Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:29

Марк Цукерберг элден кечирим сурады


Марк Цукерберг.
Марк Цукерберг.

"Фейсбуктун" негиздөөчүсү Марк Цукерберг компаниясы кардарлардын жеке маалыматтарын коргоодо кетирген каталары үчүн кечирим сурады. Бир нече күн мурун социалдык тармактын 50 миллиондон ашуун колдонуучусунун жеке маалыматтары саясий максатта пайдаланганы тууралуу кабар ачыкка чыккан.

Шаршемби күнү Цукерберг анын компаниясы колдонуучулардын маалыматтары үчүн жоопкерчиликти өзүнө аларын, аларды коргоо үчүн кошумча чаралар көрүлөрүн өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасында билдирди.

Буга чейин журналисттер британиялык "Cambridge Analytica" аналитикалык фирмасынын Дональд Трамптын шайлоо кампаниясы маалында "Фeйсбуктун" 50 миллиондой кардарынын маалыматтарын мыйзамсыз колдонгону үчүн айыпташкан.

"Channel 1" телеканалынын иликтөөсүнө караганда, саясий консалтинг кызматын көргөзгөн ал компания дүйнө жүзү боюнча 200дөн ашуун шайлоо алдындагы үгүт иштерине, анын ичинде Нигерия, Кения, Чехия жана башка жерлердеги өнөктүктөргө катышкан. Ошондой эле ал талапкерлер жөнүндө жалган маалымат, компромат таратуу үчүн пара алган деп айтылган.

"Фейсбук" колдонуучуларынын жеке маалыматтарын кыянат пайдалануу жөнүндөгү кабар нааразылык жаратты.

Айрымдар атүгүл эки компанияны тең сотко беришерин билдиришти.

Цукерберг шаршемби күнү СNN телеканалына интервью берип, биринчи жолу үн катты:

- Бизге артылган ишенимге чоң доо кетти, бул абдан өкүнүчтүү. Бизге адамдардын жеке маалыматтарын коргоо өңдүү фундаменталдуу жоопкерчилик жүктөлгөн. Бул биздин колубуздан келбесе, силерге кызмат өтөөгө татыктуу эмеспиз. Эми алдыбызда мындай окуянын кайталанышын алдын алуу милдети турат.

Анын айтымында, эми компания маалыматтардын ири көлөмү сакталган базага кире алган бардык тиркемелерин анализдеп чыгат. Андан тышкары шектүү тиркемелердин бардыгы криминалисттик аудиттен өткөрүлмөкчү. Ал эми андай текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткандар менен "Фейсбук" иштешпейт.

Цукерберг "Cambridge Analytica" менен болгондой проблема келечекте кайталанбайт, биз бул окуядан сабак алып, коопсуздукту көбүрөөк сактоонун үстүнөн иштейбиз деп убада берди.

Албетте мунун бардыгына миллиондогон доллар сарпталмакчы.

Иллюстрация.
Иллюстрация.

21-мартта Евробиримдиктин юстиция, кардарлар укуктары жана гендердик теңдик боюнча комиссары Вера Юрова Вашингтондогу пресс-конференцияда бул окуя демократиялык процесстерге, шайлоолорго көлөкө түшүргөнүн белгиледи:

- Эч нерседен кабары жок адамдар кантип ушундай олуттуу көз боёмочулуктун бутасы болуп калышты? Мен түшүндүрмөлөрдү чыдамсыздык менен күтөм.

Жеке маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануу тууралуу кабар тарагандан кийин үч күн ичинде "Фейсбук" биржаларда 45 миллиард долларын жоготту. Бул "Фейсбуктун" жалпы капиталынын 10 пайыздайын түзөт.

Америкалык мыйзам чыгаруучулар Цукербергди суроолорго жооп берсин деп талап кылышууда. CNN каналындагы интервьюсунда ал Конгрессте көрсөтмө берүүгө даяр экенин айтты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG