Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:45

Көчөгө ташталган ымыркайдын энеси табыла элек


Иллюстрациялык сүрөт.

Токмок шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды көчөгө таштап кеткендер табыла элек. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренесине ылайык ("Кишини коркунуч абалында калтыруу") кылмыш иши козголду. Азыр анын ата-энесин издөө уланып жатат.

22-ноябрда жергиликтүү тургундар Токмок шаарындагы чиркөөнүн жанынан ымыркай таап алып, милицияга өткөрүп беришкен.

Кийинчерээк милиция наристенин салмагы 3 килограмм 400 грамм экенин, аны учурда шаардык төрөткананын атайын жайында медициналык кызматкерлер карап жатышканын билдирген. Ымыркай 21-ноябрда жарык дүйнөгө келгени белгилүү болгон. Ташталгандан кийин 3-4 саат суукта жатып калган. Азыр баланын абалы канааттандырарлык. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG