Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Виртуалдуу дүйнөгө качкан өспүрүмдөр


Душанбенин Сино районунда өткөрүлгөн рейд учурунда эки апта ичинде кечинде интернет-кафелерде отурган отуздан ашык өспүрүм кармалды.

Тажикстан Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча кармалгандар зордукчул мазмундагы оюндарды ойноп жатышкан. Тартип коргоочулар алардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин коё беришкен. Эми ата-энелери "Балдардын билим алуусу жана тарбиясы жөнүндө" мыйзамды бузганы үчүн административдик жоопко тартылмакчы.

Өспүрүм балдарга андай оюндарды ойноого жол берген интернет-кафелердин кожоюндарына да тиешелүү чара көрүлгөнү жатат.

Январь айынын башында ички мекеменин кызматкерлери интернет-кафе, букмекердик конторалардын ээлерине кайрылып, ал жерлерге окуучулар киргизилбеш керектигин расмий эскерткен. Эреже бузгандарга айып салынары айтылган.

Бул чечим 3-январда борбор шаардагы мушташта эки окуучу бычак жеп каза болгондон кийин кабыл алынган. Мушташка катышкан эки райондун жаштары интернет-кафелерге көп барганы, зордукчул оюндардын каармандарын туурашканы аныкталган.

Бирок ата-энелер 2011-жылы кабыл алынган мыйзамды чечмелөө көп учурларда абсурдга жетээрин белгилешет. Мисалы, Абдурахмон Рахмоновдун уулу мектепте чөнтөк телефонун көтөрүп жүргөнү үчүн 120 сомони (15 доллар) айып төлөгөнүн айтат. Баласы мектептен кеч келип, тынчсыздана бергендиктен телефонду атасы өзү бериптир:

- Жумушта отуруп үйдү эле ойлой берем. Каникулда балдар көчөгө чыгып базарга, интернет-кафеге барбаса экен дейм. Ошол рейддер тартип коргоочулардын чөнтөктөрүн толтурууну гана көздөйт. Балдар эмне себептен жалгыз көчөгө чыкканына кызыгышпайт. Балким жөн гана нан сатып алганы дүкөнгө чыккандыр. Ата-энеси карабайт, кароосуз бала деген шылтоо менен эле кармап кете беришет. Андай рейддер проблеманы чечпестен, тескерисинче, тереңдетет.

Жакында тартип коргоочулар жогоруда сөз болгон мушташка байланыштуу дагы 13 киши кармалганын, экөө качып жүргөнүн маалымдашты. Ички иштер министри Рамазон Рахимзоданын айтымында, ал окуя боюнча 500 киши суракка тартылган. Министр адам өлүмү менен аяктаган кайгылуу окуя үчүн жоопкерчилик алдын алуу иштерин жүргүзбөгөн милиця кызматкерлерине, ата-энелерге жана мектептерге жүктөлөрүн белгиледи.

Билим берүү министрлиги буга чейин жаштар бейбаштыктан калайман мушташка катышканын, бычак, оор союл, арматура менен алдын ала куралданышканын айтышкан. Андай уруштар Душанбе окуучуларынын арасында сейрек көрүнүш эмес.

Адис-психологдор болсо зордук-зомбулук коштолгон оюндар өспүрүмдүн жакшы калыптана эле психикасына терс таасирин тийгизерин көп айтып келишет.

- Компьютердик оюндар салыштырмалуу жакында пайда болду. Алардын оң жактарын пайдаланыш керек. Болбосо психикага терс таасир тийгизет. Балдарга компьютердик оюндардын пайдасын жана зыянын жакшылап түшүндүрбөсө, арты кайгылуу аякташы мүмкүн. Мисалы, колунда жок же башка проблемалары бар үй-бүлөлөрдөн чыккан айрым балдар реалдуу турмушту унутуу, эптеп убактыт өткөрүү, ичиндеги бугун чыгаруу үчүн интернет-кафелерге барышат. Ошол абалдан өз убагында алып чыкпаса, реалдуу менен виртуалдуу дүйнөнүн айырмасын билбей калышат. Ошондо коомго залал алып келиши ыктымал, - дейт психолог Махмуд Кабири.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG