Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Мигрант интернеттеги үгүт үчүн соттолду


Тажикстанда 21 жаштагы адам социалдык тармактарда террордук топторго үндөгөнү үчүн эркинен ажыратылды. Москвада иштеп жүрүп мекенине кайткан мигрантты Тажикстандын күч органдары дароо камакка алышкан.

Тажикстандагы Хатлон облусунун соту өлкөнүн 21 жаштагы мигрантты социалдык тармакта "Ислам мамлекети" террордук тобунун идеяларын колдогону үчүн алты жылга эркинен ажыратты.

Фируз Абдулазизов Кылмыш кодексинин 307-беренесинин 2-бөлүгү, тагыраак айтканда "Маалымат каражаттары же интернет аркылуу Тажикстандын конституциялык түзүлүшүн зомбулук менен өзгөртүүгө чакыруу" беренеси боюнча айыптуу деп табылган.

Фируз 15-августта Москвадан кайтып келатканда кармалган.

ИМ армиясы.
ИМ армиясы.

​"Орусиянын шаарында жүргөндө тажикстандык мигрант социалдык тармактарда экстремисттик мүнөздөгү фото менен видеолорду таркаткан. Одноклассники социалдык тармагындагы баракчасында ал "Ислам мамлекети" тобунун кара желегин илип, башка колдонуучуларды бул топтун идеяларын колдоого чакырган" деген облустук соттун кызматкери.

Адвокат Нусратулло Мирзоев Фируз Абдулазизов күнөөсүн толугу менен моюнга алганын билдирген.

Жайында Тажикстандын парламенти укук коргоочу органдарга жарандардын интернеттеги иш-аракеттери жана колдонгон сайттары жөнүндө маалымат алууга мыйзам чегинде уруксат берген. Мындай толуктоо "Ыкчам издөө ишмердүүлүгү жөнүндө" мыйзамга киргизилген.

Андан бери адистер интернетте экстремисттик мүнөздөгү макалага же видеолорго "жакты" белгисин басуу дагы бул идеяларды колдоо катары саналышы мүмкүн экенин эскертип келишет.

Террордук топко кошулгандардын бири Парвиз Сайдрахмонов
Террордук топко кошулгандардын бири Парвиз Сайдрахмонов

Тажик парламентинин депутаты Журахон Мажидзода өлкөнүн тургундары жылына терроризм менен экстремизмге үндөгөн 90 миң SMS кабар алышарын айткан.

"Азыр Тажикстандын 3 миллиондон ашык жараны интернетке байланыша алат. Алардын 80 пайыздан ашууну экстремисттик жана террористтик уюмдарга таандык сайттарга кирет" деген депутат.

"Интернет саясаты боюнча жарандык демилге" коомдук фондунун башчысы Мухаммади Ибодуллоев депутаттын мындай билдирүүсүн «жаңылыштык» деп баалаган.

"Бардык сурамжылоо бул жаңылыштык экенин көрсөтөт. Экстремист жана террорист дегендерден SMS кабар алган колдонуучулар 5 пайыздан ашпайт" деген ал.

Тажик өкмөтү «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен тажикстандык жаштардын 80 пайызы интернет аркылуу азгырылганын билдирген. Ошондой эле Дүйшөмбү Facebook жана Одноклассники социалдык тармактарын экстремисттик идеяларды таркатууда деп айыптап келет.

Нью-Йорктогу "Soufan Group" аналитикалык мекемесинин баяндамасында азыркы кезде Сирия менен Иракта 700 тажикстандык согушкер жүргөнү, алардын көбү Мосул менен Раккадагы кагылышуулардан кийин дайыны билинбей калганы айтылган. Баяндаманын авторлору жоочулардын айрымдары согуш жүрүп жаткан башка аймакка ооп кетиши мүмкүн деп болжолдошкон. Чалгындоо жана коопсуздук иштерин иликтеген бул мекеменин маалыматы боюнча 2016-жылдын июлуна чейин «Ислам мамлекети» террордук тобунда 1600 тажикистандык "жихадчы" болгон. Алардын 147си мекенине кайткан.

​Ал эми тажик өкмөтү Сирия менен Ирактагы стратегиялык маанидеги райондор үчүн кагылышууларда өлкөдөн кеткен адамдардын 60 пайызы каза болгон деген ишенимде. Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча учурда Ирак менен Сирияда 1141 жаран бар, үч жүзгө жакыны каза болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG