Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:07

Сафиева: "Мен бабаларымдын тилинде сүйлөйм"


Тажикстандын Эл акыны Гүлрухсор Сафиева. 2017-жыл.

Гүлрухсор Сафиева - Тажикстанда белгилүү инсан. Анын ырлары көптөгөн тилдерге которулган. Акындын жыйнагын париждик окурмандарга атактуу Сорбонна университетинин ректору өзү тааныштырган.

Жетимиштин кырын ашкан Гүлрухсор Сафиеванын дем-күүсү, жарашыктуу кийингени, булак суусундай шылдыр аккан күлкүсү бүгүн да нечендеген селкилерди суктандырат.

Гүлрухсор Сафиеваны мурдагы совет бийлиги, кийинки эгемендик мезгили албарс кылычтай курчуткан. Анын ырлары алгач 15 жашында “Совет Каратегини” гезитинде чыкса, тунгуч ырлар жыйнагы 23 жашында Дүйшөмбүдө жарык көргөн. Отузга жетпей ырлары Москвадагы абройлуу басылмаларда басылган. Ондон ашык поэтикалык жыйнактын автору.

Гүлрухсор Сафиеваны аял калемгерлерден айырмалаган дагы бир сапаты - ал Омар Хайямдын көркөм мурасын изилдеген окумуштуу дагы. Тажикстанда роман жазган биринчи аял жазуучу. Ошондуктан бул киши менен поэзия тууралуу сүйлөшкөндү оң таптык.

- Менин баамдашымча, кара сөз чеберлери окуяны акылы менен түшүнгөндү каалашат. Акындар болсо жүрөгү менен түшүнөт. Ошондо акындар эки же төрт сап ырында кээ бир жазуучулар бир китепке сыйдырган ойду айтып салат...

Гүлрухсор Сафиева: - Поэзия - бул адамзаттын аң-сезиминин жеткен чеги. Ал сезим сөз аркылуу берилет. Сиз байкагандырсыз: бардык ыйык китептер поэзия тилинде жазылган.

Поэзия - бул биринчиден улуу акыл-эс жана кайсы гана тилде болбосун адам менен сүйлөшө билүү. Поэзияны адамдын акылы үчүн мис идиштин бетине зергер чеккен гүл деп билиңиз. Жазуучулар мени эмки сөзүм үчүн кечирип коюшсун, мен өзүм да бир нече романдын авторумун. Эгер талыбай эмгектенсеңиз, күнүнө 16-17 саат жылбай отуруп жазсаңыз, жакшы редакторуңуз болсо, ортозаар жазуучу боло аласыз. Кудай талант бербесе, ортозаар акын боло албайсыз. Мен ушинтип ойлойм.

Хафиз, Хайям, Руми жана башка улуу акындар - алар миссионерлер, Жараткандын жердеги элчилери. Жараткан алардын сөзүн пайдаланып, биз менен сүйлөшөт. Кимдир бирөө “Поэзия - адамдын Кудай менен сүйлөшүүсү” деп бекер жерден айтпаса керек?!

Рудакинин тилин сайраткан Сафиева
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:01 0:00
Түз линк

- Орто кылымдардагы тажик-перс поэзиясы бүгүнкү поэзияга салыштырмалуу алда канча философиялуу, насыят сөздүү, баяндоосу көп болчу. Азыркы тажик-перс поэзиясы Мирзо Турсун-Заде, Мумин Каноат, Лоик Шералы жана сиз сыяктуу акындардын чыгармалары аркылуу бир кыйла конкреттүү, элдин мээнетин жана кубанычын тең бөлүшкөн, реалдуу жашоого жакын болуп калды. Же мен жаңылышамбы?

Гүлрухсор Сафиева: - Сиз абдан туура байкагансыз. Сиз "акындар асмандан жерге түштү, көктөн адамга келди" деп айтайын дедиңиз беле? Билесизби, адамзаттын тарыхында, айрыкча тажик-перс маданиятында миллиондогон акындар болду. Себеби, XX кылымга чейин перс-тажик-дари адабияты бир эле адабият эле. Бул кыялкеч поэзия болчу. Кандайдыр прозабыз болсо, ал да кыялкеч проза болчу. Андай поэзия жана проза адамды жакшы нерсеге үмүттөндүргөн, бирок оюн Жердеги чыныгы жашоодон Көккө көкөлөтүп жиберген.

Биздин кылым мурдагы кылымдарга окшош эмес, бөлөк. Ар кылымдын өз акындары бар. Биз Хафизди, Ширазини, Саадини, Хайямды аздектеп сүйөбүз. Алар улуу акындар экенин, бирок биздин замандын эмес, өз доорунун акындары экенин билебиз. Бирок адамзат өзгөрбөйт. Кайгы-капа, кубаныч, сүйүү, жек көрүү дайыма адамзат менен жашай берет. Хафиз, Ширази, Саади, Хайям кайгы-капа, бак-таалай, кубаныч, махабат, жек көрүү тууралуу бийик маанайда ырдашты. Бүгүн кимдир-бирөө сүйүү жөнүндө кеп салганда, мен дайыма Маяковскийдин мына бул саптарын эстейм:

Какому небесному Гофману

выдумалась ты, проклятая?!

Бул XX кылымдагы бозойдун өз сүйүүсүн селкиге түшүндүргөнү. Биздин кылым Көктөн Жерге конду. Эстеңизчи, XX кылымда кандай чоң согуштар болду? Биздин кылым да тынч эмес. Атомдук, өзөктүк согуштун карааны желип жүрөт. Космонавттар планеталардын ортосунда саякатап жүрүшөт. Кээ бир мамлекеттер Айдын бетине дача куруп, келечекте шаарга айлантканга камынышууда. Мурда акындар Айды касиеттүү, сыйкырдуу деп сыпаттаса, биз бүгүн жөн гана планета деп сүйлөп калдык. Убакыт, мезгил өзгөрүүдө. Акындар мезгилди эмес, мезгил бизди өзгөртүп жатат. Өзү ушундай болуш керек го...

- Сиз Иран таануучу, илимпоз катары айтсаңыз - бүгүн орто кылымдарга салыштырмалуу поэзиянын тили өзгөрдүбү?

Гүлрухсор Сафиева: - Бул абдан жакшы суроо. Менимче, бул суроону мурда мага эч ким берген эмес. Сиз өтө туура суроо бердиңиз. Бирок биздин тилибиздин улуулугу мында: перс-тажик-дари тилдери бир эле перс-тажик тили. Бул тилдин негиздөөчүсү Рудаки. Анын сөөгү азыркы Согди облусунун Панжруд кыштагында көмүлгөн. Ал кезде бул аймактын баары Мавераннахр деп аталчу. Азыр биздин адабиятыбызда араб сөздөрү азайды. Себеби, орто кылымдарда Хафиз, Саади, Мавлони Руми жана башкалар окумуштуу-уламалар эле. Бүгүн поэзия мурдагыдан конкреттүү болуп калды.

Рудакинин 1150 жылдыгына арналып, Тажикстанда чыгарылган күмүш 5 сомони. 2008-жыл.
Рудакинин 1150 жылдыгына арналып, Тажикстанда чыгарылган күмүш 5 сомони. 2008-жыл.

Азыр узун ырларды эч ким эшитпейт. Поэма болсо бир жөн. Тил өзгөрүүдө. Билесизби, биздин тилибиздин улуулугу эмнеде? Рудакинин ырларын биринчи класстын окуучусу да түшүнө алат. Ал окуучу поэзияны түшүнбөшү мүмкүн, бирок сөздөрдүн баарын түшүнөт. Биздин тилибиз байыркы, мазмундуу, кубаттуу, бай тил болгондуктан, сөздөр аз өзгөрдү. Ар бир адам, акын - өз тилинин алып жүрүүчүсү. Элинин тилин жазуучулары эмес, акындары жаратканын акындар өздөрү билишпейт. Тилди эл жаратат, бирок тилди жаратууга акындар абдан жигердүү катышат. Бүгүнкү тил - менин тилим, бирок ал Рудакинин тили. Мен өз бабамдын тилинде сүйлөйм.

"Менин танууга укугум бар"

Гүлрухсор Сафиева - X-XI кылымдарда өткөн ойчул-акын Омар Хайямдын (18.05.1048 - 4.12.1131) чыгармаларын изилдеген өжөр окумуштуу дагы. Өз рубаилеринде шарапты даңктап ырдаган еретик-акындын поэтикалык мурасын ортодон кошулган агындылардан тазалоону Гүлрухсор Сафиева өмүрлүк борчу (милдети) деп билет. Албетте, илимпоз-адабиятчылардын консервативдүү чөйрөсүнө чакырык ташташ үчүн кайсар да, албарс кылычтай өткүр да болуш керек. Гүлрухсор айым "Омар Хайямдыкы" деп китептен китепке, жыйнактан жыйнакка көчүп жүргөн төрт жүздөн көп рубаинин ашып барса 200ү гана дүйнө тааныган улуу акындыкы деп ишенет. Кээ бир изилдөөчүлөр "Омар Хайям өз рубаилеринде "шарап" деп шарапты эмес, жашоону айтат" деген пикирде. Бул боюнча акындын ою кандай?

Омар Хайямдын портрети.
Омар Хайямдын портрети.

Гүлрухсор Сафиева: - Мен Омар Хайямдын рубаилерин 30 жылдан бери изилдейм. Бала кезимде анын ырларын дубалдын бетине көмүр менен жаза баштагам. Ал үчүн мени сабашчу. Мен сизге айтам: Омар Хайям өз рубаилеринде багбан адам тиккен жүзүмдөн жасалган кадимки шарап жөнүндө ырдайт. Хафиз да өз газелдеринде кадимки шарап тууралуу айтат. Ким шарапты башка нерсе менен алмаштыргысы келсе, анын өз иши.

Омар Хайямдын поэтикалык мурасы боюнча менин жазганымды эч ким, Омар Хайямдын чыгармаларын изилдеген эч бир аалым “сенин жазгандарың натуура” деп жокко чыгара элек. Мен бир рубаи балалап отуруп, 15 рубаиге айланганын билем. Өз учурунда шарап ичип же шарап уурттап коюп жүргөн адам анысын ачык айткандан коркуп, рубаисин Хайямга таңуулап койгон. Муну мен өз изилдөөлөрүмдө жазганмын. Мен "Омар Хайямдыкы" деген ырлардын ичинен 350 рубаини тандап алдым. Эгер аларды китеп кылып чыгарчу болсом, рубаилердин эки жүздөйүн гана калтырам.

- Ошондо Гүлрухсор Сафиева чыгарган жыйнакта Омар Хайямдын 200 же андан бир аз көп рубаи болот?

Гүлрухсор Сафиева: - Ооба, 200. Мен Омар Хайямдын бардык ырларын, ал түгүл аныкы деп айтылып жүргөн бардык ырларды жатка билем. Ал жыйнакка Хайямга таандык эмес ырларды түп нускасында которуп берем. Менин танууга укугум бар! Менин Иранда чыккан китебимде айтылган ойлорду эч ким “туура эмес” деп танган да, айткан да жок. Эгер кимдир-бирөө кайчы пикирин айтса, мен жаңылышкан экенмин деп ойломокмун. Мен Омар Хайям жөнүндө жазган биринчи аялмын. Билбейм, эмне үчүн башка аялдар жазышпайт?

Гүлрухсор Сафиева мени менен маектешип отуруп, Омар Хайямдын рубаилерин адегенде тажикче, анан шыр эле орусча жатка окуп жатты.

- Омар Хайямдын башка акындардан айырмалаган улуулугу - анын ырларында бир да түшүнүксүз сөз жок, араб сөздөрү да аз. Ал эмне үчүн дүйнөдө белгилүү? Эмне үчүн америкалык астронавттар космоско Омар Хайямдын да китебин алышкан? Себеби, ал оюн түшүнүктүү жана түз айтат. Шарап десе шарапты, жашоо десе жашоону айтат. Шарап - жашоонун көмөкчү этиши эмеспи. Хафизде да шарап жөнүндө газелдери бар. Мен сизге Хафизди сөзмө-сөз которуп берип жатам. "Мени бул шордуу жашоодон алып кет. Жашоо ачуу, бул андан да ачуу" деп, Хафиз чыныгы арак жөнүндө айтууда. Кимдир-бирөө окугусу келбесе, окубай эле койсун. Бирок муну Хафиз айткан (күлдү).

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG