Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Токмокто энеси көчөгө калтырып кеткен ымыркай табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токмокто көчөгө ташталган ымыркай табылганын Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов билдирди. Анын айтымында, 22-ноябрда кечки саат бештер чамасында Токмок шаарында чиркөөнүн жанынан жергиликтүү тургундар ымыркайды таап алышкан. Алар ошол эле замат милиция кызматкерлерин чакырып, ымыркайды өткөрүп беришкен.

Салмагы 3 400 грамм болгон кыз Токмок шаардык төрөтканасынын атайын жайында медициналык кызматкерлердин кароосунда жатат. Кыздын абалы канааттандырарлык.

Дарыгерлер ымыркай бир күн мурда төрөлгөнүн айтышты. Кыздын ата-энеси изделүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG