Линктер

бейшемби, 20-июнь, 2019 Бишкек убактысы 14:05

Эркин ой динди түшүнүүгө жол ачат


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн маданий өнүгүүдө диндин орду тууралуу кеп кылалы.

Адатта кайсы бир элдин жалпы деңгээлин анын маданияты күзгүдөй чагылдырып турат десек болот. Ошол маданият деген көрсөткүчтүн ичинде диндин да зор роль ойной турганы баарыбызга маалым.

Тактап айтканда, душмандык кылган мындай турсун бирөө тууралуу жаман ой-пикирде болуп коюуну күнөө деп эсептеген логикалуу, коомду өнүгүүгө үгүттөгөн түшүнүктөн тартып, кыз баланы мектепке жөнөтпөй коё турган логикасыз, коомду түркөйлүккө үндөгөн түшүнүктөрдүн баары дин менен жөнгө салынып турат.

Узун сөздүн кыскасы, диний эрежелер адамдын жашоосунун бардык тарабын камтып, жөнгө салып турат.

Демек жеке да, коомдук да мааниде өнүгүү үчүн, балким, алгач туура диний түшүнүккө ээ болуу зарыл. Балким окурмандардын оюна төмөндөгүдөй суроо келиши мүмкүн: "Мисалы медицинанын же укуктун өнүгүшүнө диндин кандай тиешеси болмок эле?".

Менимче толугу менен тиешелүү. Бүгүн медицина аябай өнүктү. Бирок кесиптик билим аябай жогорку деңгээлге жеткени менен медициналык этика туурасында сөз кыла турган көп нерсе бар.

Алсак, бүгүн Гиппократтын анты толугу менен сакталып жатабы? Тактап айтканда, анттагы "...кесибимди жаман максатта колдонбойм, бейтапка чын дилимден жардам берем, анын дарты тууралуу сырды жашыруун кармайм..." деген сыяктуу этикалык эрежелер канчалык деңгээлде сакталып жатат? Бүгүн дары-дармек секторун медицинанын бир бөлүгү катары карай турган болсок, бул багыттагы иштер канчалык этикага шайкеш келет?

Дары соодасы майлуу бизнестин бир түрүнө айланып калган учурда бул сектордун максаты - бир гана оорулууларды айыктырууга салым кошуу деп ким айта алат?..

Өз убагында Европа өлкөлөрүнүн биринде эт жетишсиз болуп турганда "тоок эти пайдалуураак" деген тезис пайда болгонуна, натыйжада кыска мөөнөттө эбегейсиз өлчөмдө тоок эти сатылганына, кийинчерээк тийиштүү тезисти даярдаган дарыгерлер тобу менен тиги барондун жийиркеничтүү келишими ачыкка чыкканына кантип баа берсе болот?

Укуктук системага келсек, бүгүн дүйнөлүк тажрыйбага таянсак укуктук система чындыгында залимге же күчтүүгө эмес, толугу менен укугу тебеленгенге, кордук көргөнгө кызмат кылат деп айтуу канча кишини ишендирет? Эмне үчүн кедей киши байды же болбосо чоң фирмаларды сотко берсе ута албайт? Канчалык какшатса деле эмне үчүн унчукпай туруп берет? Анткени укуктук системанын белгилүү боштуктары бар, аларды өз пайдасына колдонуп, экинчи тарапты аёосуз кордоп салуу "күчтүү" тарапка ар дайым ыңгайлуу абал болуп саналат эмеспи? Так ушул себептен улам адамдар калыс, таза болууга эмес, "адилеттүү", "таза" көрүнүүгө аракет кылып калды десек аша чапкан болбойбуз... Тактап айтканда адамдарды кылмышка, укуктук бузууга кайра эле укуктук система өзү түртүп коюшу мүмкүн.

Булар менен эмнени айтмакчымын? Исламдын эң негизги максаты - адамдарды адеп-ахлакка, түз жолдо жүрүүгө үндөө экенин түшүнүп, ошол багытта жашоо таризибизди калыптандыруу зарыл. Диний маданият өнүксө, адеп-ахлак өнүгөт деп күтүү туура болот.

Адеп-ахлак өнүксө, укуктук система жөнгө сала албаган адептик нормалар жөнгө салына баштайт. Мына ошондо жогоруда сөз болгон куулук укуктун элегине такалбаганы менен, адеп-ахлактын элегинен өтпөй калат. Тактап айтканда, адам - бул Кудайдын эң ыйык макулугу экендиги, адамды сыйлоо - Кудайды сыйлоо деген мааниге келээри биздин аң-сезимибизге сиңет. Натыйжада так ошол түшүнүктөрдөн улам адам адамга карышкырлык кылуудан баш тартат. Мынакей, диний маданият адамзаттын жашоосун канчалык таасир этээри...

Өткөн макаламда эркин ой жүгүртүү тууралуу кеп кылдым эле.

Бул маселе тууралуу бир аз дагы ой-толгоого орун бериш керек экендигин сездим. Тарых улуу маданияттар катары алгач грек маданиятына, андан соң ислам маданиятына сахна болуп берди. Ал эми учурда Батыш маданияты доорун сүрүп жатат. Бул жерде чөгүүгө дуушар болгон эки маданияттын бир окшоштугуна көңүлүңүздөрдү бура кетейин.

Грек маданияты Аристотел менен туу чокуга жетти десек болот. Бирок эркин ой жүгүртүүнүн негизинде Аристотел менен туу чокуга жеткен маданият, Аристотелден соң артка кете баштады. Анткени Аристотел жаңылбас идолго/бутка айланды. Так ушул себептен улам эркин ой жүгүртүү аксай баштады. Тарыхта кудум ушундай тагдырга кабылган экинчи маданият- бул ислам маданияты. Ислам маданияты өнүккөн доорлордо эркин ой жүгүртүү канчалык өнүккөнү тууралуу өткөн макаламда бир аз айта кеткен элем. Бул жерде да азыраак токтоло кетели.

Диний маданияттын өнүгүшү эркин ой жүгүртүү менен тагдырлаш десек болот. Эркин ой жүгүртүү дегенде уккан же көргөн нерсесинин туура же туура эмес экенине эң күчтүү далилдердин негизинде гана ынануу керек деген принципти назарга тутуп жатам.

Тактап айтканда, бир нерсени туура деп кабыл алыш үчүн алгач аны сынчыл көз (critical thinking) менен карап чыгыш керек. Мусулмандар тийиштүү доордо муну аябай жакшы ишке ашыра алышты.

Алсак, илим адамдарынын айткандарына дароо ынануу мындай турсун, азирети Мухаммед пайгамбардын айтканын сахабалары дароо кабыл кылып алган эмес. Азирети пайгамбар жаңы бир нерсе айтып келгенде, сахабалар"...оо Алланын элчиси! Бул айткандарың Кудайдан келген вахийби же сенин жеке оюңбу?" деп сураган учурлар болгон. Сахаба менен пайгамбардын ортосундагы мамиле мына ушундай акыйкатка болгон сүйүүгө таянган. Бул болсо азирети Мухаммед бир тарабынан пайгамбар болгону менен, экинчи тараптан кадимки бир инсан; Кудайдан келген вахийде ката болбойт, бирок жеке ой-пикирин айтып жатса, аны талдоого алуу/туура же туура эмес экенин тактоо керек деген сөз.

Пайгамбар бул абалга эч качан нааразы болгон эмес. Ислам тарыхында ал пайгамбарлыкка тиешелүү болбогон маселелерде жаңылып калгандыгы тууралуу деле маалыматтар бар. Алсак, багбандыкка, чарбачылыкка байланышкан бир иш менен алектенип жаткан кезде азирети пайгамбар ал кишини көрө калып сунушун айтканы, багбан пайгамбардан алган сунуштун негизинде иш кылган соң ошол жылы жакшы түшүм ала албай калганы тарыхта маалымдалат.

Пайгамбарга кайрылганда "...мен ал ишти жакшы билбейм. Жөн гана өзүмдүн оюмду айтып көрдүм..." деген мааниде жооп бергендиги айтылат.

Албетте, акылдуу адам үчүн бул абал Мухаммед пайгамбардын аброюна эч кандай шек жаратпайт, тескерисинче аны дагы да туура тааныш үчүн өбөлгө болот. Азирети пайгамбардын чындыгында улуу инсан экендигин айгинелеген баа жеткис адептик ишмердүүлүгү, адамдык сапаттары тарых булактарынан белгилүү. Кыскасы, бул жазгандарым пайгамбардын аброюна эч кандай шек келтирбейт. Пайгамбарды сүйгөндөр бул жерде жумурткадан кыр издебей, аны таанууга, адептик принциптерин үйрөнүүгө аракеттенели. Пайгамбарга болгон сүйүүбүздү, ал таштап кеткен алтын мурас десе боло турган адеп-ахлактык принциптерди жашообузга сиңирүү менен көрсөтөлү.

Булар менен эмне демекчимин? Азирети пайгамбардын деле адам катары жаңылуусу табигый нерсе болсо, кадимки адамдын жаңылуусу толугу менен мыйзам ченемдүү нерсе катары кабыл алынышы зарыл.

Так ушул себептен эч бир киши акыйкаттын жаңылбас дареги эмес экендигин аңдоо зарыл. Жогоруда сөз кылган маданияттар так ушул принципти, тактап айтканда эч бир кишини жаңылбас идол/бутка айландырбаган доорлордо гүлдөп өнүккөн. Анткени ушундай түшүнүк ээлик кылган илим чөйрөсү ар дайым динамикалуу болот. Анткени даяр "акыйкат" т.а. даяр тамак жок болсо изденүү, прогресс, өнүгүү, аракет тынымсыз болот. Грек маданияты Аристотелди идолго айландырып алган соң кулады. Ислам маданияты да адамдарды бутташтыруу/идолдоштуруу ооруусуна кабылган соң т.а. XIII кылымдин кийин чөгө баштады. Бүгүн гегемондуулук кылып турган Батыш маданияты Ренессанстан соң курула баштады. Анткени Ренессанстан мурда Батышта чиркөө т.а. дин адамдары жаңылбас деп кабыл алынчу эле. Ошолордун гана айтканы туура деп кабыл алынчу, изденүү, суроо-талап жок болчу. Мисалы, Галилео Галилей жердин өз огунда айланып турарын айтып чыгуу менен чиркөөгө каршы келди.

Галилео Галилей илимий сыноо өткөрүп жатат. Луиджи Катанинин (1762-1840) сүрөтү.
Галилео Галилей илимий сыноо өткөрүп жатат. Луиджи Катанинин (1762-1840) сүрөтү.

Натыйжада илимий чындыкты эч кандай баш оорусуз эле четке кагып койгон чиркөө тарабынан башына эң оор кыйынчылыктар келди.

Качан гана чиркөө акыйкатты жаңылбастан билүүчү түзүм эмес экендиги жарыкка чыкканда, т.а. чиркөө жана өздөрүн жарым Кудай деп билген кечилдердин кылымдар бою жалган айтып келгендиги ачыкка чыгып калган соң илим, изденүү, прогресс, өнүгүү, алдыга жылуу башталды.

Анткени адамдардын чиркөөгө болгон ишеними өлгөн жана алар узак убакыт бою ишенип келген догмаларынын маңызы бош экендигин аңдашкан. Мына ошондо гана акыйкатты чиркөөнүн артына эмес, эркин ой жүгүртүүнүн/ илим-билимдин артына түшүү менен гана таба алаарын түшүнүштү. Маданият мына ушундайча түптөлө баштады.

Биринчи буйругу "Оку!" деп айтылган, 273 жеринде адамды акыл калчаганга үндөгөн, толук маңызы илимге жана адептүүлүккө чакырган китепти негизги булак катары карманган диндин өкүлдөрү; биз мусулмандардын бүгүнкү абалы Ренессанстан мурдагы Батыш маданиятына канчалык окшошуп тургандыгы канчалык өкүнүчтүү!

Чындыгында өсүп-өнүгүүгө өбөлгө түзгөн, буга аябай ыңгайлуу диний ишенимге ээбиз. Бирок тарыхтагы белгилүү бир топ себептерден улам ушундай абалда турабыз. Бул кризистен чыгуунун, менимче, жападан жалгыз жолу - эркин ой жүгүртүү менен илим-билимде илгерилөө.

Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Биз сыяктуу коомдордо адамзатты арданткан терс көрүнүштөрдүн энеси - акылга кылынган душмандык. Тилекке каршы, бул куу, анан да бетпак түшүнүк исламга таңууланып келген учурлар да болот.

"Акылга салсаң адашасың, сен чектүү акылың менен чечим чыгарба, аалымдар айтканды аткарып эле жүрө бериш керек, шайтан деле убагында акылдуусунган" деген түшүнүктөрдү (эгер ушулар түшүнүк деп эсептелсе) буга мисал келтирсе болот...

Куранды атайын акыл ээлерине түшүргөн Кудай акыл калчаганга, ой жүгүрткөнгө бөгөт койгон болушу мүмкүн эмес. Куранды түшүнүш үчүн окуган, азирети пайгамбардын хадистерин туура методология менен иликтеген, ислам тарыхын аналитикалык көз менен окуган адамдын бул чындыкты көрбөй өткөрүп жибериши мүмкүн эмес! Динди туура түшүнүүдө эркин ой жүгүртүүнүн орду эбегейсиз...

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

P.S: Элмурат Кочкор уулунун башка макалаларын ушул шилтеме аркылуу кирип окуңуз.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG