Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:00

Таласта ушул жумада багып алган кызынан баш тарткан аялды энелик укуктан ажыратуу маселеси каралды. Шаардык прокуратуранын маалыматында доо арызды Талас шаардык соту канааттандырган.

Талас шаардык прокуратурасы шаардагы мектептердин биринде 6-класста окуп жаткан кызды мамлекеттин карамагына алуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Буга жергиликтүү үй-бүлөнүн багып алган кызынан баш тартып жаткандыгы себеп болгонун прокурор Анарбай Мамажакыпов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Доо арыз келтиргенге апасы да макул болгон. Кызды эки жашынан баштап багып алган экен. Кыздын тарбиясы жетиштүү деңгээлде болбогондугу, мектепте начар окуганы да эске алынды. Биздин доо арызды сот канааттандырды.

Эки жашында баккан кызынан баш тартып, энелик укуктан ажыратылган аялдан пикир алууга мүмкүн болгон жок.

Таштанды балдар үчүн куту - аргасыздык

Кыргызстанда таштанды балдарды калтырып кетчү кутуларды же "бэби бокстарды" ачуу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул жаңылыкты коомдун айрым өкүлдөрү төрөлгөндөн көчөгө ташталып, итке таланды болгуча ымыркайларды коргоонун ыктуу жолу деп колдоого алышса, айрымдар ата-эне болуу жоопкерчилигин сезбеген жаштарга шарт түзөт деп кабатыр.

Таластагы "Жарандар үнү" коомдук уюмунун жетекчиси, коомдук ишмер Арзыкан Момунтаева бул көрүнүшкө өкүнүч менен баа берди:

- Бала баккандыкы, демек аны жакшы тарбиялоо керек. Маселен, бул жерде эненин өзүндө же ден соолугунда мандем болушу мүмкүн. Демек, багууга берип атканда социалдык кызматтар карашы керек болчу. Баланы күндөп-түндөп карап, чоңойтобуз. Анын тентек болуп калышына көп учурда эне-ата өзү күнөөлүү болуп калат.

"Балдардын укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова болсо кыргыз коомунда көпчүлүк ата-энелер бала асырап алууга моралдык жактан даяр эмес деген пикирде:

- Мээримин бере албаган эненин колунда чоңойгондон көрө баланын башка жакта өскөнү жакшы. Ошон үчүн баланы каалаган эле ата-энеге бере койбой, өкмөт тараптан да көзөмөл керек. Бизде көп учурда жашыруун асырап алышат. Ошон үчүн биз баланы кандай ата-эне алды, аны жакшы карайбы же жокпу билбей калып жатабыз. Кыргызстанда бала асырап алууну эл аралык стандартка жооп бере турган өзүнчө бир системага айландыруу үчүн алгач ата-энени даярдоо керек. Атайын окутуу зарыл. Андан тышкары, социалдык кызматкерлер да жардам бериши керек. Бул жаатта бүгүнкү күндө өкмөттүн деңгээлинде үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча 10 жылдык программа болот. Учурда жарандык коомдон колдоо күтүп атабыз.

Ата-энем деп жүргөн адамдардын башка болуп чыкканы, экинчиден алардын жерип койгону өткөөл куракта катуу тиет. Психологиялык стресс өз кезегинде ден соолугуна таасир этет.
Кундуз Оморова

Ошол эле маалда бармактайынан баккан эненин мамилесинин кескин муздашы кызга кандай таасир этет? Буга балдар жана өспүрүмдөр психологу Кундуз Оморова минтип жооп берди:

- Бала стресс болот. Ата-энем деп жүргөн адамдардын башка болуп чыкканы, экинчиден алардын жерип койгону өткөөл куракта катуу тиет. Психологиялык стресс өз кезегинде ден соолугуна таасир этет. Эми интернаттагы тарбиячылар кыздын мүнөзүнө жараша мамиле кылуусу керек. Аны текшерүүдөн өткөрүп, окуяны кандай кабыл алганын аныктоо зарыл. Ошого жараша психолог адистер иш жүргүзүүсү абзел.

Талас шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси Абдыкул Сариевдин айтымында, сот быйылкы жылдын биринчи кварталында асырап алууга бир баланы берүүгө, камкорлукка төрт баланы алууга чечим чыгарган. Бир адамды аталык укуктан ажыраткан.

Таласта ата-энеси жок балдардын көбү Бакай-Ата районундагы Чалдыбар жатак-мектебине жайгаштырылат. Мекеменин директору Шаршенбек Конгайтиев бул мектепке балдар соттун чечиминин негизинде алынарын айтты:

- 2012-жылдан баштап Балдар кодексинин 37-беренесинин негизинде бизге балдар соттун чечими менен келет. Райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн токтому менен алты айга чейин кабыл ала беребиз. Ушул мөөнөттө сот чечим чыгаруусу керек.

Чалдыбар жатак-мектеби томолой же жарым жетим балдарды, жалгыз бой, майып ата-энелердин балдарын кабыл алган жалгыз мекеме. Тамак-ашы, жатаканасы менен камсыздалган, 11-класстык билим берүүгө ылайыкташкан бул мектепте учурда 320 бала бар. Эки тараптуу макулдашуунун негизинде мектеп былтыр төрт бүтүрүүчүсүн Орусиянын Алтай аймагындагы жогорку окуу жайга билим алууга жиберген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG