Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 14:17

Интернет жана эркин ой жүгүртүү


"Бир кылым артка кеттик, саатым!" (Кимбайкенин азил сүрөтү). 02.6.2011.

Интернеттеги коомдук тармактар замандаштарга өз оюн билдирүүнүн болуп көрбөгөндөй эркиндигин тартуулады. Бул эркиндиктин чеги барбы?

Адамзат тарыхындагы сабырдуулукка чакырган ой-пикирлерди жана коомдук тажрыйбаларды маал-маалы менен кайталап турсак ашыкча болбос.

XX кылымда Уинстон Черчилл сыяктуу өкмөт башчылары коммунизмге каршы айбаттуу турган Улуу Британиянын борборундагы Британ китепканасы өз тарыхы тууралуу жазганда, бул жайга Карл Маркс, Владимир Ленин сыяктуу марксистттер келип, далай ирет китеп дүйнөсүнө сүңгүгөнүн эскерип турат. “Неге сиздер капиталисттик түзүлүштүн душмандары тууралуу маалымат берип жатасыздар?” деп китепканачыларга кине койгон эч ким жок.

Совет доорунда гезиттер макала жарыялаганда, алардагы пикирге же маалыматка макул болбогондор өзүнүн каршы пикирин бул басылмада оңой менен жарыялай алчу эмес. Азыркы тапта атуулдар сот аркылуу өз каяшасын билдирүү укугун пайдалана алышат (мунун канчалык түрдө жүзөгө ашырылышы — тиешелүү өлкөдөгү башкаруу системасынын деңгээлине жараша; авторитардык мамлекеттерде бийлик ээсине каршы каяшаны азыр деле өкмөт каржылаган басылмаларда жарыялай алышпайт, ал эми либерал өлкөдө мындай мүмкүнчүлүк бар.

Интернет дүйнөсү, өзгөчө андагы коомдук тармактардын жайылышы, азыркы замандаштар үчүн өз оюн билдирүүгө жана сын пикирлери менен сунуштарын ортого салууга мурдагы тарыхта болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү жаратты.

Бул жагдай журналист эмес карапайым кишилерге да жемкорлукка каршы күрөшүүгө, ар кандай мыйзамсыз аракеттерди, зомбулук көрүнүштөрүн ашкерелөөгө салым кошууга жагымдуу шарт түздү.

Ошондо да илгерки совет доорундагы тоголок арызчынын сыңарындай эски өнөкөт менен жалган ысымга жамынып же эч бир ысымсыз эле бир тараптуу ой-пикирин жаадыргандар да жамгырдан кийинки козу карындай көбөйдү.

Алгачкы убактарда интернет-басылмалар өз окурмандарынын иши кылып пикир жазып турушканына каниет кылышаар эле. Бирок бара-бара өз кадыр-баркы үчүн да кам көргөн интернет-басылмалар пикирлерди да иргей башташты.

Эгерде пикирде сындалган тарапты бир беткей жаманатты кылган, кишинин беделине шек туудурган, террорчулукка, расизмге же этностор аралык кастыкка ж.б. жексур кадамдарга чакырган сөздөр, ар кандай ыплас сөздөр бар болсо, анда мындай пикирлер электен өткөрүлбөй жок кылына баштады.

Алайкуу: Гезиттин ордун Твиттер басты

Алайкуу: Гезиттин ордун Твиттер басты

Алыскы Алайкуу жергесинде телефондон Твиттерге катталып, смс аркылуу маалымат алуу жайыла баштады. Сыналгы, гезит жетпеген элеттиктер үчүн кадимки эле социалдык түйүн эң ыңгайлуу маалымат булагына айланды. Бул саамалык көбүнчө айылдардагы саясатчы аксакалдар арасында популярдуу болууда.

"Фейсбук" сыяктуу коомдук тармактарда инсан же мекеме өзү ачкан баракка өзү көзөмөл кылып, бир беткей, адепсиз же ашкере оппонент сезилген тараптардын бул баракты ачып окуусуна бөгөт кылуу, демек, цензуралоо мүмкүнчүлүгүн алды.

Кээде жалаң гана бир беткей турумду алган кишилердин өздөрүнүн интернеттик топтору да түзүлүп жатат.

Аргасыздан жылмайбай да койо албайсыз. Маселен, “Инстаграмда” тамак жасоонун ар кыл түрлөрүн талкуулаган кызыктуу топтордон башка да “жаңы келин кайнененин каарына калбай кантип жүрүшү керектигин” талкуулап, өз тажрыйбаларын бөлүшкөн топтор да түзүлө баштады. Демек, коомдо кандай көйгөй болсо, ошол көйгөй Интернетте талкууга алынбай койбойт.

Бул жагдайдын чоң пайдасы бар. Эгерде мурда бир олуттуу маселе бир басылма жарыяласа, башка басылмалар же сыналгы жана үналгы каналдар колдоп же сынга алып, ошонун натыйжасында алиги маселе калайыкка кеңири жетчү.

Эми болсо журналисттик жамаатка эч тиешеси жок киши Интернеттин коомдук тармагындагы өз барагы аркылуу кеңири жамааттын көңүлүн мактоого татырлык ишти колдоо, кайрымдуулук иш-аракетке салым кошуу же жосунсуз жорукту айыптоо маселесине бура алат. Анын жарыясын окуган башка инсан жайлоодо же башка жерде сейилдеп жүрсө да, ашканада отурса да, кызмат кылып жатса да, бул жарыяга карата өз мамилесин күн-түн дебестен билдире алат.

Мындай учурда, бир чети, салттык журналисттер калайыкка ортомчу болбой калса, экинчи чети, ар бир замандаш журналистке айланууда. Жаңы шартта, албетте, ар бир окурман, угарман же көрүүчү өз алдынча цензорго айланып калганы түшүнүктүү. Демек, ар бир пенде өзүнө жеткен маалыматты өз алдынча электен өткөрүүгө тийиш, ар бир киши сынчы болууга акылуу.

Арийне, “сынчынын сыңар өтүгү майрык” деген ылакап кепти бабалар бекеринен мураска калтырбаса керек.

Бул ылакап кепте, бир жагынан, калыс сөз айта албаган айрым сынчыларга кине коюлган. Экинчи жагынан, ошондой сынчылар да боло бериши керектиги тууралуу сабырдуу мамиле жатат го деп да ойлоп кетем.

Жакында бир замандашым “Азаттыкты” сындап калды. Ал Интернеттеги бир коомдук тармактагы куш тилиндей катында "демократияны өркүндөтүү үчүн АКШ Конгресси каржылап жаткан “Азаттыкта” коммунисттик идеяны жактаган кишинин үнү да обого чыгып жатат" деп жакасын карманыптыр.

Мындай жаңы “демократтар” өздөрү да байкабастан коомго кайрадан цензураны таңуулагысы келет. Бирок цензура болгон жерде демократиянын изи да өчөт эмеспи.

Эсиме немистер чыгарган “Кош бол, Ленин!” (“Гуд бай, Ленин” - Good Bye, Lenin!) тасмасы түштү. Режиссер Волфганг Беккер (Wolfgang Becker) 2003-жылы коомчулукка сунуштаган бул трагикомедияда Александр Кернер аттуу антикоммунист жигит өз энеси Кристиананы аман сактап калыш үчүн барган айла-амал чагылдырылган. Коммунисттик түзүлүшкө каршы чыккан демонстрацияга катышкан уулун коопсуздук күчтөрү камакка алганын көрүп Кристиана эстен танат жана 8 айдай комага түшөт. Ал өзү коммунисттик идеалдарга өзгөчө берилген айым эле.

Александрды апасынын жагдайынан улам абактан чыгарышат. Берлин дубалы кулап, мурдагы ГДР тынч жол менен ойрон болуп, бирдиктүү демократиялык Германия түптөлө баштаган кезеңде, бул жигит апасын ооруканадан алып чыгып, үйүнө алып келет. Апасы эч кандай жагымсыз психологиялык кырдаалга туш келбеши үчүн Александр аны алдап, “коммунисттер Батыш Германияда да жеңишке жетти” деп аны ишендириш үчүн бар айласын жасап, далалат кыла баштайт...

Бул тасмадан ар ким өз түшүнгөнүнө жана пейилине жараша тыянак чыгара алат.

Биз да постсоветтик кыргыз коомуна кайрыла алабыз.

Азыркы тапта карыя болуп калган замандаштарыбыздын далайы мурдагы социализмге берилген бойдон калды. Андагы эки жүздүүлүк, сталинчилердин кордуктары, товарга таңкыстык, “жетишкендикти” тастыкташ үчүн статистикалык жалган маалыматтар менен көз будамайлоо — ушулардын бардыгын алар деле жакшы эстешет.

Бирок жаштык кезин сагынгандай эле: “Мурда, социализм тушунда, бардыгы жакшы болчу. Ал кездеги бир сомдун наркы азыркы миң сомго тете болчу”, — деп кээде анча-мынча ашыра, өз жаштыгындагы учурду, социализмди мактап калышат. Бир чети алар социализмден оболу өздөрүнүн бейкапар жаштык кезин сагынып жүрүшкөндөй...

Биздин далай жердештерибиз азыркы Ооганстандагы кыргыз улутташтарыбызга кылчактап, “Ленин болбосо таз кейпибизде кала бермекпиз” деп айтылган сөздөрдү ынануу менен угуп келет. СССРде кыйла прогрессивдүү реформалар болгону ырас деңизчи. Башка өңүттү айтсак, швед өлкөсү, Жапония, Түштүк Корея, Сингапур сыяктуу мамлекеттерде коммунисттер бийликке келбесе деле бакубаттык турмуш деңгээлине жетишти. Марксисттик Түндүк Кореянын азыркы кейпин көрүп отурабыз...

Кантсе да, менин жеке тыянагымда, улуу муундагылардын социализмди жактаган ойлорун, көксөөсүн ачык билдирүүсү — бул дагы бүгүнкү демократиянын жетишкендиги.

Тээ 1990-жылдардын башында, китепканалар терең кризиске баткан убакта Ленин, Брежнев, Горбачевдордун далай эмгектери отко жагылып кетти. Сталиндин эмгектери болсо Хрущевдун учурунда жок кылынган. Молдо Кылыч, Осмонаалы Сыдыков, Эшенаалы Арабаев, Касым Тыныстановдун далай жарыяланган эмгектери Сталиндин учурунда ойрон болгон. Акын Аалы Токомбаевдин “Момия” ырлар жыйнагы Брежневдин учурунда жок кылынган. (“Зыяндуу” делген китептерди далай калемгерлер өздөрү окубаса деле каадаланып сынга алып калышчу).

Ушул китептерди өз алдынча сересеп салып окуу үчүн бир кездери кымбат учактарга отуруп, “капиталисттик” Батыштагы китепканаларга барып келүүгө туура келчү; эми иш жеңилдеп, мурда тыюу салынган китептерди эл аралык китепканалар корунан Интернет аркылуу издөөгө мүмкүн болуп калды. Деги, аларды өрттөбөй эле койсо эмне болмок?

Булар го — китептер. Ал эми көзү тирүү турган кишилер өздөрүнүн омоктуу оюн айтса, алардын ар түркүн көз карашын видео, үн тасма аркылуу чагылдыруу жана Интернет аркылуу таркатуу деле болочок муундар үчүн айырмалуу китеп таркатканга тете.

Бирок бул үчүн башка пикирлерге сабырдуу мамиле кылуу саясаты коомубузда ырааттуу жүзөгө ашырылышы керек. Сөз эркиндигине чек коюу — бул өз башына кайтып келе тургандай кылып бумерангды ыргытууга барабар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG