Линктер

дүйшөмбү, 17-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 02:58

Баланын ырыскысын акылга салалы


Иллюстрациялык сүрөт.

Ар бир бала өз ырыскысы менен кошо төрөлөт. Балким... Анткени Кудай-Тааланын сыпаттарынан бири - Раззак (ырыскы берүүчү) болуп саналат.

Чынында статистикалык маалыматтарга таянсак дүйнө жүзүндө табият ар бир кишиге 800 доллар өлчөмүндө киреше өндүрүп берүүгө жөндөмдүү.

Алла Таала ар бир пендеге ушинтип ырыскысын берип жаткандыр. Бирок кээ бир адамдардын мындай үлүштөн куржалак калышын Кудайдын кара ниеттүүлүгү менен эмес, кээ бир адамдардын ач көздүгү менен гана байланыштыруу туура болот.

Курандын Фуссилат сүрөөсүнүн 10-аятында Алла ырыскы берүүдө адилет мамиле кылгандыгы ачык-айкын баяндалат. Демек, бир мусулман катары ар бир бала туулганда, дүйнөдө дарак демейдегиден бир мөмөнү көбүрөөк, жалбырактары кычкылтекти бир искем көбүрөөк бөлүп чыгара баштаганына ишенүү абзел. Бул чындыгында эле ар бир бала өз ырыскысы менен (балким) кошо төрөлөт деген мааниге төп келет.

Бирок бул жерде өтө кылдат бир айырмага көңүлүңүздөрдү буруп кетким келет. "Ар бир бала өз ырыскысы менен кошо төрөлөт" деген сөз "ар бир төрөлгөн балага өз ырыскысы сөзсүз түрдө насип болот" деген мааниге дал келбейт... Муну менен эмнени айткым келип жатат? Ар бир ата-эне бул дүйнөгө күчүнө жараша наристе алып келсе деген кеп. Тактап айтканда, ар бир ата-эне Кудай берген ырыскысын төкпөй-чачпай топтоп келип баласына жедире ала турган күчүнө жараша перзенттин санын көбөйтсө туура болмок.

Ата-энелердин күчү - моралдык жана материалдык даярдык. Коомубузда төмөндөгүдөй үй-бүлөлөрдү кездештирүү кыйын деле эмес; моралдык, материалдык жактан (айталы) эки баланы витаминдери жетиштүү, мээрим менен камкордукка бөлөнгөн, жетиштүү деңгээлде көңүл бөлүнгөн, окуусуна, окуудан сырткаркы эрмеги менен алектенишине, мындан тышкары ойноп көңүл ачышына толук шарт түзүлгөн абалда өстүрүп чоңойтконго кудуреттүү.

Бирок бул үй-бүлө төрт же алты перзенттүү болду. Ошентип, бул үй-бүлөнүн жогорку билимдүү, акыл-эстүү, ден соолугу чың, кесибин жакшы өздөштүргөн, кыязы өлсө көзү аркада калбай турган эки уул-кызды коомго кошуп берүүгө жараган күчү алтыга бөлүнөт... Натыйжада ата-энесинин кыйналганын көрүп көңүлү чыдабай, эрте жаштан кара жумушка баш-оту менен кирип кеткен, ошол эле учурда билим алып, бир кесипти аркалап ыракаттанып жашоо сүрүү деген жаркын келечекке болгон үмүтү талкаланган, анын ордуна али балалык сезимдерин толук жашай албай жатып көр тириликтин кан кустурган катаалдыгына кабылып, бала башы менен ата-энесинин арабасын кошо тарткан уул-кыздары чыгат. "Аганы көрүп ини, эжени көрүп сиңди өсөт" болуп кенжелери деле жогорку билимди карай жол тартабы же тартпайбы деген суроо - өзүнчө дарт, өзүнчө жара.

Ырыскыны Кудай берет. Бирок аны таап, терип балдарына туура сарптай билүү деген ыйык вазыйпа - ата-эненин колунда! Кыргыз ак пейил эл экенбиз, ат тезегин кургатпай төрөсө деле «... аябай жакшы болуптур. Жакшы уул-кыздардан болсун ылайым, ме, сүйүнчүңдү алагой...» деп чөнтөктөгү акыркы чаканы деле болсо бере салабыз да. Анан "кыйратканбыз го" деп ойлоно түшкөн жана ого бетер шыктанган жаш жубайларды ким токтото алмак эле...

Бирок адатта бир жыл аралык менен туулуп жаткан балдардын келечегин, камсыздоосун, эң негизгиси - аларды төрөгөн эненин жана калыбына келе электе кайрадан эле боюна бүтүп туулган балдардын ден соолугун ойлогон эр-азаматтар жокко эсе.

Биз көмүскөгө таштап, көрмөксөн болгон бул каталарыбыз көп өтпөй олуттуу маселе болуп кайрадан көз алдыбызда турат. Бул жолкусунда көрмөксөнгө салууга болбой турган зор абалда астыбызды тороп отурат. Кайран эне... Катарынан бала төрөп ден соолугунан, сулуулугунан ажыраганы аз келгенсип, күйөөлөрү да жерий баштайт.

Бул болсо бара-бара үй-бүлөлүк келишпестик, чыр-чатак сыяктуу, коломтобузду бат эле өчүрүп кое турган терс таасирлерге себепкер болот. Кайран бала...

Эптеп өлбөй чоңоюп, муруту чыгып-чыга электе чет өлкөнү көздөй жол тартып, бир канча жыл жоголуп, ден соолугунан, маданий, улуттук сезимдеринен, баалуулуктарынан ажырап, орусча айтканда «зато» немистин же жапондун жараксыз деп чыгарып койгон эски автоунаасын калдыратып айдап келип, байкуш атасынын он жылдан бери ремонттой албай жүргөн эски, дубалдары тирөөч менен араң кармалып турган үйүн бир сыйра себелеп ремонттоп берсе төбөбүз көккө жетип отурабыз.

Ошондуктан үй-бүлөлүк пландоо деген нерсеге маани бериш керек деп ойлойм. Антпесек мындай тагдыр муундан муунга өтүп кете берчүдөй. Адатта үй-бүлөлүк пландоону биздин тукумубузду курутууга бел байлаган батышчыл саясат деп түшүнүшөт. Мен бул жерде аз балалуу болууну эмес, күчүбүзгө карап баланын санын көбөйтүү зарылдыгын айткым келип жатат. Күчү жетеби - он бала тарбияласын, ал өтө туура нерсе. Дагы айта кетчү нерсе - коомдо баары эле бирдей боло бербейт.

Балким бир топ үй-бүлө перзенттеринин жогорку билим алышын камсыз кыла албас. Бирок алар да жок эле дегенде бир кесипти аркалап, нан таап, жей турган абалга жеткирүүгө тийиш деп ойлойм.

Балким жүздөгөн жылдар мурда адам баласы үчүн ырыскы тамак-ашты гана туюнткан болушу мүмкүн. Жөнөкөй тил менен айтканда өз учурунда курсак ток, ден соолук жакшы болсо "бала үчүн кам көрдү" деп эсептелген болушу мүмкүн. Бирок бул жүздөгөн жылдар мурда өтүмдүү болчу. Бүгүн болсо ырыскынын ичине тамак-аш, чың ден соолук менен катар татыктуу билим да кирип калды.

Цивилизациянын өнүгүшү менен бирге адам баласы бүгүн мурдагы доорго салыштырмалуу көп жагынан жарышып жашоого тийиш. Эски доорду туурап, кара курсакты эле камсыз кылып жашоо - билимден, медицинадан, экономикадан, аскердик, укуктук жактан, искусстводон, өндүрүштөн артта калуу деген сөз. Бул болсо жакырчылыкты, оору-сыркоону, коркоктукту, адилетсиздикти, түркөйлүктү, көз каранды болуп жашоону алып келет...

Үй-бүлөлүк пландоонун бузулушуна бир топ жагдайлар таасирин тийгизип жатат. Мен алардын ичинен өзгөчө диний себептерине кыскача токтоло кетейин. (Анткени кесибиме байланышкан жерлери тууралуу гана кеп кыла алам). Булардын эң башында (жогоруда да сөз кылгандай) «ар бир бала өз ырыскысы менен кошо төрөлөт» деген түшүнүк турат. Бул бир аз түшүнүктүү деле болуп калды окшойт. Алла ырыскысын берет, бирок ошол ырыскысын терип келип наристенин насибине салып бериш ата-эненин колунда.

Бүгүн дүйнө жүзүндө 300 триллион долларга тете материалдык байлык болгонуна карабастан, беш секунда сайын ачка болгону үчүн бир бала жан берип жатканын билет белеңиз? Эмне, Алла аларды ырыскысы менен кошо жаратпады дейсизби? Же аларга душмандык кылдыбы? Албетте, жок! Балким, алардын ата-энелери «ар бир бала өз ырыскысы менен кошо төрөлөт» деген түшүнүктү туура эмес түшүнүштү же эч нерсени түшүнбөдү!

Мен байкаган экенчи таасир - азирети пайгамбардын «Көбөйгүлө! Мен Кыяматта үмөтүмдүн көптүгү менен сыймыктанам» дегендей маанидеги хадиси. Алгач бул хадистин аныгында пайгамбардан келип-келбегенин, аныгында пайгамбарыбыздан келсе, кандай мааниде бул хадисин айтканын изилдөө зарыл. Тактап айтканда, хадисти туура түшүнүүгө аракет кылыш керек. Бирок пайгамбардын кишилигин, дүйнө таанымын, максатын жана Курандын жалпы логикасын бир аз билген киши мусулман коомунун бүгүнкү кебетесин карап туруп пайгамбардын сыймыктанышына көп деле көзү жетпейт сыңары.

Бүгүн дүйнө калкынын 23 пайызы мусулмандардан турат. Бул болсо 1,6 миллиарддан ашуун калкы менен мусулмандар көптүгү боюнча дүйнө жүзүндө христиан динин тутунгандардан кийинки экинчи орунда тургандыгын билдирет.

Кыскасын айтканда, биз, мусулмандар, көппүз. Бирок дүйнө жүзүндөгү мусулман өлкөлөрдүн бюджеттерин топтосо жалгыз Жапониянын бюджети менен араң тиреше турган абалда экенин, өндүрүш, аскер, укук, искусство жааттарында «жетишкендиктерибиз» менен катар эң негизгиси, адеп-ахлактык жактан аксап жатканыбызды көрүп, пайгамбарыбыз кантип сыймыктанат?

Булардын баарын эске алганда, пайгамбар (эгер чындап эле бул хадис пайгамбардан келген болсо) бул сөзүндө ден соолугу чың жана билимдүү т.а. сапаттуу муундарды көп жетиштирүүнү максат кылганын түшүнүү кыйын деле эмес. Демек, жашоодогу максат - маңыздуу өмүр сүрүү.

Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Сөзүмдүн акырында бүткүл адамзатка, өзгөчө мекендештериме Кудайдан маңыздуу, бакубат жашоо тилеп кетем. Ылайым диний туура эмес түшүнүктөрдөн оолак, билимдүү, келечек муундун келечегине кайдыгер карабаган адамдар коомчулугубузда көбөйө берсин.

Элмурат Кочкор уулу

Редакция: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG