Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:04

"Facebook" Орусиядагы "троллдор фабрикасын" бутага алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Фейсбук" компаниясы Орусиядагы "троллдор фабрикасына" байланышы бар экени маалымдалган 250дөн ашык баракчаны жапты. Ал баракчалар көбүнчө орус тилинде маалыматтарды таратканы, алардын Кыргызстанда кеминде 35 миң окурманы бар экени белгилүү болду.

"Троллдор фабрикасы" атка конгон Орусиядагы "Интернет изилдөөлөр агенттигин" АКШ өкмөтү "жалган маалыматтарды жана орус бийлигинин үгүтүн жайылтууда" деп айыптап келет.

"Троллдор фабрикасы" Кыргызстанга да маалымат таратканбы?

"Фейсбук" компаниясынын 3-апрелде жарыяланган чечимине ылайык, бул социалдык түйүндөгү 70 жеке эсеп (аккаунт), 138 баракча жана компания ээлик кылган "Инстаграм" тармагындагы 65 аккаунт жабылды.

Компания бул баракчалар АКШ "жалган маалыматтарды таратып жатат" деп күнөөлөгөн, "троллдор фабрикасы" (б.а. жалган маалыматты, айың кептерди үзгүлтүксүз жайылтуу менен алектенген "ишкана") атка конгон Орусиядагы "Интернет изилдөөлөр агенттигине" таандык болгону үчүн жабылганын белгиледи.

"Орусиялык бул агенттик улам-улам алдамчылык менен алектенип, АКШ, Европа жана Орусиядагы элди манипуляциялоого аракеттенген. Алардын мындан ары "Фейсбукта" болушун каалабайбыз. 2016-жылдан кийин орусиялык "Интернет изилдөөлөр агенттиги" ажырымга алып келген маалыматтарды таратыш үчүн жана АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүү үчүн жүздөгөн жалган баракчаларды ачкан", - деп компаниянын негиздөөчү Марк Цукерберг социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына жазды.

"Инстаграм" менен "Фейсбуктагы" жабылган баракчалардын 95 пайызга жакыны саясаттан баштап туризмди да ичине камтыган ар кыл тематикадагы маалыматтарды орус тилинде таркатып турган.

"Троллдор фабрикасына" таандык делген "Фейсбуктагы" баракчалардын жок дегенде бирөөсүнүн 1 миллиондон ашуун окурманы ("фолловер") болгон. "Инстаграмдагы" аккаунттардын кеминде бирөөнө 500 миңдей киши катталган.

Эң кызыгы, АКШ "орус бийлигинин расмий үгүтүн жайылтып жатат" деп күнөөлөгөн агенттикке байланышы бар бул баракчалардын окурмандарынын басымдуу бөлүгү, албетте, Орусияда, андан соң Украинада, Бразилияда, Грузияда жана Кыргызстанда да жашай турганы аныкталды.

Маселен, бул аккаунттарга Орусияда 488 миң интернет колдонуучу катталса, Украинада 170 миң, Кыргызстанда 35 миң, Казакстанда 25, Өзбекстанда 18 миң киши катталган.

"Биз жапкан баракчалардын айрымдары орусиялык медиа уюмдарга таандык болгон. Өз кезегинде ал басылмаларды "Интернет изилдөөлөр агенттиги" көзөмөлдөгөнүн аныктадык", - деди "Фейсбуктун" негиздөөчүсү Марк Цукерберг.

Жабылган баракчалар тууралуу "Фейсбук" жарыялаган маалымат.
Жабылган баракчалар тууралуу "Фейсбук" жарыялаган маалымат.

Өчүрүлгөн материалдардын көбү таандык болгону айтылган "Федералдык жаңылыктар агенттигинин" башчысы Евгений Зубарев "Фейсбуктун" баракчаларды жабуу тууралуу чечимин "саясий цензура" катары баалап, орус бийлигин ага жооп кайтарууга чакырды.

"Троллдор фабрикасы" деген эмне?

Батыш медиасы баш кеңсеси Санкт-Петербургда жайгашкан "Интернет изилдөөлөр агенттигин" "троллдор фабрикасы" деп атайт. Бул агенттиктин кызматкерлери коомдук пикир жаратышүчүн интернет-басылмаларга жана социалдык түйүндөргө тиешелүү маалыматтарды же комментарийлерди жайгаштыраары айтылып келет.

Орусиянын АКШдагы 2016-жылдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүн иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллер быйыл февраль айында "троллдор фабрикасы" баштаган үч фирмага жана 13 орус жаранына айып таккан.

Ага ылайык, "Интернет изилдөөлөр агенттигине" "Америкадагы шайлоодо бир талапкерди жактап, экинчисинин беделине шек келтирген маалыматтарды тараткан" деген кине тагылууда.

Март айында бул фирмалар менен орусиялыктарга каршы Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги санция киргизген. Алардын арасында "орус президентинин жакын чөйрөсүнө кирет жана "троллдор фабрикасынын" көзөмөлдөйт" деп шек саналган орусиялык ишкер Евгений Пригожин да бар.

"Путиндин ашпозчусу" атыккан ишкер Евгений Пригожин (солдо) президент Владимир Путин менен. Сүрөт 2011-жылы тартылган.
"Путиндин ашпозчусу" атыккан ишкер Евгений Пригожин (солдо) президент Владимир Путин менен. Сүрөт 2011-жылы тартылган.

​Кремл АКШ баштаган Батыш өлкөлөрүнүн шайлоолоруна кийлигишпегенин билдирип, Кошмо Штаттарда өзүнө тагылып жаткан айыптарды бир нече ирет четке каккан. Евгений Пригожин да "троллдор фабрикасы" атка конгон "Интернет изилдөөлөр агенттигине" тиешеси жоктугун айткан.

"Фейсбук" шектүү баракчаларды эмне үчүн азыр жабууну чечти?

Март айында "Фейсбуктун" 50 миллиондой колдонуучусунун жеке маалыматтары британиялык "Cambridge Analytica" консалтинг компаниясынын колуна өтүп кеткени, ал маалыматтар саясий максатта колдонулганы ачыкка чыккан. 2016-жылы президент Дональд Трамптын штабы менен иштешкен бул британиялык фирма мыйзамсыз иш кылбаганын билдиргени менен бул жагдай "Фейсбук" компаниясынын дарегине сын-пикирлерди күчөткөн.

Андан бери британ депутаттары социалдык тармактын негиздөөчүсү Марк Цукербергден парламентке келип түшүндүрмө беришин талап кылып жатышат.

"Алар 2016-жылдагы шайлоодон бери эл даттанып жаткан маселелерди чечүүгө чоң мүмкүнчүлүгү бар болчу. Алар азыр гана кокустан ушул ишке киришип жатышат. Башында алар жабырлануучунун ролун ойноп жатышкан. Эми реакция кылууга аракет кылышууда", - деди Нью-Йорктогу "Бенчмарк" компаниясынын менеджери Кевин Келли.

Марк Цукерберг.
Марк Цукерберг.

"Фейсбуктагы" колдонуучулардын жеке маалыматтары корголбогону тууралуу кабар чыгып кеткенден кийин АКШнын Федералдык соода палатасы да иликтөөсүн баштаган. Бул окуядан кийин Марк Цукерберг кардарлардын жеке маалыматтарын коргоодо кетирген каталары үчүн кечирип сурап, бул тармакта кошумча коопсуздук чаралары көрүлөрүн 22-мартта өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазган.

Андан көп өтпөй компания колдонуучулардын коопсуздугун камсыздаган жаңы функцияларды киргизди. Ага ылайык, эми колдонуучу достору тууралуу, эмне издегени жөнүндө маалыматты, өзү баскан "Жакты" белгисин жана пикирлерин өчүрө алат. Колдонуучуларга аккаунтту башкалардын бузуп кирүүсүнөн коргогон көп мүмкүнчүлүк берилет.

Жеке маалыматтар корголбой калганы тууралуу кабар тараган алгачкы күндөрү эле "Фейсбуктун" акциялары арзандап, акыркы эки күндө баалуу кагаздар базарынан 60 млрд. долларлык кунун жоготсо, Цукерберг өзү бери дегенде 5-6 млрд. долларынан айрылган.

"Фейсбуктун" негиздөөчүсү 11-апрелде ачыкка чыгып кеткен маалыматтар боюнча АКШ конгрессмендеринин суроолоруна жооп бере турган болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG