Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Ыргытылган ымыркай, ырайымсыз коом


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте суу каналдын боюнан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгүнүн табылышы ташталган наристелердин абалын кайрадан күн тартибине алып чыкты.

Ымыркайды таштаган киши табыла элек. Баланын денесинде кыйноонун издери байкалган. Милиция бала муунтулганбы же ташталгандан кийин жырткычтар кол салганбы, иликтенип жатканын билдирди. Ноябрда эле Кыргызстанда жарыкка жаңы келген эки ымыркайды көчөгө таштап кетишкен эле.

Жырткычтар тиштегилеген болушу мүмкүн...

Бишкек шаардык милициясынын маалыматына караганда, жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү 14-декабрда Көлбаев көчөсү менен Чүй каналынын ортосунан табылган. Башкалаанын ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов наристенин өлүмүнүн чоо-жайы экспертизанын жыйынтыгы чыкканда белгилүү болорун билдирди:

- Ымыркайдын жарыкка келгенине канча күн болгону да белгисиз. Кайсы учурда, кантип төрөлгөнү такталууда. Ымыркай чүпүрөк менен оролгон абалда табылган. Денесинде издер бар. Бирок ал эмнеден калган из экенин так айтуу азыр эрте. Жырткычтар тиштегилеген болушу да мүмкүн.

Ымыркай ташталган жер суу каналдын жээги болгондуктан ал аймакта адам көп жүрбөйт. Аны таштаган кишини издөө иштери төрт күндөн бери натыйжа бере элек.

Негизи эле Кыргызстанда укук коргоо органдары ымыркайды көчөгө таштап кеткен фактыларды ачык жарыялайт. Анткен менен мындай кадамга барган ата-энелерди таап, ачыкка чыгарган учурлары өтө сейрек. Ымыркайдын өлүмү менен коштолгон соңку окуя кыргыз коомунда жарык дүйнөгө келгенден кийин ташталган балдар маселесин кайрадан күн тартибине койду. Бөбөктөрдү таштап кеткендер тууралуу маалымат биринчи жолу чыгып жаткан жок.

Ноябрда өлкөдө эки ымыркай суукта көчөгө ташталган. Алардын бири Ош облусунда, экинчиси Токмок шаарынан табылган эле. Ага чейин июлда Бишкектин Арча-Бешик конушунда жарык дүйнөнү жаңы көргөн бөбөк дааратканага ташталган жерден аман-эсен табылган. Мунун алдында жаңы төрөгөн келин баласын мууздап, таштандыга ыргытып, кийин өзү да асынып өлүп коомчулуктун үрөйүн учурган.

Сабатсыздыктын кесепети балага тиет

Кайталанган бул өңдүү көрүнүштөр балдардын укуктарын, ата-энелердин жоопкерчилигин эске салды. Аялдар жана балдар темасы боюнча эксперт Сүйүн Курманова ымыркайларды көбүнчө жаштар таштап жатат деген пикирде. Ал эл арасындагы сабатсыздык балдарды таштоого түртүп жатканын айтты.

Сүйүн Курманова
Сүйүн Курманова

- "Сексуалдык маданият, бул багытта сабаттуулук керек" десе эле "туура эмес жакка үндөп атышат" деп чалкадан кетип жатышпайбы. Менимче, ушул боюнча сабаттуулукту көтөрүү туура. Себеби, башаламан байланыштын аягы ушундай кайгылуу көрүнүшкө кептеп отурат. Пландаштырылбаган байланыштардын алдын алыш үчүн жаштарды сексуалдык маданиятка үйрөтүш керек. Мектептен, бала чагынан эле мунун кесепеттери кандай болорун үйрөтүү зарыл. Маселе бирде көтөрүлүп, бирде коомчулук тарабынан артка сүрүлүп жатат.

Бишкекте ымыркайдын сөөгү табылгандан кийин социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары бөбөктү "энеси эле таштады" деп божомолдоп, катуу сынга алган пикирлерди калтырып жатышат.

"Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмесинин өкүлү Таалайбек Жакып ушул жагдайга көңүл буруп, жаңы төрөлгөн бөбөктүн энесин айыптоодон оолак болууга коомчулукту чакырды. Анын баамында, көйгөйдүн тамыры тереңде жана ал мамлекет, коомчулуктун биргелешкен аракети менен чечилет.

- "Таштап кетти" деп энелерди күнөөлөгөнгө акыбыз жок. Себеби, маселе ошол аялдын өзүнөн башталган жок. Ал өзү ата-энеден мээрим албаган болушу мүмкүн. Өзүңдө, жүрөгүңдө мээрим жок болсо, аны башкага кантип бересиң? Маселе ошондо болуп атат. Бүгүнкү күнү ажырашкан үй-бүлөлөр да көп. Эмнеге? 1990-жылдан 2006-жылга чейин ата-энелер балдарын толугу менен кароосуз калтырып коюшту десек болот. Көбү мигрант болуп кетишти. Ошол кезде 6-7-класста окуган балдар азыр 30-35 жашка чыгышты. Азыр ажырашкандар да ошолор. Анткени тажрыйба жок, ата-энесинен кандай мамиле көрсө ошону балдарына, үй-бүлөсүнө кылат. Бул маселе ошентип курчуп атпайбы.

Жоопкерчиликтен качкан заман

Таалайбек Жакып үй-бүлө, бала-бакча, мектептен баштап элге моралдык мыкты тарбия берүү менен жаңы төрөлгөн ымыркайларды таштоонун алдын алууну сунуш кылат. Ошондой эле "кыргыз коомчулугунда турмушта жаңылып, жаза басып алган аялдарга жардам берип кол сунуунун ордуна аларды жектеген түшүнүктөн улам ымыркайлар аянычтуу тагдырга кабылып жатат" деп кошумчалады.

- Дагы бир себептердин бири - биздин жамаатта эгерде турмушка чыкпай төрөй турган болсо, ал аялды коомдон сырткары жүргөн, башкача адам катары карап, жаман көрүп тилдеген көз караш бар. Ошондой эле бизде тээ илгертен келе жаткан "уят" деген сезим бар. Ошондон коркуп терс кадамдарга барып жатышат. Ошондой эле аял түгөйү менен сүйүшүп жүрүп, кош бойлуу болду дейли. Андан кийин жолдошу "баланы карабайм, кааласаң алдырып сал" деп баш тартып, бойдон алдырганга мүмкүнчүлүгү жетпей калышы мүмкүн. Мындай учурда ал аял төрөгөнгө чейин депрессия абалында жүрөт. Көңүлү чөгүп жүргөндөн кийин психологиялык тил менен айтканда "аффект абалы" пайда болот дагы, эмне кылып жатканын өзү билбей калат. Мындан тышкары аялдын төрөт учуру да өзүнчө аябай оор мезгил. Аял өзүн жоготуп коет. Ошол кезде колдоо жок болуп калганда, ал эч нерсе билбей калышы ыктымал. "Аффект" абалында адам ар кандай кадамга барышы мүмкүн. Анткени ал депрессиядан чыга алган жок, ичиндеги ачуусун кантип чыгарышты билбейт. Анан баланын бала экенин билбей, кылмышка барып жатпайбы. Мында жалгыз эненин өзү күнөөлүү эмес, анын тегерегиндеги жамаат да жоопкерчиликти өз моюнубузга алышыбыз керек. Кантип эле анын тегерегинде жакындары, жок дегенде курбусу болбосун? Кимдир-бирөө бар да. Биз бири-бирибизге көңүлкош мамиле кылганга көнүп баратабыз.

Ал эми Акыйкатчы институтунун балдар укуктары бөлүмүнүн жетекчиси Алберт Көлөпов мындай окуяларды кыз-келиндердин социалдык-экономикалык, моралдык жана психикалык абалына байланыштырат. Анын айтымында, эл арасында баланы көчөгө таштабай эле ымыркайлар үйлөрүнө өткөрүп берсе болорун билбегендер көп.

- Таштанды балдар ымыркайлар үйлөрүнө өткөрүлөт. Биз ал жакта балдардын абалына көзөмөл жүргүзөбүз. Алардын көбүн асырап алышат. Таштабай эле ошол жактарга өткөрүп коюшса болот. Бирок ага укуктук сабаттуулук жетпей атат. "Төрөсөм аны кантип багам, кантип жашайм" деген төмөн аң-сезимден улам ушундай окуялар катталууда. Ымыркайлар үйлөрүндө бала асырап алууну көздөгөндөр кезек күтүп турушат.

Кыргызстанда канча ымыркай ташталганы тууралуу так маалымат жок. Өлкө боюнча төрөлгөндөн төрт жашка чейинки көчөдө калган наристелер үчүн үч гана адистештирилген балдар үйү иштейт. Алардын бири - Бишкекте, экинчиси Токмок шаарында, үчүнчүсү Ошто жайгашкан. Былтыр ташталган ымыркайлардын аянычтуу тагдырлары атайын кутуларды же "бэби боксторду" ачуу демилгесин көтөрүүгө түрткөн. Аны коомдун бир бөлүгү колдосо, айрымдар "жаштар ата-эне болуу жоопкерчилигин сезбей калышат" деп четке кагып, ал сөз бойдон калган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG