Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Бала асыроонун түйшүгү жана жыргалы


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда мыйзамдуу түрдө бала багып алуу шарттары татаалбы? Төрөтканалардан ымыркай сатып алуу бала асырап алууну каалагандардын акыркы аргасыбы? Асыранды балдардын кийинки тагдыры кандай болот? “Азаттык+” бул ирет бала асырап алуунун күңгөй-тескейине токтолууну чечти.

Элмира Баткен облусунун тургуну. Ал беш жыл мурда каза тапкан сиңдисинин баласын мыйзамдуу түрдө асырай албай убара. Анын айтымында, буга документтердин толук эместиги себеп болгон.

Сиңдисинин баласынан башка Элмиранын өзүнүн эки баласы бар. Алар кадимки эле бала бакчада тарбияланса, алты жаштагы Нурдин ушул тапта балдар үйүндө жашайт. Ал туулган кезде ата-энеси ажырашып кеткен. Көп өтпөй энесинен да ажырап, жетим калган бала таежесин эш тутуп, аны “Апа” деп чакырат. ​

Бала асыроонун түйшүгү жана жыргалы (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:14 0:00

Баш калаада гана миңдеген адамдар бала багып алуу үчүн жылдап кезекте турганына карабай, наристелер үйүндө ондогон балдар тарбияланууда. Ал балдардын көпчүлүгүнүн ден соолугу начар. Андыктан жергиликтүүлөр бул балдарды багып алууну каалашпайт. Аларды негизинен чет өлкөлүктөр багып алышат. Айрым балдарды чет өлкөлүк ата-энелер заманбап медицина менен сакайтып алышкан да учурлар бар.

2008-жылы Кыргызстанда балдарды багып алууга мораторий киргизилген, бирок ал 2011-жылы парламенттин чечими менен жокко чыккан. Дал ушул эл аралык бала асыроого байланыштуу 2012-жылы мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировго, анын мурдагы орун басары Гүлнара Дербишовага кылмыш иши козголгон. Алар бала асыроо менен алектенген фирмалардан пара өндүргөн деп шектелген эле.

Бала асыроонун түйшүгү жана жыргалы (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:06 0:00

Кыргызстандык балдарды жалаң бай өлкөлөрдүн жарандары асырап кетет десек жаңылабыз. Буга казакстандык үй - бүлө мисал. Алар Сокулуктагы балдар үйүнөн эки жаштагы оорукчан кызды багып алышып, өздөрү дарылаткан. Тил, маданият, менталитет жагынан окшош болгону менен казакстандыктар үчүн да бул маселе оңойго турган эмес. Бала асыроо түйшүгү алардын бир жылдан ашуун убактысын алган.

Бала асыроонун түйшүгү жана жыргалы (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:56 0:00

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG