көрсөтүүдө. Кыргызстан үчүн, балким Тажикстан үчүн да Кытайдын Экспорт-импорт банкы - жалгыз, ири насыя берүүчү тарап. Карыз берүү ишине көптөгөн кытайлык агенттиктер катышып жатканын көрүп жатабыз. Менимче мындай жагдай бул өлкөлөр карыз алуу маселесинде Кытайга көз каранды болуп калганын көрсөтөт. Алдыдагы жылдары да мындай көз карандылык уланышы мүмкүн деп жоромолдой алабыз.

Кыргызстандын мурдагы финансы министри, учурдагы депутат Акылбек Жапаров бул жагынан өлкө алдында чоң тобокелчилик турганын айтып келет. Ал Кытайга карыздын көп бөлүгүн төлөчү учур 2024-жылы башталарын белгилеп, ага азыртадан даярданыш керектигин эскертүүдө:

- Ачык айтканда, 2 миллиард доллардын тегерегинде мамлекеттин кепилдиги менен насыяларды алдык. Келишимдер Гонконгдо кытай тилинде түзүлүп, Кытайдын эрежеси менен төлөнөрү көрсөтүлгөн. Эгер талаш-тартыш болсо ал жактын соту карашы керек. Башкача айтканда катуу эрежелер менен алдык. Экинчиден, Кытайдан 1 миллиард долларга жакын түз инвестиция келди. Биз Кытайдан алынган насыялардын колдонулушун иликтеп, инвестициялар менен иштеген өкмөттүн түзүмүндө корпорация түзүүнү мен сунуш кылып жатам.

"Насыя алуудан коркпош керек"

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Эмил Токтошев да Кытайдан карыз алуунун коркунучу бар экенин танбайт. Бирок депутат экономикасы оор абалда турган Кыргызстан үчүн инвестиция жана шарты жеңил насыя керек экенин билдирүүдө.

- Мамлекетте экономикалык өсүш үчүн баары бир насыя алууга мажбурбуз. Насыя алуудан коркпош керек, бардык өлкөлөрдө колдонулган тажрыйба. Биз алгандан коркпой, аны туура иштеткенди билишибиз керек. Ал эми эң арзан насыяны Кытай берип жатат.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов да акыркы кезде Бээжинден карыз алуунун опурталдуулугу тууралуу маалыматтар дүйнөлүк медиада ашыкча апыртылып жатат деген ойдо. Байсаловдун айтымында, Кытайга байланыштуу ар бир маалыматты куру эмоция менен эмес, терең талдап кабыл алыш керек:

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

- Дүйнөлүк коомчулукта Кытай менен бардык мамлекеттер - Борбордук Африкадан баштап Борбордук Америкага чейин тыгыз байланышта. Керек болсо бизден көбүрөөк соода кылып, инвестиция тартып жатышат. Коңшулаш турган биз болсо мүмкүнчүлүктү толугу менен пайдалана албай жатабыз. Мен ушул сыяктуу макалаларды башка улуу державалардын, ошол эле АКШнын, Орусиянын, Европанын дүйнөнүн экономикалык борбору Азияга ооп бара жатканын көрүп ичи күйдүлүк кылган, эмоцияга толгон үгүтү катары түшүндүрөт элем.

Кыргызстандын Финансы министрлиги "Кытайдан алынган карызды өз убагында төлөгөнгө кудурет жетет" деп билдирүүдө. Маалыматка караганда, учурда насыя кечиктирилбей төлөнүп жатат.

Буга кошумча быйыл апрелде кыргыз өкмөтү мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясын кабыл алган. Ага ылайык, кайсы бир өлкөдөн алынган карыз жалпы карыздын 50 пайызынан ашпашы керек. Азыр бул чекке Кытай жакындап келатат. Ошол эле учурда кыргыз коомунда кытайлыктардын жылма экспансиясынан чочулагандар да жетиштүү.

Миграция кызматынын маалыматы боюнча былтыр 14 миңден ашык чет өлкөлүк Кыргызстанда иштөөгө уруксат алса, анын 12 миңге жакыны Кытайдын жарандары болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG