Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:36

Кытай Африкадан миллиарддарын аябайт


Түштүк Африка президенти Кирил Рамафоса, Кытай президенти Си Цзиньпин, Сенегал президенти Макки Салл. Бээжин, 4-сентябрь, 2018-жыл.

Кытай бүтүндөй Африка континентин өнүктүрүүгө убада берүүдө. Бээжинде өткөн саммитте Си Цзиньпин бул үчүн 60 миллиард доллар бөлүнөрүн жарыя кылды.

Берген мартпы, алганбы?

Кытай-Африка кызматташтык форуму 2000-жылдан тарта ар үч жылда өткөрүлүп келет. 3-4-сентябрда уюштурулган бул жолкусуна Африканын дээрлик бардык, тагыраагы 53 өлкөсүнөн бийлик өкүлдөрү келишти. Андан тышкары форум учурундагы семинарларга 2000 ашуун кытайлык жана африкалык ишкерлер катышты. Улуттар Уюмунун башкатчысы Антониу Гутерреш да келип, кызматташтыкты кубаттады.

Кытай-Африка саммитинин ачылыш салтанаты. Бээжин, 3-сентябрь, 2018-жыл.
Кытай-Африка саммитинин ачылыш салтанаты. Бээжин, 3-сентябрь, 2018-жыл.

Кытай президенти Си Цзиньпин бул ирет Африкага 60 млрд доллар берилерин жарыялады. Анын 35 миллиарды жардам, үстөгү төмөн насыя жана насыя. 10 миллиарды Кытай - Африка өнүгүү фондуна, 5 миллиарды Африкадан товар импорттоо боюнча атайын фондго. Ал эми кытайлык компанияларга шарт түзүү менен алар тараптан дагы 10 млрд. доллар инвестиция салынары белгиленди.

Бул жардамдар Африкадагы ачарчылык, азык-түлүк тартыштыгын чечүүгө, өндүрүштү көтөрүүгө, инфраструктуралык объектилерди курууга ж.б. жумшалышы керек.

Жон Хопкинкс университетинин “Кытай-Африка изилдөө демилгеси” борборунун маалыматында, 2000-2016-жылдардын аралыгында Бээжин Африкага 125 миллиард доллар насыя берген. 2015-жылы эле 60 миллиард доллар убада кылынган. Си Цзинпин "ошол каржылоо дарегине жетти жана уюштурулуп жатат" деди.

Андан тышкары айрым өлкөлөр буга чейинки насыялардын үстөк пайызын төлөбөй турган болушту.

- Африкадагы карыздар жакыр өлкөлөрдүн, өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн жана чакан арал өлкөлөрдүн Кытайдын насыяларынын пайызынан пайда болгон, 2018-жылдын аягына чейин төлөнүшү зарыл карыздарын кечебиз,– деди Си Цзинпин.

Карыздын көйгөйү

Ага удаа эле африкалыктардын карызынын, айрыкча бир тараптан алганынын өлчөмү өсүп жатат. Бул кандайдыр тобокелдиктерге алып келерин финансисттер жакшы билишет. Анткен менен жакыр өлкөлөрдү Кытайдан акча алуунун салыштырмалуу оңойлугу кызыктырат:

- Алардын кайра төлөө мөөнөтү узагыраак, пайыздары төмөн. Көп учурда узак мөөнөткө жеңилдик алышат. Бул зор мааниге ээ. Ошондой эле маселе кредитти берүүгө келгенде Кытай Европа же Түндүк Америкадагы башка өнөктөштөргө караганда ыкчамыраак болууда, – дейт Рейтер агенттигинин Кытайдагы баяндамачысы Кристиан Шеперд.

Гана
Гана

Кытай глобалдык телеканалына (CGTN) маегинде Гананын соода жана өнөр жай министри Алан Кьерматен карыз кайда алып барарын жакшы түшүнөрүн айтты. Ал эми тобокелдикти да бөлүшөлү деп жатат:

- Азыр Африканын көп өлкөсү, анын ичинде Гана да карызга батты. Карыз этектен басып турса, экономикага да анык зыяны тиет. Бул жаман бир цикл. Мындай айланманы бузуунун жалгыз жолу чет элдик түз инвестицияларды тартуу. Кытайлык компаниялар өз каражаттарын же кытайлык банктардан алган насыяларын колдонуп, биздин жергиликтүү ишкерлер менен кызматташса, карыз маселеси жаралбайт. Бул инвестиция.

Анткен менен эми алына турган каражаттын да жарымынан көбү насыя.

Кытай акыркы жылдары Азияга, анын ичинде Борбор Азияга да кредитти аяган жок. Кыргызстандын эле тышкы карызынын жарымына жакыны, же 1,7 миллиард доллары Кытайдын Эксимбанкынан алынган.

Бишкек ТЭЦи Кытайдан алынган 386 млн доллар насыяга жаңыланган
Бишкек ТЭЦи Кытайдан алынган 386 млн доллар насыяга жаңыланган

Батыш басылмалары "Бээжин жакыр жана чакан өлкөлөргө андагы коррупцияга көздү жуумп, атайын насыя берүү менен карызга батырып жатат" деп жазып келишет. Мунун артында өзүнө көз каранды кылуу саясатын колдонот деген божомол да бар.

Кытай карыз кылтагына илүүдө деген сындарды четке кагат. Акыркы жыйында Си Цзинпин колдоо көрсөтүп жатып Африканын "ички ишине кийлигишпейбиз, эркибизди таңуулабайбыз, жардамдын артында саясий мүдөө жок" деп баса белгиледи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG