Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 13:19

Жапаров: Кытай грантын туура колдонолу


Акылбек Жапаров.

Кыргызстан-Кытай мамилеси, кол коюлган келишимдер жана берилген жардамды натыйжалуу пайдалануу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы мамлекеттик сапарында кыргыз делегациясынын курамында болдуңуз, бардык жогорку деңгээлдеги жолугушууларга катыштыңыз. Кызматташтык жаңы деңгээлге чыкканы айтылып жатат. Ал кайсы нукта өнүгүшү ыктымал?

Акылбек Жапаров: Кайсы өлкөдө президент алмашпасын, Кытай: "Мурда башталган иштер аягына чыгабы, жаңы бийликтин көз карашы кандай болот?" деп тынчсыздануу менен карайт. Мамлекеттик деңгээлдеги сапар болуп жаткандан кийин эки президент "жаңы баскычка чыгабыз" деп кол коюшту. Мындан ары да жакшы болот го деп ойлойм. Бирок Кыргызстандын жарандарында карыздарды кайтарууга байланыштуу тынчсыздануу бар. Мен дагы ошого кошулам. Карызды алгандан кийин бериш керек. Алдыдагы беш жылда карыз төлөө боюнча мөөнөтүбүз бар. Ошондуктан Сооронбай Жээнбековдун доорунда карыздан кутулууга пайдубал түптөп, завод-фабрикаларды куруп албасак кийин кыйын болуп калат.

"Азаттык": Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 600 млн. юань жардам бермей болду. Бирок аны жумшоо, максаттуу пайдалануу жагы сынга кабылып келет. Мисалы, инфраструктураны оңдоого эле жумшай бербей, кайра пайда алып келчү кайсы тармактарга жумшаса болот? Акча берген өлкө өз шартын коёт, Кыргызстан ага кандай жооп кылышы мүмкүн?

Акылбек Жапаров: Өнүккөн өлкөлөр өнүгүп келаткан өлкөлөргө жардам бере турган таризде, “Бир алкак - бир жол” долбоорунун алкагында быйыл биздин масштаб боюнча көбүрөөк, 100 млн. доллар бергени жатышат. Жыл сайын эле бир аз башаламан жумшап жатабыз.

Жолго оңдоого эле жумшай бербей, алынган акча асфальт заводун, таш майдалоочу ишкана курууга жумшалса, булар өзүбүздөн чыгып калса жалаң эле Бишкектин эмес, Чүй боорундагы жолдордун баарын өзүбүз оңдоп алат элек. Муну грант экен деп эле жок кыла бербей, башка жакка жылышыбыз керек.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация "Beijing Electric Vehicle Co., Ltd" (BAIC Group) корпорациясына барды. 8-июнь, 2018-жыл. Сүрөттө: электр энергиясы менен иштеген автобус.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация "Beijing Electric Vehicle Co., Ltd" (BAIC Group) корпорациясына барды. 8-июнь, 2018-жыл. Сүрөттө: электр энергиясы менен иштеген автобус.

​Мындан сырткары, Кытай "таза сууга жардам беребиз" деди. Эң чоң көйгөйү - бул суу алып өтүүчү түтүктөрдүн жоктугу жана насос. Ушул боюнча ишкана ачып алсак эл өзү эле тоодон, булактан суу алып келип алат эле. Кайсы жерге барсаң суу бар, бирок ошону 1-3 же 5 чакырым тартып алып келиш керек болот. Кытайлар деле натыйжалуу пайдалануу боюнча айтып жатат. Жолду оңдоп койсо, кайра тешилет да. Анан ага да акча сурамак белек? Завод курсак, техника алсак өзүбүз эле куруп кете беребиз да.

Биринчи жолу Бюджеттик кодекс кабыл алынды. Аны менен жумшалган каржаттын натыйжалуулугун карайлы деп жатабыз. Анын ичинде гранттар да бар. Жалпысынан 9,5 млрд. доллардан ашуун грант жана насыя алдык. Анын 2,5 миллиарды грант болду. Аны эмне кылдык? Эми мындан ары андай кемчиликтерди кайталабашыбыз керек.

Азыр каражаттын баары энергетика менен жол тармагына жумшалат. Эң көп коррупция да ушул эки тармакта. Ошондуктан муну токтото туруп, башка жакка буруш керек. Мисалы, пахта деп жатабыз, аны өндүргөндөн кийин жок дегенде марли чыгарышыбыз керек да? Бул эң эле жөнөкөй технология.

Биздин бюджетте 165 млрд. сомдун 1 млрд. 100 млн. сомго жакыны самынга, чүпүрөк-чапыракка кетет экен. Муну Кыргызстандан чыгарганга эмнеге болбосун? Кытай 30 жылда кантип өнүктү? Алар ушунун баарын өздөрү чыгара баштады. Алгач өзүнүн рыногун камсыз кылып, азыр элдин баарына таратып жатат.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация Кытайдын Айыл чарба илимдер академиясына барды. Сүрөттө академиянын күнөсканасы. 8-июнь, 2018-жыл.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация Кытайдын Айыл чарба илимдер академиясына барды. Сүрөттө академиянын күнөсканасы. 8-июнь, 2018-жыл.

“Азаттык”: "Айыл чарба багытында да кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарабыз" деп жатышат. Биргелешкен долбоолордун, келишимдердин, макулдашуулардын ишке ашуусу кандай болушу мүмкүн? Мисалы, сапардын алкагында Кытайга коон сатуу боюнча макулдашты.

Акылбек Жапаров: Коон алгачкы биздин жол көрсөткүчүбүз болот. Аны менен Кытайдын рыногуна кантип кирсе боло турганын үйрөнөбүз. Коондун арты менен биз этибизди, сүтүбүздү киргизгенге мүмкүнчүлүк алабыз. Ошол этаптан өттүк.

Анча-мынчалар "Эмне үчүн жалаң эле коон?" деп жатышпайбы. Жалгыз коонду Бээжинге киргизип алсак, калганын ээрчитип кирип кетебиз. Муну менен бизге Кытайдын базары ачылат. "Биздики таттуу, сонун" дей беребиз. Бирок Кытайдын айтканына көнмөйүнчө булар базарына киргизбейт. Биринчи кадам жасалды, эми кийинки кадамдарды тездетиш керек.

Кытайда реформа боюнча комитет бар, ошол жерде бардыгы изилденип чыгып, аткаруу бийлигине тапшырылат. Алар ишти аткара берет. Бизди ар бир министрлик "реформа кылабыз, өзүбүз аткарабыз" деп отуруп 20 жылдан бери жылыш жок. Булар 30 жылда Кытайды дүйнөдөгү экинчи өлкөгө айлантып коюшту. Ошол тажрыйбаны алышыбыз керек.

"Beijing Electric Vehicle Co., Ltd" (BAIC Group) корпорациясынын өндүрүмү.
"Beijing Electric Vehicle Co., Ltd" (BAIC Group) корпорациясынын өндүрүмү.

"Азаттык": Президент Жээнбеков Кытайда электромобил куруучу биргелешкен завод ачууну сунуш кылды. Ушул багытта иштеген ишканасына барып, суутек, электр энергиясынын кошумча булактары менен иштеген электромобилдерди чыгара баштаганына күбө болдук. Президенттин сунушун ишке ашыруу реалдуубу? Айрымдар муну популисттик сунуш деп баалап жатышат.

Акылбек Жапаров: Реалдуу, президент жол ачып берди. Эми өкмөт иштеп коюш керек да. "Бээжин 80 пайыз ошондой автобуска өттү" дейт. Биз дагы Бишкекти ошого алып барышыбыз керек да. Кытай илимге көп көңүл буруп жатат. Дүйнөдө илимге көңүл бурган жагынан Кытай 3-орунга чыкты. Ошол жагынан да кызматташып, иштешиш керек.

Бизге атайын жаңы породадагы койду көрсөтпөдүбү. Мурда алар 3-4 кг жүн берсе, азыр 6-7 кг берип жатат, мурда 25-30 кг эт берсе, азыр 35-40 берип жатат деп жатышпайбы. Эми ошонун породасын Кыргызстанга алып барып иштеш керек да. Биз "480 миң дыйканыбыз бар" деп мактанабыз. Аларга же үрөн бербейбиз же жакшы порода кой бербейбиз. Кыскасы алар жүдөп кетти. Жүдөгөн жетекчилерди тандап алып, алар өздөрүнчө жүдөп жатат.

Кытайдын Айыл чарба илимдер академиясынын күнөсканасы. 9-июнь, 2018-жыл.
Кытайдын Айыл чарба илимдер академиясынын күнөсканасы. 9-июнь, 2018-жыл.

"Азаттык": Азыр өнүккөн өлкөлөр Кытайдан туристтерди тартууга кызыгат экен. Анткени кытайлар барган жеринде ири каражат таштап келет экен. Ушул багытта кызматташсак болобу?

Акылбек Жапаров: Реформа комитетинин жетекчиси менен жолукканда ал “бизде 400 млн. ашуун киши орто катмардан өйдө болуп калды. Алар биздин салт боюнча өлкөнү кыдырып, тышка чыкканды жакшы көрүшөт” дейт. Ошолорду тартыш керек. Ошого жарабай жатпайбызбы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG