Линктер

шейшемби, 18-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:19

Кыргыздын сырдуу, сулуу айымдары


Иллюстрациялык сүрөт.

Жар издеген Айганыш, арзыганын атып салган Жаңыл, ак булутту аралаган Айчүрөк... Асыл сапаттуу кыргыз кыздары тууралуу блог.

Кыргыз аялзатынын сыны менен сыпаттамасы абалтан кандай эле, азыр кандай? Сулуу дейбиз, асыл дейбиз, чын-төгүнүнө көз салып көрөлү...

Сөз башы

Байыркы кыргыз коомунда кызга өзгөчө аяр мамиле жасалганы белгилүү. Кыздуу үйдө кыздарга көп көңүл бурулуп, анын асыл сапаттуу болуп чоңоюшу үчүн тамактын чүйгүнүн, суунун тазасын күмүш идиштен берип, тырмактайынан кийимдин жакшысын, жасалгалуусун кийгизип чоңойтушкан. Ошону менен катар, коомдо мыкты жубай, асылзаада аял болушу үчүн “Кызга кырк үйдөн тыюу” деп көптөп кам көрүшкөн.

Ошондон улам тээ байыртан кыргыз аялзаты ажайып сулуу ажары, артыкча акыл, салттуу билими менен баркталган.

Кең көйнөктүн тазасы, "Аялзаттын паашасы" деп Айкөл баянында Каныкей эне сүрөттөлөт.

Сыпаттама өзү айтып тургандай, бардык аялдардын ичинен эң мыктысы, кеменгердин кеп казынасын, олуянын ой казынасын аңдап, сапаттардын асылын, акылмандын акылын, билермандын билимин, табышмактын түйүнүн билген Каныкей эне Манас атага татыктуу жубай болуп, журт энеси аталган.

Ар бир кырдаалга, саясий жагдай менен боло турган коркунучка алдын-ала баамы жетип, Манас Атанын тукумун татыктуу өстүрүп, кыргыздын кутун сактап калган.

Аялзаттын сырттаны

Бул сыпаттама аялдан артык күчү бар, арстандын түрү бар, Шаймердендин сүрү бар баатыр кыздарга карата айтылган. Ошол эле Айкөл баянында Кыз Сайкалды мисал кылсак болот. Өз элинин намысын бербей журт башында туруп, эл-жерин коргоп, каптап келген калың колго аянбай качырып кирген, шумкардай тийген, ажарына айбаты жарашкан жан болгон. Манас ата менен эр сайышка түшкөндө экөө бири-бирине арзып, бирок, Кыз Сайкал “Каныкей аялзаттын паашасы, анын үстүнө барбайм, каргышына калбайм” деп айкөл менен акыреттик жар болууга антташкан. Манас атаны жерге беришкенде кырк күн найзасына таянып, азага турганы айтылат. Анын ар бир аракети алсыз аялдын эмес, сырттандын сыпатын берет.

Аялзаттын аруусу же перизаада

Аялзаты өзү турган-турпаты менен сулуулуктун, мээримдин символу болсо да, аруулук сыпаттамасына баары жете берген эмес. Айкөл баянында Семетейдин жары Айчүрөк "аялзаттын аруусу" же "перизаада Айчүрөк" деп сыпатталган. Анын "перизаада" деп айтылганын дагы бир себеби - ак булутту аралап учкан, ак кууга айланган сыйкырынан улам да айтылган.

Эл ичинде эр кишиге ок жаңылганда аялдын аруусу, тазасы октон аттаганда түшөт деген эски ишеним болгон. Өз аруулугунан шектенген бардык эле аялдар буга макул боло берген эмес. Семетейге ок жаңылганда Айчүрөк аттап окту түшүргөнү айтылат. “Кара жерге кар жааса, карды көр да этин көр, кар үстүнө кан тамса, канды көр да бетин көр” деген сыпаттамасы, дегеле Айчүрөктүн образында аялдан артык тазалык, перизаада сулуулук, даңазаланып турат.

Аялдын асылзаадасы

Бул сыпаттамага Курманбек баатырдын жубайы Айганыш туура келээр. Бир кандын эрке кызы болгон Айганыш эркинин бекемдиги, өз баасын билген асылдыгы менен айырмаланган. Бойго жеткенде “мен жөн жигитке эмес, эрдин эрине, кишинин шерине чыгамын” деп өз теңин өзү издеп чыгат. Көптү көрүп, көп ичинен Курманбек баатыр купулуна толуп, ага арзыйт, татыктуу жар болот. Өз атасы душманга сатылган Курманбек, жараган күлүгү жок, жоо колунан каза тапканда кабарга келаткан Аккандын жолун тосуп чыгып, иштин жайын билгенде, “Курманбектен башкага жар болуп, эрдин санын көбөйткөнчө тирүү калбаймын” деп өз жанын кыят.

Аялдын көк жалы

"Аялзаты сезимге алсыз келет" деген түшүнүк бар. Бирок элдин намысын өз сезиминен жогору койгон, көптүн жакшылыгы үчүн өз кызыкчылыгын курман кылган аялдар да жок эмес. Алсак, нойгут элин чаап, кыз Жаңылды туткун кылып кетебиз деп келип, Жаңылды таппай калып элдин дүнүйөсүн тоноп, жылкысын айдап кеткен Сарысейиттин Түлкүсүнө Кыз Жаңыл арзып калган. “Жуучу жиберип, колумду сураса, Түлкү мырзага жар болом” деген Жаңыл артынан кууп келип, талоончулар чардап жатканда үстүнөн чыгат. Ичи от менен жалын болуп, ашыктыгы артып турса да сүйүүдөн намысты ыйык тутуп, эл-жери үчүн Түлкүнү жайлап салат. Мындай аракетти аялдан артык кайраты бар, өзөгүндө темирдей бекем күчү бар киши жасабаса, баарынын эле колунан келе бербес.

Аялдын мекенчили

Аксы аймагынын атактуу бир байы, улуу кызы Алтынды жаңы бой тартканда эле, казактын байынын уулуна кудалап, узатып жиберет. Казактын мырзасы менен жашап, уул-кызы аралаш жети бала төрөп, баарын жерден боорун көтөртүп, торолтуп коюп, “эми мага уруксат бер, өз жериме, тууган элиме кетейин, уул десең уул, кыз десең кыз, өсүп келатат. Кааласаң дагы жубай алып алаарсың...” деп баса берет. Анын Аксыга келген мезгили кулакка тартуу кезине туура келип, бай атасын алыс жактарга сүргүнгө айдашыптыр. Казакты чанган сулуу келинге дагы бир байдын көзү түшүп, токолдукка алат. Ал бай да кулакка тартылып, аны менен алыска айдалып бараткан Алтынды бир кезде атасына жылкычы болгон кызыл армиянын өкүлү таанып, куткарып калат.

Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романында баяндалган Шер деген каарман бар. Сөз болуп жаткан келин өз оокатына тың, Кытайдын таза фарфорун алдырып, ар дайым жанына байланып салып жүргөнгө чыны кап тиктирген бул каармандын ары билимдүү, ары кадыр-барктуу иниси Момунга турмушка чыгып, эки кыздуу болгон экен. Туугандары “балким жети баланын кесирине калганы үчүн уулдуу болбой калса керек...” деп калышчу.

Сөз соңу

Эми мисалдарды айта берсек, тарыхтан жүздөп саналаар. Кыргыздын аялдарынан сулуусу да, сырдуусу да, сындуусу да иргелип чыккан.

Шааркан Токтогул.
Шааркан Токтогул.

Ушуларга улай кадимки Кожомкулдун чоң энеси жолборс чапкан ургаачы болгонун, Зууракан Кайназарова күрөшкө, эңишке түшкөн балбан болгонун, кадимки баатыр Эр Солтонойдун энеси өз каалоосу менен атасынын жигитине токол болуп барып, эр Солтонойдой уулду дүйнөгө алып келгенин, дагы башка толгон-токой окуяларды баяндай берсек ат көтөргүс кеп болоор...

Демек, бул киришүү гана болсун, аялзаттын өзгөчө сыпаттамалары тууралуу дагы кеп саларбыз...

Шаакан Токтогул. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин социология бөлүмүндө окуган. Эркин журналист.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG