Линктер

шаршемби, 25-апрель, 2018 Бишкек убактысы 07:01

Жаңы функциялар колдонуучуга жеке маалыматты көзөмөлдөөгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет. Эми колдонуучу достору тууралуу, эмне издегени жөнүндө маалыматты, өзү баскан "Жакты" белгисин жана пикирлерин өчүрө алат. Колдонуучуларга аккаунтту башкалардын бузуп кирүүсүнөн коргогон көп мүмкүнчүлүк берилет.

Шаршембиде Канадада жайгашкан "AggregatedIQ" (аггрегейтед ай-кью) аттуу фирма АКШда 2016-жылы өткөн шайлоонун алдында республикачыларды колдогондорду аныктай алчу программа түзгөн. Бул тууралуу "Cambridge Analytica" компаниясынын мурдагы кызматкери 27-мартта британ парламентиндеги атайын талкууда билдирди.

Кристофер Уайлинин айтымында, "Ripon" деген программанын жардамы менен "Facebook" социалдык тармагында атайын сынак уюштурулган жана ага 270 миңдей колдонуучу катышкан. Ушундай жол менен 50 миллиондой адамдын жеке маалыматы алардын уруксаты жок эле чогултулган.

"Фейсбуктун" негиздөөчүсү Марк Цукерберг кардарлардын жеке маалыматтарын коргоодо компаниясы кетирген каталар үчүн кечирим сураган. Социалдык тармактын миллиондогон колдонуучусунун жеке маалыматтары саясий максатта пайдаланылганы тууралуу кабар өткөн аптада ачыкка чыккан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG