Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:41

Балаңдын бактысы сенин колуңда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эми бул тууралуу мага чейин далай айтылган, жазылган. Бирок жеке башыңдан өткөндөгү сезим, ой башкача болот экен...

Мындан төрт жылдай мурда Кудайдын белектеринен бири тартууланып, кыздуу болдум. Сөз менен жеткире албаган сезимге бөлөндүм, кудум эле экинчи жолу туулгандай болдум. Бир тараптан сүйүнүп жатсам, экинчи тараптан жаңы жоопкерчиликти эстеп, бир аз коркуп да коём. Баланы тарбиялоо деген жоопкерчилик... Анткени адамдын жаралышы Кудайдын колунда болгону менен киши болуп калыптанышы дээрлик толугу менен ата-энелердин колунда эмеспи. Кыска убакыт ичинде кызымдын келечегине барып келдим, ой-санаамда. Акыл-эстүү, билимдүү, татынакай кыз кылып коомго кошуу да, Кудай анын бетин ары кылсын, жашоодон ордун таба албаган, колунан эч нерсе келбеген бечара кылып калтырып кетүү да биздин колубузда экенин аңдадым.

Арадан үч жылдан ашуун убакыт өттү. Этине кир жугузбай, мээрим төгүп, бөпөлөп өстүрүп келе жатабыз. Жумуштан колум куру келгенден өткөн кордук жок. Анткени дайыма каректеринен мени күткөнү көрүнүп турат. Мен кирээрим менен оюнун таштап, дароо чуркаганда кадамдары чалыштап, эки колун алдыга сермеген бойдон жете келген кызымды көргөндө ал күнкү бүт кайгы-капаларым, чарчоом унутулуп эле калат. Анан кантип болсун, ошондой балапанды белексиз калтырган?

Дээрлик күнүгө кечинде кызым менен ойнойм; мен туурабаган жаныбар калбайт, кээде ат кылып минип алып чапкыласа, кээде карышкыр кылып улутат. Паркка чыккысы келгенде күн-түн дегенди карабайт. Андан ары маркетке да учурай келиш керек болот, көбүнчөсү... Мультфильмди жакшы көрөт. Адатта менин алдыма олтуруп, чалкалап жатып көргөндү жактырат. Анысы аз келгенсип, кээде мультфильмдеги каармандарды да сахналаштырган учурларым аз эмес. Кыязы, кызым деп кылбаганым калбайт.

Буларды эмне үчүн кылам? Туура тарбия менен чоңойсун деп. Кызыма педагогика илиминин негизинде тарбия берүү аракетиндемин. Алсак, балдар педагогикасы боюнча адис мугалимдин айтуусуна караганда, учурда кызымдын фантазиялык ой-жүгүртүүсү өтө өнүгүп жаткан учур экен. Ошол себептүү бир туруп ат, бир туруп карышкыр, дос, ата кылыгына кирип, берилип кошо ойногонум өтө туура болуп жатыптыр. Өзгөчө бир жарым, эки жашка чейин баланын өзүнө болгон ишеними калыптанат. Бул аралыкта балага чектөө, сунушун четке кагуу сыяктуу адаттан качыш керек. Эки жашка жакындай баштаганда гана кээ бир үй эрежелерине акырындык менен көндүрүү туура болот. Ушул себептүү кызыма адатта "жок" дебейм. Бирок азыр бир аз чоңоюп калды; кээде атайын "маркетке баралы" деген сунушун «бүгүн мультфильм көрөлү. Маркетке башка күнү баралы, э кызым?» деп акырын четке кагам. Кыскасы, кызымды келечекке даярдаш үчүн колумдан келгендин баарын кылып жатам. (Апасынын кызына көргөн камына токтолбодум. Анын үстүнө тема мен тууралуу болмокчу).

Бүгүнкүгө чейин, жаңылбасам, эки же үч жолу кызыма дабышымды көтөрүп алыпмын. Бул менин кемчилигим, катачылыгым. Кыйкыра койсом, мени карап ыйлап жиберсе дароо эле чыдабай кетип, кызым менен кошо өзүм да көзүмө жаш алып, кучактап алып, кечирим сурап сооротком. Анткени жүрөгү тап-таза, жан-дүйнөсү пакиза бир наристе... Атайын кайыптан жол тартып, «атам менен апама кыз болом» деп келсе, менин кылганым кантип болсун? Өзгөчө бала кезинде али эч нерсеге күчү жетпейт, коргоого, аёого, жардамга муктаж, ата-энесин опол тоодой көргөн, андан эч бир учурда жамандык күтпөгөн кезде балага заар чачуу - акмактын иши сыңары.

Кудайдын жер бетиндеги эң ыйык нерсесин киши кылып тарбиялап, коомчулукка кошконго менин күчүм жетет беле, жетиштүү күч, билим, эрк, адеп-ахлак бар беле менде?

Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Биз кандай ата-энебиз же кандай ата-эне болобуз? Канчалаган балдарыбыздын купуя ыйы, үмүттөрү, келечеги ата-энелердин чабалдыгына көмүлүп турат болду экен? Үй-бүлөлүк жашоого кадам шилтегенге камынган жаштар, канчалык даярбыз, бул жооптуу миссияны улап кетүүгө? Жубайыбыздан издеген, талап кылган касиеттер өзүбүздө да барбы? Биз издеген идеалдуу жубайга өзүбүз канчалык төп келебиз? Жаңы келе турган бала тууралуу эмнелерди билебиз, ким ал? Эмнелерге муктаж, курагына карап эмнелерди кылыш керек, ыйлаганы же күлгөнү эмнеден кабар берет? Алардын билим алышы, өздөрүн өнүктүрүшү үчүн шарт түзүп берүүдөн качпайлы; алардын өз убагында оюнга короткон убакыттарын жоготуу катары көрбөйлү. Балага башынан туура тарбия берилсе, бүтүндөй журтчулуктун керегине жарай турган эр- азамат же кыздар чыгаарын, тескерисинче болсо бүтүндөй улуттун башына балээ болуп калышы толук мүмкүн экендигин жадыбыздан чыгарбайлы.

Балдарга колдон келген шартты түзүп бербөө, колдоо көрсөтпөө, убактысын уурдоо – бул чоң күнөө. Бул күнөөнү Кудай да кечирбейт. Балдар - Кудайдын аманаты. Бул каргышка калган ата-эненин жазасы көп деле күттүрбөй келет: алгач «бала да, бир аз чекилик кылып койгондур», же «кысталак, таекелерин тартып калган го...» деп айыпты «чоочун» тарапка оодара салабыз. Кийин бар «өнөрү» чыкканда, анан эринди кырча тиштейбиз. Муну каргыштын айынан келген тозоктун башталышы деп койсо деле болот...

Эч бир ата-эне артынан байкуш бирөөнү калтырып кеткиси келбейт, карыганда бечара абалга түшүп калууну да каалабайт. Көпөлөк канатын какканда пайда болгон абадагы майда толкун ыраакка узаган сайын чоңоюп олтуруп чоң толкунга айланган сыңары, учурда майда көрүнгөн балдарыбыз учуру жетип эбегейсиз зор ырахатка же машакатка айланып каларын азыртадан аңдайлы.

Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Тарбияны качан башташ керек? Качан гана коңшунун тоогун уурдап бет кызаркан кезде колго камчыны кармап «тарбиялап» калбай, башынан, бешитеги кезинен башташ керек. Балким, андан да эрте, ата же апа болуп берүүгө камданган учурубуздан башталат деп ойлойм. Тарбияны өзүбүздөн баштайлы. Азрети Умар бир кишини акча берип жалдап «Күн сайын мага келип өлүмдү эстетип тур» деп бекеринен айтпаган чыгар. Өзүбүздүн улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов «Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу» деп таамай айткан эмеспи.

Элмурат Кочкор уулу,

Түркиянын Кайсери шаарындагы Эржийес

университетинин (Erciyes Üniversitesi) докторанты

P.S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG