Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:44

Аш-тойдон Анкарага качтым


Иллюстрация (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Базар күн эле. Анкаранын Кызылай аянтчасында отурам. Адатта бул күнү Кызылайга кыргыз көп чогулат.

Аптанын алты күнү бою үй жумуштарынан арылбаган жердештерим ушу күнү бири-бирине бугун төгүп, жеңилденип алышат. Жакын жерде отурган эжекелердин сөздөрү кулакка шак дей түштү.

- Тиги оорукчан кемпирден кеттим. Азыр бала карап баштадым. Бай үй-бүлө экен. Заңгыраган үйүн тазалап чыккыча эле түш болот, анын үстүнө бала да чарчатып коёт эмеспи. Кечинде суй жыгылам. Бирок апасы иштен келгенде баласы чуркап барып, кучагына кире калганда чарчаганымды унутуп, бир эзилем десең... Энебиз да, дароо көзүмдөн жаш тегеренип чыгат. Өзүмдүн балдарымды эстейм, - деп бири ыйламсырап алды.

Эки эже андан ары армандарын улантышты. «Кыргызстанга барсаң, же иш жок, иш болсо, тапканың баягы өлгөн-житкен, той-топур менен оомийин болот. Азыр да эптеп чогултуп салсам, баланчанын өлүгүнө кошумчага кетти деп жан кейитишет» деген сөзү өзгөчө жадымда калды. Эмне дегенде ага чейин да жаш эле балдар-кыздар да биздин түгөнбөгөн түйшүктөн качып, эл-жерине баргысы келишпегенин айткандары бар эле...

- Балдарды сагынсаң да, зато Түркияда кулак-мээң тынч, нервиң ордунда, - деп орусча кошо улутуна кетти эжелердин бири.

Белгилүү публицист Султан Жумагулов «Сөөк коюу: тирүүлөрдүн шору» деген макаласында «кыргыздын үйүнө өлүм менен кошо тозок да кирет» деп таамай айтканы бар. Чынында ошол. Керек болсо тоюбуз да тозокко айланып баратат. Азыркы эжелер айтмакчы, далай жердештерибиз же карыздарын жапканы, же ошондой чыгымдардан качып, балдарынын жүзүн көрбөй сыртта жүрүшөт.

Аталган макалада өзбек жана дунган туугандар маркумду чачылбай-этпей эле жупуну жерге беришери сүрөттөлгөн болчу. Эми мен Түркияда алты жыл жашап калган кыргыз баласы катары түрк элинин каада-салттарын биздикине салыштыра кетейин. Албетте, Түркиянын калкы көп этностуу, каада-салттары жашаган чөлкөмүнө, улутуна, тутунган ишенимине карата бири-биринен аз болсо да айырмаланып турат. Бирок жалпысынан алганда той жана маркумду акыркы сапарга узатуу ритуалдары аз чыгым менен өтөт. Алсак, кимдир бирөө дүйнөдөн кайтканда мечиттин жанында атайын жаназа окулчу жайга алып барышат. Жаназа окулган соң жакындарына кабар салып, тажияны чакан кафеде же үйдө белгилешет. Эч кандай союш, дүр-дүйүм дасторкон болбойт. Көңүл айтканы келгендер бир куюм чай же кофе ичип, куран окуп, бата кылып кете беришет. Кырк ашы жана жылдыгы да биздей эмес. Ал күндөрү маркумдун эң жакындары топтолуп, тамак жеп, куран окуп, маркумду эскеришет.

Кээ бир изилдөөлөргө таянсак, бул ритуалдардын жупуну, аз чыгым менен өтүшү шаардашуу менен кошо келиптир. Балким, Түркиянын Батыш дүйнөсү менен интеграциясы да өз таасирин тийгизгендир... Кантсе да, түрк туугандар улуттук каада-салттарын, диний ишенимдерин азыркы заманга, социалдык-экономикалык шарттарга шайкеш келтирип алышкан сыяктуу.

Аркы-теркини көргөн биз сыяктуулар маркумду биз деле ушинтип узатпайлыбы деп сөз козгосоң, балээге калдың дей бер. «Намыс кана, картөшкө көмгөндөй эле алып барып көмүп салалыбы!», «Жок болсо таап союш керек, сенин атаң, чоң атаң жеп эле келген, сен кылбай койсоң эл эмне дейт?» деген сөздөр. Бизде маркумду эстеп туруш керек деген шылтоо менен тажия, бейшембилик, жетилик, кыркылык, жылдык, айттык сыяктуу ырымдардын улануусун кош колдоп колдошот, керек болсо зордошот. Эми ошол ырым-жырымдардын бирине барып калсаң, дасторкон дүр-дүйүмгө толуп, чоң тойго айланган. Мындайча айтканда, эскерүү ырымы кудум тамак-аш фестивалын элестетет.

Иллюстрация
Иллюстрация

Эми келгендердин кебин тыңдайлы: же Жаанбай акенин жаштыгындагы окуялар, же Орунбек аванын азилдери, көбүнчө саясат... Мурда аялдар кара кийимдерин чечип ак кийимге өтүп, кадыресе жашоого кайтканын белгилесе, учурда бул сарпайга (кийит) айланып кетти. Баштан аяк эки-үч сыйра кийим, модалуу бут кийим же пальто... Акыркы убактарда кээ бир жерлерде алтын такмай кошулду. Карап туруп, «баланчанын өлгөнү ырас эле болгон тура!» деп куттуктап аткандай көрүнөт тообо!

Эми түрктөрдүн тойлору тууралуу. Орто жашаган үй-бүлөлөрдүн биринин тоюна барып калдым. Шаарда болгондуктан, атайын той салонунда өттү. Болгону үч саатка созулду. Колукту менен күйөө баланын гана машинасы жасалгаланган, калган коноктордуку кадимки эле машиналар. Алты кишилик үстөлгө эки литр суусундук, эки тарелка крекер, жука кесилген бир тилим колдо жасалган торт берилди. Ар бирибизге эки стакан суусундук, эки бүдүр крекер, бир кесим торт тийди. Кыска каалоо-тилектер айтылган соң той ээсине кошумчаларын беришти, бир аз бийлешти да, анан таркап кетишти. Таң калып, бардык эле тойлор ушундай таризде өтөбү деп сурадым. Көпчүлүк той ошондой эле жупуну өтөрүн угуп аябай баа бердим. Кээ бир бай үй-бүлөлөрдүн тоюнда дасторконго болгону жарым кесе эти бар тамак жана бир аз мөмө-жемиш гана кошулаарын айтышты.

Ачыгын айтканда, түрк туугандардын орто жашагандары бизге салыштырмалуу бай кишилер десе болот. Бирок алар да ашыкча чыгымга учурабай эле той өткөрүп жатпайбы! Ошо кыргыздын кедейлери же орточолору бай түрктөрдөй той өткөрсө кана!

Бешбармак, Бишкек
Бешбармак, Бишкек

Эл эмне дейт деп, карыздап кара мал союп, аны да былчылдата жеп, анан сөөктү ыраазы кылдым деп өзүбүздү алдагандын кереги эмне? Келиңиздер, ошол чыгымдарды кыскартып, ашканын анык муктаждыкка жумшайлы. Муктаж болгондор эң эле жакындарыбыздан чыгат. Ошол акчаны балдарыбыздын билимине салалы, жакшыраак мектептерге берели, тил курстарына жөнөтөлү... Мына ошондо Кудайдын астында соопчулук кылган болобуз.

Бул кепти неге козгодум? Өз элинин ысырап жашоосунан качкан мигранттарды аяйлычы. Уул-кыздарыбыздын чет жакада кыйналып, окшошкон күндөрдү кечирип жашап жаткандарын ойлонолу. Жок дегенде сарамжал, жупуну жашап, алардын тапкандарын туш келди чачпайлы. Эки эжебиз сыяктуу миңдеген, балким, он миңдеген эже-карындаштарыбыз, ага-инилерибиз өз эл-жерине жат болуп кетпесинчи...

P/S: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт

Элмурат Кочкор уулу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG