Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:32

Өкмөт кароосуз калган балдарга мамлекеттик камкордукту натыйжалуу алып баруу үчүн балдар үйлөрүнүн түзүмүн оптималдаштырууну көздөйт.

Бул тууралуу өкмөттүн социалдык иштер боюнча вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова "Азаттыкка" маек курду.

Султанбекова: Бул социалдык тармактагы эң негизги көйгөйлөрдүн бири болуп жатат. Буга чейин мамлекеттин карамагындагы балдар үйлөрүн оптималдаштыруу үчүн өкмөттүн атайын токтому да чыккан. Ошол токтомдун негизинде биз республика боюнча балдар үйлөрүн кыдырып, андагы балдар кандай тарбияланып жатканы менен таанышып, мамлекет бөлгөн каражат аларга канчалык жетип жатканынан кабар алдык.

Бул тармакта аябагандай көйгөйлөр көп экен. Кыргызстан боюнча кароосуз калган балдардын үлүшү алты пайызды түзөт. Бирок биз балдар үйлөрүнө барып көргөнүбүздө, ата-энеси бар, багар-көрөр жакындары бар эле балдардын мына ошол жактарда тарбияланып жатканын көрүп таң калдык. Териштирип көрсөк, алардын ата-энелери балдарын мына ошол үйлөргө калтырып коюшуп, өздөрү Орусияга иштегени кеткен же болбосо колунда жок деген негизде балдарын ал жакка тапшырып койгон жарандар болуп чыгышты.

Чынын айтсак, бул багытта мамлекеттик саясат бир топ эле аксап калган экен. Анткени азыр мамлекеттин бюджетинин элүү пайызга чукулу социалдык тармакка жумшалат. Бирок ошол акча чынында эле муктаж жетим балдарга жетип жатабы деген маселе бар. Биз балдар үйлөрүн кыдырып барганыбызда алардын жетекчилери ал жакта "120-130 бала тарбияланат" деп айтышты. Бирок биз барган учурда ал жакта ошончо баланы көрө алган жокпуз.

"Азаттыктын" апталык түрмөгү жаштайынан иштеп, акча тапкан балдарга арналды. Аймактардагы кабарчыларыбыз окуучулар жайкы каникулда кантип акча табышат жана алардын укуктары корголуп жатабы деген маселеге кайрылышты.

Көпчүлүгү кароосуз калган балдар үйлөрү жайгашкан райондордун эле айылдарынан келген ата-энеси бар эле балдар экен. Бул жерде балдар үйлөрүн кармоого кеткен жана балдардын тамак-ашын менен кийим кечесин сатып алууга жумшалган каражатты пайдаланууда өтө чоң коррупциялык схемалар бар экени байкалды. Ошондуктан биз кыдыруунун жыйынтыгында прокуратура органдарына ар бир балдар үйүн текшерип чыгып, ошондой кыңыр иштерди ачыкка чыгарып, чара көрүү маселесин коюп, протоколдук тапшырма бердик. Учурда прокуратура органдары өлкөдөгү бардык жетим балдар үйлөрүндө мыйзам чегинде тиешелүү текшерүү иштерин башташты. Ошонун жыйынтыгы боюнча тиешелүү иш-чаралар көрүлүп, балдар үйлөрүн оптималдаштыруу багытында иш алып жүргүзүлөт.

Бирок буга чейин балдар үйлөрүнүн эсебинен көмүскө киреше тапканга кынык алган социалдык жана билим берүү тармагындагы жетекчилер бул ишке тоскоолдук кылып, балдар үйлөрүн жаптырбай, бул коррупциялашкан тутумду сактап калуу үчүн болушунча жандалбас кылып жатышат.

"Азаттык": Балдар үйлөрүнө мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын өлчөмү кандай? Ошол каражаттын толугу менен балдарга жетиши көзөмөлдөнөбү?

Султанбекова: Бул жерде билим берүү, социалдык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо сыяктуу үч тармак өздөрүнө караштуу балдар үйлөрүнө бекитилген каражатын бюджеттин эсебинен бөлүп берет.

Биз балдар үйлөрүн кыдырып жүрүп, алардын жылдык бюджетин сураштыксак чоңураак интернаттардыкы 16 миллион сомго чейин болсо, чаканы 8-9 миллион сомду түзөт экен. Каржылоо тутуму дагы чаржайыт абалда экени айкын болду. Анткени бөлүнгөн каражатты ар бир беренеси боюнча тактап, ошолордун негизинде кайра отчет талап кыла турган шарт жолго коюлбай калган экен.

Азыркы күндө ар бир баланын тамагына күнүнө 110 сомдон каражат бөлүнөт. Бирок чынында эле ар бир бала күнүнө 110 сомдук тамак-аш ичип жатабы же жокпу аныктап, чыгып, тиешелүү көзөмөлдү тартипке салуу жагы начарлап кеткени көрүнүп турат. Бул жерде бир маселе - балдардын тамагына, кийим-кечесине, билим алуусуна жана тарбиясына деп бөлүнгөн каражат толугу менен даректүү жетпей, анын натыйжасы көрүнбөй калып жатканында.

Биз кыдырып чыккан балдар үйлөрүнүн материалдык-техникалык абалы аябай начар экенин көрдүк. Балдар жашаган бөлмөлөр акыркы жолу качан ремонт көргөнү дагы белгисиз. Ошол эле кезде жыл сайын мамлекеттен ошол мекемелерди кармоого оңбогондой акча каражаты бөлүнүп жатат. Ошол каражат каякка жумшалып жатканын текшерген эч ким жок. Мектеп-интернаттарынын жана жатаканалардын абалы талапка жооп бербейт.

Ошондуктан биз бул багытта саясатты өзгөртүп, тармакты жаңы көз караш менен реформалап, мамлекеттик каражаттын натыйжалуу колдонулушуна көзөмөлдү колуна алууга убакыт келип жетти деп ойлойм.

Таштанды балдар үчүн куту - аргасыздык

Кыргызстанда таштанды балдарды калтырып кетчү кутуларды же "бэби бокстарды" ачуу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул жаңылыкты коомдун айрым өкүлдөрү төрөлгөндөн көчөгө ташталып, итке таланды болгуча ымыркайларды коргоонун ыктуу жолу деп колдоого алышса, айрымдар ата-эне болуу жоопкерчилигин сезбеген жаштарга шарт түзөт деп кабатыр.

Өкмөт азыр бул маселени чечүүнүн жолдорун атайын долбоор аркылуу издеп жатат. Алардын бири балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын пилоттук долбоор катары саналган фостердик үй-бүлөлөргө тапшырып, ал жактан аларды үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү киргизип жатабыз. Мисалы, фостердик үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан балдардын ар бирине мамлекет азыр айына 12 миң сомдон бөлүп берип жатат. Анын натыйжалуулугун көзөмөлдөө дагы оңой.

Тилекке каршы, мектеп интернаттарына бөлүнгөн каражат кумга сиңген суудай изи билинбей калып жатпайбы. Ошондуктан өкмөттө балдар үйлөрүн оптималдаштырып, балдарды ата-энеси бар болсо, ата-энесине же жакындарына кайтаруу, асыроого берүү же болбосо фостердик үй-бүлөлөргө тапшыруу боюнча иш-аракеттерди баштадык.

Бул жетим балдарга каралган мамлекеттик каражатты натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууга түрткү берет. Ошондой эле балдардын үй-бүлөлүк шартта тарбиялануусуна жана алар бойго жеткенде дагы бир жерге байлануусуна, билим алуусуна өбөлгө түзөт. Болбосо, азыр балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары мектеп-интернаттарын бүткөндөн кийин барар жери жок, көчөдө калып, туура эмес иштерге аралашып кетип жатышканы эч кимге деле жашыруун эмес. Бул өз кезегинде криминалдык чөйрөнүн социалдык базасын түзүүгө шарт түзүүдө. Ошентип мамлекеттин аларга бөлгөн каражаты өзүн-өзү актабай жатат. Ошондуктан биз бул багытта олуттуу реформага барууга мажбурбуз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG