Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

АКШ Орусия санкцияларын дагы кеңейтти


"Путиндин ашпозчусу" делген ишкер Евгений Пригожин (солдо) президент Владимир Путин менен. Сүрөт 2011-жылы тартылган.
"Путиндин ашпозчусу" делген ишкер Евгений Пригожин (солдо) президент Владимир Путин менен. Сүрөт 2011-жылы тартылган.

АКШ Орусиянын чалгын мекемелерине, интернет компаниясына, ондон ашуун орус жаранына каршы жаңы каржылык санкцияларын жарыялады. Ага катар америкалык тарап орус өкмөтүн АКШнын электр энергиясы, суу менен жабдуу системаларын, башка маанилүү инфраструктурасын бутага алган хакерлик чабуулдар үчүн да биринчи ирет айыптады. Вашингтондун соңку жарыясына жооп кылып, Москва америкалыктардын “кара тизмесин” кеңейте турганын билдирүүдө.

Ак үй жана Каржы министрлиги 15-мартта жарыялаган жаңы санкциялар Орусия АКШнын шайлоо системасына, анын ичинде 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишкенине каршы жооп чаралардын кезектегиси болуп саналат.

Каржы министрлиги ошондой санкциялардын жаңы айлампасынын бир себеби катары орусиялык хакерлердин инфраструктурага жасаган чабуулдарын да атады.

Каржы министри Стивен Мнучин буга байланышкан билдирүүсүндө “Орусияга басым жасоо анын Украинаны дестабилдештирүү аракеттерине, шайлоолорго кийлигишкенине, ага катар коррупцияга, адам укуктарын бузганына байланыштуу улантылууда”, - деп белгиледи. Ак үйдүн расмий өкүлү Сара Сандерс болсо төмөнкүлөргө токтолду:

- Менимче, бул бир бүтүмгө Орусия өзү келе турган нерсе. Жакшы же жаман оюнчу болорун алар өздөрү чечиши керек. Силер биздин буга чейинки кадамдарыбыздан күбө болгондой, Орусия жүрүм-турумун өзгөртмөйүнчө биз ага катаал мамиледе кала беребиз.

АКШ жаңы санкцияларында бутага алган орусиялык мекемелердин арасында өлкөнүн аскерий чалгын кызматы - ГРУ, 14 орусиялык жана “Интернетти изилдөө агенттиги” деген жеке менчик компания бар.

Батыш медиасы “тролл фабрикасы” деп атаган, кеңсеси Санкт-Петербургда жайгашкан бул компанияны Кремлди тамак-аш менен камсыздаган, “президент Путиндин ашпозчусу” деп атыккан ишкер Евгений Пригожин каржылай турганы айтылып жүрөт.

Санкциялардын жаңы айлампасы канчалык натыйжа берээри азырынча анык эмес. Анткени буга чейин өткөн айда АКШда атайын прокурор орусиялык 13 жаранга жана үч компанияга "2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишкен, каржылык көз боёмочулукка барган, жеке маалыматтарды уурдаган" деген айып тагып, айыптоо корутундусун сот дагы колдогон болчу. Ал тизмеде Пригожин өзү жана ал каржылайт делген компаниянын 13 кызматкери бар эле.

Санкт-Петербургда "Интернет изилдөө агенттиги" жайгашкан имарат.
Санкт-Петербургда "Интернет изилдөө агенттиги" жайгашкан имарат.

Пригожинге мурда АКШнын Каржы министрлиги Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогону үчүн санкция да киргизген.

“Ассошейтед пресс” агенттиги өз анализинде президент Трамптын администрациясы атайын прокурордун иликтөөсүнө кандайдыр бир ишеним берип жатканына көңүл бурду:

- Трамптын администрациясы атайын прокурор Роберт Мюллер айып таккан конкреттүү адамдарга санкция салганы өзгөчө көңүл бураарлык. Бул администрация Мюллердин тобу түзүп жаткан укуктук бүтүмгө кандайдыр бир ишеним бергенин айтып турат. Өз кезегинде бул Трамптын өкмөтү келечекте Мюллердин командасы жасагандар мыйзамсыз же ага Америка эли ишенбеши керек деп айтышын кыйындатат, - дейт “Ассошейтед пресстин” кабарчысы Жош Лидерман.

Атайын прокурор АКШда Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсүн жана президент Трамптын ошол кездеги шайлоо штабындагы адамдардын Москва менен ыктымал байланыштарын иликтеп жатат.

Москвадан болсо АКШнын жаңы санкциялары боюнча жарыясына тышкы иштер министринин орус басары Сергей Рябаков каршы чара көрүлөрүн, анын ичинде америкалыктардын “кара тизмеси" кеңейтилерин айтып жооп берди. Ал бул тууралуу “Интерфакс” агенттигине айтты.

Санкциялардын жаңы айлампасы Орусиядагы президенттик шайлоонун жуп алдына жана Батыш мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипалдын Британияда ууландырылышы үчүн Москваны күнөөлөп жаткан учурга туш келди.

Киберчабуулдун жаңы багыты үчүн айыптоо

Бул арада АКШ биринчи ирет орус өкмөтүн энергия, суу менен жабдуу системасын, башка маанилүү инфраструктураны, авиация жана өндүрүш секторлорун бутага алган хакерлик чабуулдар үчүн айыптады.

Ички коопсуздук министрлиги менен ФБР орус өкмөтүнүн хакерлери АКШнын күнүмдүк турмуш-тиричиликке таасир берүүчү секторлоруна бери дегенде 2016-жылдын март айынан бери эле кирүүгө аракеттенип жатканы айтылган эскертүүсү 15-мартта жарыяланды. Бирок АКШ орусиялык деп эсептеген хакерлердин аракетинен азырынча олуттуу зыян тие электей.

Анткен менен америкалык расмийлер, эгер хакерлер ийгилик тапса, 2015-2016-жылдары Украинада жүз миңдеген керектөөчүлөр киберчабуулдан улам электр жарыгысыз калгандай окуя АКШда да кайталанышы мүмкүн деп чочулашат.

“Не Петя” (Not Petya) компьютерлик вирусу 2017-жылы жайылган өлкөлөрдүн картасы.
“Не Петя” (Not Petya) компьютерлик вирусу 2017-жылы жайылган өлкөлөрдүн картасы.

Буга кошумча АКШ бийликтери 2017-жылдын июнунда “Не Петя” (Not Petya) деген киберчабуулду орус армиясы жасаган деген ишенимде турат.

АКШ Каржы министрлигинин эсебинде, былтыр мына ушундай аталыштагы вирустун дүйнөгө ыкчам тарашынан компьютерлер тоңуп, жүк ташуу, соода, саламаттыкты сактоо жана башка секторлорго миллиарддаган доллар зыян алып келген.

Орус президентинин киберкоопсуздук боюнча атайын өкүлү Андрей Крутских ТАСС агенттиги менен маегинде АКШнын бул айыптоосун “далили жок калп”, “Орусияны киберагрессордун образында” көргөзүү деп комментарийледи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG