Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:13

“Эже-сиңдилер” уктуруусунун бул чыгарылышында таштанды балдар үчүн кутулар, башкача айтканда, бейби-бокстор темасы талкууга алынды.

Уктурууга “Балдардын укугун коргоо” лигасынын директору Назгүл Турдубекова жана Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева катышты.

Алия Суранова: Жакында ажатканага ташталган ымыркайдын кырдаалынан кийин коомдо таштанды балдар үчүн анонимдүү кутулар тууралуу талкуу кызыды. Кээ бирлер ажатканага ташталгандан көрө наристелердин жашоосун сактап калуу үчүн бейби-бокстор керек десе, башкаларынын пикиринде, мындай кутулар “күкүк” энелердин санынын көбөйүшүнө шарт түзүп берет. Назгүл, сиздин оюңузча, бейби-бокстор деген эмне жана аларга муктаждык барбы?

Таштанды балдар үчүн куту - аргасыздык

Кыргызстанда таштанды балдарды калтырып кетчү кутуларды же "бэби бокстарды" ачуу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул жаңылыкты коомдун айрым өкүлдөрү төрөлгөндөн көчөгө ташталып, итке таланды болгуча ымыркайларды коргоонун ыктуу жолу деп колдоого алышса, айрымдар ата-эне болуу жоопкерчилигин сезбеген жаштарга шарт түзөт деп кабатыр.

Назгүл Турдубекова: Кыргызстанда балдарды таштоо көйгөйү бүгүн же кечээ эле пайда болгон эмес, бул көрүнүш Советтер Союзунан бери эле бар. Жыл сайын бир нече эне балдарын көчөдө, бирөөнүн үйүнүн жанында же даараткананын ичине калтырып кетет...

Бүгүнкү күндө социалдык кызматкерлер, жергиликтүү бийлик, айыл өкмөттөрүнүн башчылары убагында жаш энелердин муктаждыгын аныктап, ошол муктаждыгына жооп бере турган социалдык кызмат түзүп бергенде, кайсы эле адам өз баласын ушинтип таштап кетмек эле?

Адам ушундай ишке барып атса, демек, ал аргасыз, заматта психоз болуп, же өзүнүн акыл-эсин жоготуп, кылат бул ишти. Буга түрткү болгон себептер: акчанын жоктугу, зордук-зомбулукка учуроосу, уят болом деп, эл сөзүнөн коркуусу.

Бейби-бокстор башка мамлекеттерде төрөт үйлөрүндө жана чиркөө, мечиттердин жанында болот. Энеге булар “баламды ушул жерге таштап кете берсем болот турбайбы” деген ой берип, психологиялык жактан тескери түрткү болот. Ансыз деле бизде “өкмөт багат”, “өкмөт кылат”, “бирөө багып берет” деген психология жок эмес. Жергиликтүү бийликтер дагы өз жоопкерчилигин унута башташат. Андан тышкары ар бир ымыркай өз ата-энеси ким экенин билүүгө укугу бар. Бейби-бокстор ал укуктан ажыратып коет.

Абортко тыюу салынса мигрант кантет?

Орусияда аялдарга аборт жасатууга тыюу салуу жана таштанды балдар үчүн даярдалган бэби-бокс кутуларын жоюу боюнча даярдалган эки мыйзам долбоору кызуу талкууга түштү. Адистер бул мыйзам долбоорлор кабыл алынса, Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга да таасири тиерин айтышат.

Аида Касымалиева: Негизи бейби-боксторду орнотуу – көйгөйдүн себептерин чечүү эмес, анын кесепеттерин “кутуча коюп койсок, бул жоюлат” деген статистика дагы жок. Мисалы үчүн, айрым өлкөлөрдө коюлуптур, бирок бала таштоонун саны азайдыбы деген суроого жооп жок. Үй-бүлөнү пландаштыруу темасында ар бир жарандын репродуктивдик укуктары боюнча бизде мыйзам бар. Айылдарды кыдырып, жергиликтүү бийлик органдары жана имамдар менен жолуктук, чынын айтсам, ыйлагым келет. Ушунчалык маалымат жетишсиз.

Үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча маалымат жок, алдын-алуу иштери болбой жатат... Таштанды балдар деп атабыз. Биз ушуга чейин келип калдык. “Таштанды” деген “мусор” деген сөз да... Берки аялдын дагы акыбалын ойлосок, аны издеп атышат бүт өлкө менен, кылмыш ишин ачышты. Биз ушунчалык жаман абалга келип калдык. Жакында эле Орусиядан ташталып кеткен балдар келишти, алардын көбү оорулуу экен. Алардын үй-бүлөсүн издешет, алар болсо кабыл албайт баланы... Баар бири-бирине тыгыз байланыштагы көйгөй.

Уктурууну толугу менен төмөнкү ауидофайлдан уга аласыздар:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG