Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:21

Казакстанда маалымат каражаттары тинтүүгө алынды


Иллюстрация
Иллюстрация

Казакстандагы Forbes жана Ratel интернет-порталдары тинтүүгө алынып, айрым кызматкерлерин полиция кармап кеткен. Буга мурдагы каржы министри, бизнесмен Зейнулла Какимжанов тууралуу жазылган макалалар себеп болгону айтылууда. Эл аралык уюмдар Казакстанда сөз эркиндигинин абалын начар деп баалап келет.

2-апрелде Forbes Kazakhstan маалымат каражатынын редакциясына Алматы шаарынын ички иштер департаментинен атайын эки топ келген. Бир топ тинтүү жүргүзсө, экинчиси башкы редактордун орун басары Александр Воротиловду алып кеткен.

Журналист Анна Шатерникова тинтүү кандай жүргөнүн айтып берди.

- Биринчи редакциянын кызматкерлеринин телефондорун чогултуп алып, коридорго чыгып туруубузду суранды. Кийин ордубузга барууга уруксат берип, бирок жумуш компьютерди жана мобилдик телефондорду колдонууга тыюу салды.

Тинтүү учурунда полиция кызматкерлери анын чоо-жайы боюнча кенен маалымат берген эмес. Forbes Kazakhstan порталынын башкы редактору Аскар Аукенов:

- Токтомдо тергөө амалдары Какимжанов мырзанын билип туруп жалган маалымат таратуу деген арызынын негизинде жүргүзүлүп жатканы жазылган. Андан башка эч кандай маалымат жок, - деди.

Ушул эле күнү Ratel.kz сайты да тинтүүгө алынып, башкы редактору Марат Асипов, башкы редактордун орун басары Сапа Макебаев жана баяндамачы Анна Калашникованы укук коргоо органдары кармап, алып кеткен.

Алматы шаарынын ички иштер департаментинен кабарлашкандай, 30-мартта аларга “эки интернет-портал билип туруп жалган маалымат таратты деп К аттуу жаран” кайрылган.

“Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгынан улам башка маалыматтар айтылбайт” деп билдирген Алматы полициясы.

2017-жылдын апрель айында Алматы соту Forbes Kazakhstan жана Ratel.kz сайттары мурдагы каржы министри, бизнесмен Зейнулла Какимжановдун пайдасына 50 миллион теңге төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган.

Ratel.kz жана Forbes.kz өз журналисттик изилдөөлөрүндө Зейнулла Какимжанов коррупциялык иштерге аралашкан деп ырасташкан.

Сот Forbes порталын сайтынан жана социалдык тармактардагы баракчаларынан 10 макаласын өчүрүүнү, дагы тогуз макаладагы маалыматтарды төгүндөөгө милдеттендирген.

Ratel.kz сайтына болсо "13 макаланы өчүрүп, төгүндөсүн" деп жазылган соттун чечиминде.

Ал эми 30-мартта Алматынын Медеу райондук соту Ratel.kz маалымат каражатынын интернеттеги дарегин жабуу чечимин чыгарган. Журналисттер болсо сот чечими менен макул эместигин билдиришкен.

Казакстандагы “Адил сөз” уюмунун жетекчиси Тамара Калеева окуя боюнча мындай көз карашта:

- Forbes.kz жана Ratel.kz көптөгөн маалыматтарды таратат. Какимжанов тууралуу чыккан маалыматтар анын 100дөн бири эле да. Бирок маалымат каражаттарын толук жабууда. Буга эч ким көңүл бурган жок. Биздин адам укугу боюнча атайын өкүлүбүз кайда? Биздин маалымат министрибиз кайда? Бул деген “өзгөчө абал”. Бүткүл казак коомчулугунун үстүнөн тебелеп жатышат.

3-апрелде Forbes.kz жана Ratel.kz сайттарынын кармалган журналисттери бошотулганы кабарланды.

Казакстанда журналисттер кармалган жана соттолгон учурлар буга чейин да болгон. Эл аралык мунапыс уюму былтыркы баяндамасында Казакстанда сынчыл көз караштагы интернет колдонуучуларды куугунтуктоо күчөгөнүн билдирген.

“Жазардан мурда ойлон..." деген баяндамасында казак бийлиги интернеттеги сынчыл көз караштагы адамдарга каршы барган сайын агрессивдүү ыкмаларды колдонуп жатканы, өзгөчө соңку мезгилде кабыл алынган мыйзамдар сайттарды жабууга же байланышты чектөөгө жол ачты деп жарыялаган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG