Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:36

"Күкүк" аталар жоопкерчиликти билбейт


Иллюстрация

Өспүрүм кыздар арасында төрөп, баласынан баш тарткандар жана баласы менен жалгыз калгандар көбөйүүдө. Адистер муну сексуалдык сабатсыздыктан, тарбиянын, адеп-ахлактын жетишсиздигинен көрүшөт.

Кыркы жаңы чыккан ымыркайын бооруна кыскан Назира он сегиз жашында эне болду. Элдин сөзүнөн айбыккан ата-энеси никесиз төрөгөн кызын Оштон Бишкекке жиберген экен. Борбордон көз жарган жаш келин азыр баласы менен батирде күн кечирип жатат:

- Туугандарыма барганга бет чыдабайт. Элдин көзүнө көрүнө албайм. Ата-энемди да уят кылдым. Ошко бара албай калдым. Төрт айдан бери ушул жактамын. Батир акысын апам төлөп берип жатат. Өзүм жалгыз эле жашайм. Башында баладан баш тарткым келген. Бирок төрөгөндөн кийин энелик сезим ойгонду. Азыр эми кантип, кимге таштамак элем?

Назира баланын атасы менен мектепти бүткөндөн кийин социалдык тармактан таанышкан. Жигит башында "сүйөм, күйөм" дегени менен кыз кош бойлуу экенин укканда эле Москвага кетип калган:

Абортко тыюу салынса мигрант кантет?

Абортко тыюу салынса мигрант кантет?

Орусияда аялдарга аборт жасатууга тыюу салуу жана таштанды балдар үчүн даярдалган бэби-бокс кутуларын жоюу боюнча даярдалган эки мыйзам долбоору кызуу талкууга түштү. Адистер бул мыйзам долбоорлор кабыл алынса, Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга да таасири тиерин айтышат.

- Аны мен көпкө чейин издедим. Акыры "Инстаграмга" "ушул баланы издеп жатам" деп жазсам дароо чалды. "Балаң бар" деп айттым. "Келбейм, мен ага жоопкерчилик албайм, өз жанымды араң багып жүрөм" деди. Агасы чалып, "иним жаш, азырынча үйлөнбөйт" деди. Ошондон кийин чалган жокмун. Абдан ызаландым.

Баланын атасы бардык жоопкерчиликтен, анын ичинде алимент төлөп берүүдөн же материалдык жардам көрсөтүүдөн да баш тарткан. Аны жоопко тартыш үчүн Назира кош бойлуу кезинде бир нече ирет укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Бирок иш козголгон эмес. Адегенде ДНК-анализ аркылуу анын аталыгын тастыктап, анан гана арыз жазыш керек экенин айтышкан:

- Анын ата-энесине айткан жокмун, корктум. Бир чети уялдым. Барсам деле: "Өзүң кылгансың, эмнеге келдиң?" деп жер каратат. Арыз жазсам, арызымды албай койду. Мен балама башка эч ким "ата" болуп бере албасын билем. Кийин чоңойсо эмнеге мындай болуп калганын кантип түшүндүрөм деп бушайман болом.

Назира баласын өз атына жаздырып алган. Жалгыз бой эне катары жөлөкпул албайт. Мындан ары баласын бирөөгө каратып, иштейин деген ой менен жашап келет.

Адистердин байкоосунда, Кыргызстанда кийинки жылдары Назира өңдүү баласы менен жалгыз калган кыз-келиндер көбөйүп жатат. Алардын дээрлик баарынын “сүйлөшкөн жигити” же күйөөсү таштап кеткен. Арасында өз баласынан баш тартып, балдар үйүнө, жатак үйлөргө калтырып кеткендери бар.

- Он тогуз жаштамын. Жигитим "үйлөнөбүз" деп жүрүп эле, боюмда бар экенин укканда качып кетти. Чалсам "мындай номер жок" деген жоопту уктум. Ата-энеме, туугандарыма кантип айтам? Жемелебей жардам бериңиздерди, сураныч!

Курсактагы наристе.
Курсактагы наристе.

Бул билдирүүнү "Инстаграмдагы" кыз-келиндер баракчасына атын жашырган келин жазган. Социалдык тармактарда аялдарга арналган баракчаларда мындай билдирүүлөр жаңылык деле эмес. Адатта мындай учурда пикир калтыргандардын дээрлик баары кызды жемелейт. Арасында "баласын багып алам" же "көмөк көрсөтөм" дегендери чанда.

Чүй облусундагы "Эне жана бала мээрими" кризистик борборуна кайрылгандардын басымдуу бөлүгү студент кыздар. Борбордун жетекчиси Таалайкүл Арзыматова жалгыз бой энелерге турмуштун оош-кыйыштары менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүп, балдарынан баш тартпоого чакырат:

- Биздин башкы максат - баланы энеден ажыратпоо. Томолой жетим балдар болсо - аларга өз ата-энесиндей мээрим төгүп, камкордук көрүү.

"Мээрим издеген кыздар алданат"

Аталган борбордо ушул тапта отуздай бала жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү кокустан бойго бүтүп, төрөп, бул жакка таштап кеткен студент кыздардыкы. Арзыматова жаш энелердин эркектерге минтип алданып калышын өз убагында үй-бүлөсүнөн, ата-энесинен көрбөгөн мээримди, сүйүүнү издегени менен түшүндүрөт.

- Ал кыздар ата-энесин сүйүүсүнө балкыган эмес. Мээримин көргөн эмес. Ошону үчүн ал сүйүүнү жигитинен издешет. Алданышат.

Арзыматова өз тажрыйбасында жигиттери кайрылып келип, үй-бүлө кургандары чанда гана болгонун кошумчалады.

Адистер мындай жоопкерчиликсиз, турмушка жеңил караган кыз-жигиттердин көбөйүшүн үй-бүлөлүк баалуулуктардын калыптанбаганынан көрүшөт.

"Азаттыктын" архиви: Уят деп унчукпайлыбы? 26-май, 2017-жыл

Жыныстык тарбия керекпи?

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда ажырашкандардын саны жыл сайын тогуз миңге жетет. Бул кыйылган никелердин үчтөн бири кайра бузулат деген сөз. Адистер жаш бүлөлөр эки ажырым жолго түшүп, үй-бүлө институту жабыркап, миграция, жумушсуздук күчөгөн шартта анын кесепети балдарга тийип жатканын белгилешет.

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова жоопкерчиликсиз "ата-энелердин" пайда болушун тарбиянын жетишсиздигинен көрөт:

Бүбүсара Рыскулова.
Бүбүсара Рыскулова.

- Бул маселе келип-келип үй-бүлө институтуна такалат. Ошол эле ата-эне, мугалимдер кыздарды эле тыя бербей, балдарга да жоопкерчиликтүү болууну үйрөтүшү керек. "Жыныстык катнашка барсаң эмне болот, алдап таштап кетсең болбойт" деген өңүттө окутуу жүрүшү керек. Коомчулук да жигиттердин жоопкерчилигин эске салып турушу зарыл.

Деген менен, “Айкын багыт” укук коргоочу уюмунун төрайымы Мунара Бекназарова мыйзамдуу нике кыйылбагандан кийин андай "аталарга" сурак жок деп эсептейт:

- Эки тараптын тең макулдугу менен болуп жаткандан кийин ал адамдан кантип сурак болсун? Анткени, мыйзам боюнча ортодо нике жок. Дене кумары үчүн гана мамиледе болду. Каалаган жок, кетип калды. Болгону ушул. Мисалы, мага бир кыз "жигитим боюма бүтүрүп, таштап кетти" деп жардам сурап келген. Ал адамга биз кантип түшүндүрмөк элек? Аягында ал адам кыздын айтканына карабай, жоопкерчилик алган эмес.

"Сексуалдык тарбия керек"

Мындай көрүнүштөргө жол бербеш үчүн айрым адистер улан-кыздарга мектептен эле кош бойлуулуктан сактануунун жолдорун үйрөтүү зарыл экенин айтышат.

Бишкектеги студенттик бейтапкананын акушер-гинеклогу Гүлзина Матраимова үй-бүлөнү туура пландаштырууну билбегендиктен бир айда бир же эки кыз ушундай жагдайга туш болоорун айтты:

- Үй-бүлөнү туура пландоону, кокустан бойго бүтүүнүн алдын алууну билбей мага бир топ кыздар келет. Алардын дээрлик баары жигити менен жакшынакай сүйлөшүп жүрүп эле кош бойлуу болуп калгандар. Биз алардын жагдайын угуп, болочок атага чалып, эне-атасына билдирип, үй-бүлө курууга жардам беребиз. Анткени аборт аялдын ден соолугуна зыян. Менин кабинетимде жыл сайын он-он беш кызды күйөөгө узаткан учурлар болот.

Таштанды балдар үчүн куту - аргасыздык

Таштанды балдар үчүн куту - аргасыздык

Кыргызстанда таштанды балдарды калтырып кетчү кутуларды же "бэби бокстарды" ачуу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул жаңылыкты коомдун айрым өкүлдөрү төрөлгөндөн көчөгө ташталып, итке таланды болгуча ымыркайларды коргоонун ыктуу жолу деп колдоого алышса, айрымдар ата-эне болуу жоопкерчилигин сезбеген жаштарга шарт түзөт деп кабатыр.

Матраимова маселени чечүүдө ата-эне, чоңдор түшүнүү менен кабыл алып, туура кеңеш бериши зарыл деп эсептейт:

- Кээ бир учурда энеси кызын "аборт кылдырам" деп жетелеп келет. Андай учурда адегенде энеге түшүндүрүүдөн баштайбыз. Анан курсактагы баланын атасына чалып: "Балам, сен балалуу болуп жатасың. Туура кабыл ал, түшүн" деп айтууга туура келет. Жаштар аны түшүнбөйт. Алар ал турсун ымыркайдын ыйынан чочуп, жаа бою качышат. Ага болгон жоопкерчиликти сезишпейт. Ошондуктан чоңдор туура түшүндүрүп, жанында болушу керек.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда жылына расмий түрдө 95 бала ташталат. Ал эми расмий түрдө каттоого алынбаган балдардын саны канча экени белгисиз. Ушундан улам эки жыл мурда министрлик "бэйби бокс" же балдарды таштоо кутуларын ачуу демилгесин көтөрүп чыкканы менен, ал ишке ашкан эмес.

Адистер, адатта энелер турмушка даяр болбогонун, ошол эле учурда элдин сөзүнөн чочулап, баланы бакканга материалдык шарты жоктугунан улам ушундай кадамга барарын белгилешет.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин адиси Айкөл Турганбаеванын айтымында, өкмөттөн жалгыз бой энелердин жашоо-шартына ылайык жөлөкпул гана чегерилет:

- Мыйзам боюнча "жалгыз бой эне" деген макам жок. Анткени никесиз, бирок жолдошу менен бирге жашагандар да бир топ. Бул учурда жөлөкпул үй-бүлө шартына ылайык ар бир балага 810 сом өлчөмүндө чегерилет. Ал эми быйыл төрөгөн ар бир энеге сүйүнчү пул берилет. Жөлөкпул бөлүнүп жатканда бир гана эненин жашоо-шарты, маянасы эске алынат, башкача айтканда, таене-таятасынын же туугандарынын киреше булагы эске алынбайт.

Былтыр Жогорку Кеңеште “Сот аткаруучулардын макамы жана Кыргызстанда аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамга" өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга коюлган. Анда балдары үчүн алимент төлөбөгөн ата-энелер тууралуу маалыматты жалпыга жарыялап, алардын кээ бир укуктарын чектөө сунуш кылынган. Ал эми алимент өндүрүү боюнча 2017-жылы соттук аткаруучулардын көзөмөлүнө 38 миң 500 арыз түшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG