Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:19

АКШ: Сенатта "Фейсбук" менен "Твиттер" жеме укту


"Фейсбук", "Твиттер", "Гугл" компаниясынын өкүлдөрү Сенаттагы угуу алдында. Вашингтон, 31-октябрь, 2017-жыл.
"Фейсбук", "Твиттер", "Гугл" компаниясынын өкүлдөрү Сенаттагы угуу алдында. Вашингтон, 31-октябрь, 2017-жыл.

АКШ Сенатында америкалык ири интернет компаниялардын көрсөтмөлөрү угулду. Анын жүрүшүндө "Фейсбук", "Твиттер", "Гугл" компаниялары былтыркы президенттик шайлоо учурунда алардын платформасы Орусия жалдаган адамдар тарабынан америкалыктарга таасир көргөзүү максатында кыянат пайдаланылганын ырасташып, мунун масштабын да ачыкташты. Сенаторлор тараптан аталган компаниялардын дарегине сын да айтылды.

Интернеттеги "Фейсбук" социалдык түйүнүн айына колдонгондор саны азыр дүйнөдө эки миллиардга жетип калды, ал эми АКШнын өзүндө эле колдонуучулар саны 214 миллиондун тегерегинде.

Сенатта 31-октябрда болгон угуу алдында "Фейсбук" Конгресске өз баяндамасын жолдоп, былтыркы президенттик шайлоону утурлай америкалык шайлоочуларды чайпоо үчүн 80 миңдей пост Орусиядан жайгаштырылганын, бул постторду акыркы эки жыл ичинде 126 миллиондой америкалык көрүшү мүмкүндүгүн ачыктаган эле.

"Фейсбук" компаниясынын вице-президенти жана башкы юристи Колин Стретч (Colin Stretch) Сенаттагы көрсөтмөсүндө Орусия АКШ шайлоосуна кийлигишүү аракетинде бул социалдык түйүндү жигердүү колдонду деген ырастоолорго макул болду:

Колин Стретч
Колин Стретч

- Мен ачык айтайын, 2016-жылкы шайлоодо "Фейсбук"​ кабылган жагдайга өтө чоң маани берип жатабыз. Биз күбө болгон сырткы кийлигишүү - адепсиздик. Жалган аккаунттардын (жеке баракчалардын) артына жашынган чет элдик оюнчулар ажырым жана араздашуу тутантуу, шайлоого көлөкө түшүрүү үчүн биздин платформаларды жана интернет кызматтарыбызды кыянат пайдаланган. Бул биздин баалуулуктарга, "Фейсбук"​ таянган нерселердин баарына тикелей каршы келет.

Орусиялык оюнчулардын былтыркы президенттик шайлоо өнөктөгүндө интернеттеги дагы бир социалдык түйүн – "Твиттерди" колдонуусуна да жол берилип, буга учурунда бөгөт коюлбаганын бул компаниянын башкы юристи Шон Эджетт (Sean Edgett) дагы моюнга алды:

Шон Эджетт
Шон Эджетт

- Биз "Твиттердин" кубаты АКШдагы президенттик шайлоого таасир көргөзүү, демократиялык жараянга болгон ишенимге шек келтирүү үчүн колдонулганы тууралуу маалыматтарга абдан тынчсызданып турабыз. Платформабызды пайдалануу аркылуу шайлоону өкмөттүн колдоосуна таянуу менен манипуляциялоо биз үчүн жаңы көйгөй. Бизге ага жооп берүү үчүн чечкиндүү аракет кылабыз.

"Твиттердин" эсебинде, алар Орусиянын Интернет изилдөө агенттигине байланышы бар 2752 аккаунту же даректи таап, азыр алардын баары жабылган.

Ошол даректерге 2016-жылдын сентябрынан ноябрга чейин шайлоого тиешелүү 1,4 миллион комментарий (твит) жайгаштырылган. Алардын жарымы автоматташтырылган.

Бул компания ошондой эле "Твиттерден" жарнама үчүн орун сатып алган тогуз даректи аныкташкан. Алардын көбү Орусиянын мамлекет каржылаган RT (Russia Today) телеканалынан келген.

"Твиттер" өткөн аптадан тарта Орусиянын RT (Russia Today) телеканалы, Sputnik агенттиги жана башка мамлекеттик медиасынан жарнамаларды мындан ары кабыл албай турганын жарыялады.

Ал эми "Гугл" компаниясы алардын платформасы президенттик шайлоо учурунда орусиялыктар тарабынан чектелген өлчөмдө гана колдонулганын билдирүүдө.

Компаниянын ырастоосунда, орусиялык топтор алардын платформаларындагы рекламага 4700 доллар эле коротушкан.

"Гугл" компаниясына таандык "Ютуб" видеопорталынан болсо орусиялык агенттер колдогон 18 канал табылган.

Компаниянын эсебинде, аларга убактысынын жалпы көлөмү 43 сааттык 1100дөн ашуун видео коюлуп, аларды 2015-жылдын июнунан 2016-жылдын ноябрына чейин 309 миңдей эле адам көргөн экен.

АКШ Сенатындагы угуу. Вашингтон, 31-октябрь, 2017-жыл.
АКШ Сенатындагы угуу. Вашингтон, 31-октябрь, 2017-жыл.

​Сенаттагы угуу учурунда социалдык түйүндөрдүн саясий максатта кыянат пайдаланылышы америкалык интернет компаниялар үчүн сабак экенине да көңүл бурулду:

- Орус өкмөтү социалдык тармактардагы платформаны АКШга жана америкалык шайлоочуларга каршы дезинформация өнөктүгүн жүргүзүү үчүн колдонгон. Биз эми бул өнөктүк кандай иштегени менен катар келечекте өзүбүздү кантип коргоо керектигин да билип жатабыз, - деди демократ сенатор Шелдон Уайтхаус (Sheldon Whitehouse).

Айрым сенаторлор интернет компанияларды алардын платформасы шайлоо учурунда Орусия тараптан кыянат пайдаланылганына жол берип, муну алдын алалбаганы үчүн сынга да алышты.

- "Фейсбукту"​ АКШ калкынын 60% колдонот. Мурда эле абдан терең жана так анализдер түбү Орусиядан чыгарылган контентке АКШдан 10 миллиондой эле адам кабылганын көргөзсө, бул эми 126 миллионго чыгып кеткен. Мунун баары силердин компаниялар проблеманын масштабын жана тереңдигин эми гана түшүнө баштаганын ачыктоодо, - деди республикачыл сенаторлордун бири Ричард Бурр (Richard Burr)

Социалдык түйүндөр былтыркы шайлоо учурунда АКШга каршы колдонулганы боюнча ушул апта ичи Конгрессте жалпысынан үч угуу өтүүдө.

Москванын АКШ шайлоосуна кийлигишүүсүн жана президент Дональд Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын Орусия менен ыктымал байланыштарын Конгресстин кош палатасынын комитеттери жана атайын прокурору да иликтеп жатат.

Президент Дональд Трамп анын шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын такай четке кагып жүрөт.

АКШдагы шайлоо жараянга кийлигишти деген ырастоолорду Кремл да төгүндөп келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG