Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:47

Кайран Уинстон Черчиллдин таамай жана азил сөздөрүнөн


Улуу Британиянын даӊазалуу мамлекеттик ишмери Уинстон Черчиллдин чукугандай тапкан сөздөрү, азилдери тарыхта калды. Уинстон Леонард Спенсер Черчилл (орусча – Черчилль, англисче - Churchill; 1874-1965), журналист, публицист, жазуучу, сүрөтчү, коомдук ишмер, мыйзамчы, Британиянын эки жолку өкмөт башчысы, адабият тармагындагы Нобел сыйлыгынын ээси... тапан жана учкул сөздөрү менен да айырмаланган.


* * * * *

Достор жана көркөм өнөр

Бир жолу драматург Жорж Бернард Шоу Черчиллге өзүнүн жаӊы пьесасынын премьерасына чакырык жиберип, катка мындайча сөз жазып койгон экен:

“Өзүӊүз менен кошо досуӊузду ала келиӊиз, бирок андай досуӊуз бар экенине күмөнүм бар”.

Черчилл болсо жооп кылып мындайча куш тилиндей кат жөнөтүптүр:

“Ка-ап, бул кечте мен бош болбой калбадымбы! Албетте, мен пьесанын сахнага экинчи жолку коюлушуна кубануу менен барууга даярмын, бирок андай учур болооруна күмөнүм бар”.

* * * * *


Индиялыкпы же индейби?

Тээ 1943-жылы Вашингтондо Ак Үйдө Черчилл конок катары сый тамакта отурганда, ага Хелен Огден Миллз Рид деген айым кайрылып калат.
Бул айым “Чикаго трибун” гезитинин британдарды жаман көргөндүгү менен белгилүү ээсинин карындашы болчу.

Айым Улуу Британияны Индиянын элине карата өтө ырайымсыз саясат жүргүзүп жатат деп сынга алат.

Ошондо Черчилл берки айымга мындайча жооп кайтарган экен:

“Урматтуу айым (Мадам), сөзүбүздү андан ары улантуудан оболу тактоо киргизип алышым керек болуп турат.
Деги мен сиздин сөздү туура уктумбу же жокпу?

Сиз “индиялык” деген сөздү колдонуп, Индиянын өӊү каратору калайыгын - британдык бакыбат башкаруунун шарапаты менен ырааттуу түрдө жана ал түгүл тим эле коркунучтуу деӊгээлге чейин саны өсүп жаткандарды - айтып жатасызбы, же аталышы окшош болгон “индейлерди” - Американын кызыл терилүү тургундарын, менин аӊдаганыма караганда, Кошмо Штаттарда дээрлик кырылып жок боло жаздаган калкты - айтып жатасызбы?

* * * * *

Балыктын кара уругу

Улуу Британия, АКШ жана СССР гитлердик фашизмге каршы ынтымак түзгөн жылдары Иосиф (англисче – Жозеф, кыскача Жо) Сталин британ өкмөт башчысы Черчиллге балыктын кара уругун байма-бай жиберип турган экен.

Черчилл кызматтан кетип, парламентте оппозицияда жүргөн учурунда, 1946-жылы 5-мартта АКШнын Миссури штатындагы Фултон шаарында жайгашкан Вестминстер коллежинде даӊазалуу “Дүйнөнүн булчуӊдары” аттуу сөзү менен чыгып сүйлөйт.

Черчиллдин дал ушул сөзү “кансыз согушка” – Батыш менен Советтер Биримдигинин идеологиялык тирешүүсүнө жана жарыша куралдануу дооруна башат ачкан деп айтылып жүрөт.

Ошондон көп узабай Черчилл америкалык “Тайм” журналынын кожоюну уюштурган сый тамакта отуруп калат.

Британ мамлекеттик ишмери кашыгына балыктын кара уругунан мелт-калт кыла сузат да, жылмайа айтат:

- Билесиӊерби, Жо байке (Иосиф Сталин) бул даамдуу нерсени мага үзбөй жана, баса белгилеп айтсам, өтө арбын салып тураар эле. Эми мага бул уруктун бир даны түгүл, таш-балакет да жок болот!

* * * * *


Тактыктын сыры

“Сиз эмне үчүн ушунчалык таксыз?”

Бул суроого Черчилл мындайча жооп узаткан экен:

- Менин өтө так саатым – бул ашказаным. Маселен, дал ушул көз ирмемде ашказаным мага түшкү саат бир болгонун жана түштөнүү маалы келгенин айтып жатат.

* * * * * *

Булак (орус тилинде): Черчилль У. Мускулы мира. М.: Эксмо, 2004. ISBN 5-04-010272-0.

Которгон:
XS
SM
MD
LG