Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 04:18

Улуттук статистика комитети Кыргызстанда секелек кыздар арасында төрөт көбөйгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, жашы жете электе эне болгондор айрыкча Чүй жана Талас облустарында көп катталууда.

Аты-жөнүн өзгөртүп чыгарууну өтүнгөн 17 жаштагы Алина эселек кезинде эне болуп, бешик кучактагандардын бири. Ал тагдырындагы бурулуштар тууралуу минтип айтып берди:

- 9-класстан кийин окуган эмесмин. Былтыр мектептен чыгып кеткенден кийин айылдан шаарга келип, эжелерим менен майда-чүйдө жумуштарда иштеп жүрдүм. Тигүү цехинде иштедим. Ал жактан бир жигит менен таанышып, бири-бирибизди жактырып, сүйлөшүп калдык. Ал менден алты жаш улуу болчу. Үйлөнөм дечү. Ошентип алданып калдым. Боюмда болуп калыптыр, аны биз кеч билдик. Ата-энем, бир туугандарымдын бардыгы билишип, жаңжал чыгып, экөөбүздү үйлөндүрүштү. Бирок жашап кете албадык.

Алинанын уулу төрт айлык болуп калыптыр. Энелик сезиминде баласынын өмүрүн тилегени менен, оюнга тойбогон куракта турмушка чыгып, же окуудан, же иштен жок отурганына көп өкүнөт экен:

- Турмуш кыйын экен. Азыр балам экөөбүзгө ата-энем каралашып турат. Атасын ажырашкан бойдон көрө элекмин.

Эрте келин болгон эселектер

Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Бул жыл сайын 7 миңдей эселек күйөөгө тиет дегенди билдирет.

Кыргызстанда Алина өңдүү бала бойдон балалуу болгон секелектер жүздөп саналат. 2015-жылы секелек кыздар арасында 1200гө жакын кош бойлуу катталган. Улуттук статистика комитетинин 6-мартта жарыялаган иликтөөсүндө да алардын катары жыл санап көбөйүп жатканы белгиленген.

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, бойго жете элек кыздар ар кандай шартта эне болуп жатышат:

- Айрымдарын ата-энелери мажбурлап эле жашы жете электе күйөөгө берип коюшат, макул болуп турмушка чыгып калышат. Кээ бирлери жигит менен сүйлөшө коюп, сүйүү деп отуруп, анын артынан эне болуп калышууда. Зордуктоого кабылып, запкы көргөндөр да бар. Эртелей эне болгон кыздар билим алуу укугунан ажырайт. Бизде өз өмүрүн үй-бүлөгө арнап койгон аялдар бар. Бул нерсе албетте жакшы. Бирок 15-17 жашында эне болуп алса, анын билими ошол эле бойдон калат да.

Билимден тышкары эрте төрөт эселектердин саламаттыгына да зыянын тийгизбей койбойт. Бишкектеги Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун гинекологу Анара Ордокова мамлекеттик бейтапканаларда жашы жете электер чоңдордун коштоосунда гана медициналык тейлөөдөн өтүшү керек деген талап коюлгандыктан, кош бойлуу болуп кайрылган секелектер сейрек экенин билдирди. Ошол эле кезде алар менчик клиникаларга барып, аборт жасатып же дарыканаларда ачык сатылып жаткан дары-дармектерди колдонуу менен бойдон түшүрүүгө аракет кылышарын кошумчалады:

- Толук өсүп-жетиле электе төрөө эненин ден соолугуна өтө кооптуу. Анткени алар даяр эмес. Кош бойлуу кезиндеги талгакты көтөрө алышпайт, психологиялык жактан жабыркашат. Жашы жете электе төрөгөндөр катуу кыйналышат, кээлеринде кан токтобойт, мындайларда айынан эрте төрөгөндөр көп. Аборт жасаткандар эртең эне болуу бактысына ээ боло албайт.

Дарыгер билдиргендей, өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугу боюнча Кыргызстан башка мамлекеттерге салыштырмалуу алдыңкы орунда. Орто эсеп менен өлкөдө кош кат 1000 аялдын 38и эселектер. "Балдарды коргоо" борборунун адиси Кумар Эргешованын пикиринде, бул көрүнүшкө социалдык көйгөйлөр, миграция таасир этүүдө:

- Ата-эне менен баланын ортосунда бири-бирин түшүнгөн мамиле жок. Азыр ата-энелердин көпчүлүгү сыртта мигрант болуп жүрүшөт. Балдары болсо өздөрү же тууган-уругунда калып, көзөмөлдөгөн киши болбой жатат. Балдар-кыздарыбыз үй-бүлө куруу, кыз-жигит менен кантип сүйлөшүү керек, аял-менен эркектин мамилеси кандай болушу керек деген нерселерди билбей жатпайбы. Балдарга ушул айтылгандар боюнча маалымат бере албай атабыз.

Кыргызстанда былтыр Үй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилип, жашы 18ге толо электер менен никеге турууга тыюу салынган. Бирок укук коргоочулар бөтөнчө элет жеринде эрте турмушка чыккандар азайа электигин билдиришүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG