Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:08

31-июлда Бишкекте дааратканадан табылган жаңы төрөлгөн кыздын абалы оңоло баштаганын, бирок ал кыйналып сүт эмип, тамагы ириңдеп кеткенин дарыгерлер маалымдашты. Бул окуядан соң кыргыз коомунда жарык дүйнөгө келалбай жатып көчөдө калган ымыркайлар маселеси курч талкууланууда.

Жыл башынан бери Кыргызстанда сексенден ашуун таштанды бала катталган. Өлкөдө мындай наристелерге карата кандай камкордук көрүлүп жатат? Өз баласынан баш тарткан эненин купуя калуусуна кепилдик бере турган жобо канчалык зарыл?

Бул сыяктуу суроолорго “Азаттык” үналгысынын “Данисте” түрмөгүн даярдаган кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов жооп издеди.

Адатта баарыбыз эле бөбөктүн төрөлүшүн сүйүнүч менен кабыл алабыз. Бирок 31-июль күнү саратан аптабында Бишкектин Арча-Бешик конушундагы короо ажатканасында эми гана жарык дүйнөгө келген бөбөк кыздын табылганы тууралуу маалымат кыргыз коомчулугунун жүрөгүн сыздатты. (Аман калган бөбөк кызды биз макалада Үмүт деп шарттуу атап коёлучу).

Үмүт учурда Бишкектеги 3-балдар ооруканасында калыбына келтирүү бөлүмүндө жатат. Абалы жакшырып баратканы менен, дем алуусу начар. Саламаттык сактоо министрлигинин 2-августтагы маалыматы боюнча наристе дагы эле алсырап, ооз көңдөйүн тазалаган учурда ириң чыгып жатканы байкалган. Бирок, эң башкысы, бөбөк тамактанып, саламаттыгы жакшырып баратканын дарыгерлер айтып жатат.

"Эненин купуя калуусуна кепилдик керек"

Бул окуяга байланыштуу Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев аялга баласынан өз каалоосу менен баш тартуу укугун берүү керек деген пикирин да билдирди. Батыралиевдин мындай позициясын саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынын кеңешчиси Елена Баялинова Фейсбукка жарыялады. Анда министр энелердин төрөгөн балдарынан кылмыш жолу менен эмес, мыйзамдуу жол менен баш тартышы эне-бала өлүмүн азайтып, наристе тилеп жүргөн башка үй-бүлөнүн багын ачканга көмөк бермек, деген пикирин кошумчалаган.

Москва: мигрант балдардын бала-бакчасы

Москвада кыргызстандык мигранттар батирлерде бала бакча ачып же бөбөктөрдү өз алдынча окутуп келишет. Быйыл ачылган Kids club борбору мигранттардын балдарын окутуп, тарбиялап жаткан учуру.

Бул маселе бүгүн же кечээ эле келген жок. Былтыр да Бишкекте таштандыдан жаңы төрөлгөн ымыркай кыздын денеси табылганы, Орусияда кыргыз мигрант энелери төрөтканаларга калтырган 72 баланын алынып келиниши кыргыз өкмөтүн атайын жоболорду кабыл алып, көп тармактуу комиссияларды түзүүгө мажбур кылды.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үйңбүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын өкүлү Гүлмира Ахматова өлкө боюнча 2016-жылдан бери оор шарттарда жашап жаткан балдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын, 2017-жылдын алты айында эле Кыргызстандын ичинен 81 таштанды бала катталганын, Орусиядан ушундай эле туулганынан энесиз калган тогуз наристе алынып келингенин билдирди.

- Таштанды наристе тууралуу маалымат түшөрү менен ал жерге милициянын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн, социалдык коргоо, Саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү барып катоого алып, акт түзүлөт. 2017-жылдын алты айында 81 таштанды ымыркай катталган, быйыл тогуз бала Орусиядан алынып келинди.

2016-жылы атайын жобо кабыл алынган. Ага ылайык ар бир айыл аймактарда комиссиялар иш алып барат. Алар оор шарттарда жашаган наристелерди, балдарды таап, каттоого алышат. Учурда ошондой балдардын эки миңден ашуунуна түрдүү жардамдар көрсөтүлүп, алардын арасынан шарты өтө начар үй-бүлөлөрдөн балдар мамлекеттин камкордугундагы жайларга өткөрүлдү.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Гүлмира Ахматова Орусиянын төрөтканаларында кыргызстандыктар тарабынан ташталган балдарды Кыргызстандагы туугандарына, тагыраагы, чоң ата-чоң энелерине сунуштоого болоорун кошумчалады.

- Орусиядан алынып келинген балдар боюнча бизде атайын иштелип чыккан тактика бар. Бул ымыркайлар тууралуу, алардын энеси тууралуу толук маалымат бизде бар. Анан биз наристелердин туугандарын таап, алар менен акырын, этият иш жүргүзөбүз. Эгерде туугандары "бул баланы алам" десе, анда биз беребиз. Бирок акыркы чечимди сот гана чыгарат.

Анда кандай болот? Эч кимге айтпай, өз баласынан баш тарткан эненин туугандарына окуя тууралуу маалымдоо кайра эле бул аялга карата жектөөлөрдү күчөтпөйбү?

Милиция эгер таштап кеткен энени тапса аны кармап, атайын кызматтарга берип, туугандарына ызы-чуу сала баштаса, анда кайра эле адашкан башка энелер өздөрү төрөгөн балдарынан арылуусунун дагы жапайы, дагы мыкаачылык жолдоруна барбайт деп ким кепилдик бере алат?

Жаш эне менен түшүндүрүү иштерин алып баруу зарыл. Мисалы: “кыйналып атсаң жардам беребиз, шартын түзүп беребиз” деп. Баары бир коомдо мындай наристесинен баш тарткан учурлар боло берет. Мындай мыйзамдар, жоболор көптөгөн мамлекеттерде бар.
Эдил Байсалов

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары, коомдук ишмер Эдил Байсалов өз баласынан баш тарткан эненин купуя калуусуна кепилдик бере турган жобо Кыргызстанга зарыл жана диалог бир гана мамлекет менен эненин ортосунда болушу шарт, деген оюн ортого салды:

- Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрликтеринин бир канча документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Мен министрликте иштеп турган кезимде өзгөртүүлөрдү киргизгем. Бирок тилекке каршы, аларды кайра жокко чыгарып салышкан. Бул өзгөртүүлөрдүн негизги маңызы - ошол төрөт үйүндө же башка шартта эне өз баласынан өзү баш тартса, ага кепилдик берип купуялыгын сактоо. Албетте мамлекет аракет кылышы керек. Жаш эне менен түшүндүрүү иштерин алып баруу зарыл. Мисалы: “кыйналып атсаң жардам беребиз, шартын түзүп беребиз” деп. Баары бир коомдо мындай наристесинен баш тарткан учурлар боло берет. Мындай мыйзамдар, жоболор көптөгөн мамлекеттерде бар. Бул эл аралык тажрыйбада текшерилген. Канча деген үй-бүлө балага зар болуп жүрөт. Алар бөбөктөрдү бапестеп багып алат. Биз ошондуктан жаңы төрөгөн энеге кандайдыр бир кепилдик беришибиз керек. Азыркы шартта канчалаган кыз-келиндер ар кайсыл шартта, ар кандай жерге балдарын таштаганга аргасыз болуп жатат. Керек болсо, азыр төрөт үйлөрүндө балдар жең ичинен сатылып кетип жатат. Андыктан мамлекеттик тиешелүү ишканаларда буга байланыштуу жеңил формалар болушу керек.

Таштанды наристелерди баккан жайлар

Кыргызстанда төрөлгөндөн төрт жашка чейинки көчөдө калган наристелер үчүн атайын үч гана балдар үйү бар. Бирөөсү - Бишкекте, дагы бири Токмок шаарында, үчүнчүсү Ош шаарында орун алган. Мындан сырткары жеке жана бейөкмөт уюмдары уюштурган бөбөк үйлөрү да бар.

Биз макаланын башында сөз кылган Үмүт ооруканадан чыкса, Бишкек шаарындагы төрөлгөндөн төрт жашка чейинкилер үчүн адистештирилген балдар үйүнө келип түшөт. Бул жерде камылга жүрүп, кимдер бөбөккө тарбиячы болору эмитен чечилип жатыптыр. Биз баш баккан бөлмөдө тогуз айлык Аминаны ыктыярчы-тарбиячы май сүйкөп, денесин укалап жатыптыр. Аминаны да апасы төрөп эле таштап кеткен экен.

Иллюстрация
Иллюстрация

Бул жерден бир нерсеге ичим жылыды. Көрсө, каалоочулар өз ыктыяры менен мындай балдар үйүндө тарбиячы болуп иштесе болот экен. Кызматы үчүн айлык да алышпайт. Тарбиячылар негизинен балдардын курсагын тойгузуп, жуундуруп, майлап-сүттөп, кыскасы, көчөдө калган бөбөккө эне мээримин бергенге аракет кылышат.

Бишкектен жана тегерек четте орун алган айылдардан табылган наристелердүн көпчүлүгү ушул балдар үйүнө келип түшөт.

Бул адистештирилген наристелер үйүндө учурда 88 бала кароодо экен. Алардын ичинде энеси менен жаткандары да бар. Оор турмуштун айынан же оорулуу энелердин балдары, убактынча кароого алынган бөбөктөр да каралат. Балдар үйүнүн дарыгери Гүлжан Ашымова маалымат берип жатып, 2017-жылы келип түшкөн балдардын саны өскөнүн мындайча түшүндүрдү.

- Соңку жылдары оор турмушта багылып жаткан балдарды тартып алуу иштери жүрүп жаткандыктан наристелердин саны өстү. Бизге милициянын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен райондордо түзүлгөн үй-бүлөнү коргоо комиссия мүчөлөрү алып келип беришет. Көптөгөн балдар оорукчан же начар абалда келип түшөт. Кыргызстанга чынында бэбибокстор керек экен. Бул баланын эле саламаттыгы үчүн жасалган ыкма.

Өмүрүнүн алгачкы күнүнөн тартып ушинтип ар кайсыл балдар үйүндө калган бөбөктөрдүн айрымдарын төрт жашка толгуча багып алууну каалган үй-бүлөлөр алып кетишет. Калган көпчүлүк наристелер мындан ары башка балдар үйлөрүнө которулат. Алардын бири Беловодскидеги мектепке чейинки курактагы балдардын үйү.

Бул жерде балдар дагы эки-үч жыл эми гана көнүшүп калган кезде мектеп курактагы балдар үйлөрүнө чилдей тарашат. Ал жактан эптеп тамга таанып, айрымдары орто билим алып, атайын окуу жайларга, бейөкмөт уюмдар ачкан өспүрүмдөр хосписине, жатак жайы бар атайын окуу жайларга ооп кетишет.

Эң кейиштүүсү, майып балдардын тагдыры оор, аларды эч бир кыргызстандык багып алгысы келбейт. Айрымдарын гана эптеп документтерин тууралап, соттук териштирүүлөрдөн өткөн чыдамкай чет элдиктер алып кетишет экен. Калганы 16 жашка толгон соң психикалык ооруканаларга бөлүнөт.

Таштанды балдар үчүн үйлөрдөгү наристелердин көпчүлүгү кыздар. Балким, төрөтканаларга же социалдык кызматтардын колуна түшкөн эркек балдар атайын үйлөргө жетпей бала издеген адамдардын колуна өтүп кетип жаткан чыгаар.

Акчага бааланган бөбөктөр

Макаланын аягында жакында эле Бишкекте болгон бир окуяны баяндап өтөлү.

Жаңы конуштардын биринде турган көп жылдан бери балалуу боло албай жүргөн бир үй-бүлөнүн эшигине жаңы төрөлгөн баланы таштап кетишкен. Үйдүн кожоюну бир чети сүйүнүп, бир чети бир аз чочулап калганбы, дароо тез жардамга чала коёт. Алар келери менен милицияны чакырып каттатып, баланы текшерип, ооруканга алып кетишет.

Баланы тапкан үй-бүлө канчалык аракет кылышпасын, дарыгерлер баланын саламаттыгы дурус болгонуна карабай, ымыркайды ооруканага калтырып, ага кирүүгө да эч кимге уруксат бербей коёт.

Көп өтпөй социалдык коргоо министрлигине караштуу мекемеден келген кызматкерлер балага ээлик кылышат. Баланы таап алган үй-бүлө мамлекет айткан документтерди топтоп келсе да, тиешелүү кызматтар наристени бул бүлөгө бербей коюшат. Акыр-аягында бул үй-бүлө 100 миң сом каражат берип, анан бөбөктү багып алды. Бул үй-бүлө мүчөлөрү “Азаттыкка” дайын-дарегин айтпоону сурангандыктан, биз алардын аты-жөнүн сыр бойдон калтырдык.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    Сабыр Абдумомунов "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG