Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 18:26

Жогорку Кеңеште Интернетти мониторинг кылчу орган түзүү тууралуу демилге көтөрүлдү. Депутаттар айрым өлкөлөрдөгү тажрыйбаны эске алуу менен маалымат айдыңын көзөмөлгө алып, жоопкерчиликти күчөтүү зарыл деп эсептешет. Парламентте бул өңдүү демилгелер маал-маалы менен көтөрүлүп жүрөт. Интернетти көзөмөлдөө деген эмне жана Кыргызстандын шартында аны ишке ашыруу мүмкүнбү?

Маалыматтык мейкиндикке көз салуу боюнча кезектеги демилге парламенттин күн тартибинде жок болчу. Депутаттар "Жарнама жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин талкуулап, Интернетте алкоголдук ичимдиктерди жарнамалоого чектөө киргизүү жөнүндө сунуш каралып жаткан эле.

Талкуу учурунда депутаттарды ичимдикти жарнамалоонун чектөөдөн да интернет-ресурстардагы маалыматтардын көзөмөлсүз таратылып жатканы тынчсыздандырды. Маселен, парламенттин мурдагы төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков Кыргызстанда маалымат мейкиндигине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү сунуш кылды.

Учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун депутат иниси башка өлкөлөрдө Интернет көзөмөлдөнөөрүн мисал кылып, мындай аракеттер Кыргызстанда да болушу керек деген пикирин билдирди:

Асылбек Жээнбеков.
Асылбек Жээнбеков.

- АКШ менен Улуу Британияда маалымат мейкиндиги үзгүлтүксүз мониторинг болуп турат. Социалдык тармактардагы посттор үчүн иш жүзүндө жаза караштырган мыйзамдар бар. Анонимдүү пост жаза албайсың. Муну Казакстан да киргизип жатат. Мындан коркпой, биздин мамлекет да аракет кылышы керек. Маалымат, Интернет мейкиндиги үзгүлтүксүз мониторинг болуп турушу керек. Бүгүн "муну ким кылат" деген суроого жооп бере албай жатышат. Себеби, өкмөттө мындай орган жок.

Асылбек Жээнбеков Интернетте жана социалдык тармактарда жарыяланган маалымат үчүн мыйзамдуу жоопкерчилик киргизүү зарыл экенин кошумчалады. Мындай демилгени башка депутаттар да кубаттап, Дүйнөлүк желеде ар кандай чагымчыл маалыматтар тарап жатканын жүйө келтиришти.

Негизги кыргыз парламентинде Интернетти көзөмөлгө алуу боюнча демилгелер маал-маалы менен көтөрүлө калып жүрөт. Буга чейин бийликчил КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов да социалдык тармактарды жөнгө салган мыйзам иштеп чыгууну сунуш кылган. Кийин бул демилгеге сын-пикирлер айтылган соң коомчулук туура эмес түшүнүп калганын айткан. Ошондой эле демилге дагы бир социал-демократ Дастан Бекешовдун социалдык тармактарга жазган пикирди төгүндөөнүн жол-жобосун аныктаган мыйзам долбоору талкууга түшүп жаткан учурга туш келди.

Ошондуктан "Интернетти мониторинг кылуу деген эмне жана Кыргызстандын шартында аны ишке ашыруу канчалык реалдуу?" деген суроо пайда болду. Бул суроого эксперттер саясий жана техникалык өңүттөн караш керек деп эсептешет.

Бишкектеги жаңы технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азиз Абакиров бийлик органдары Интернетти тескөө боюнча мыйзам иштеп чыгып, саясий чечим кабыл алган күндө да техникалык жактан аны ишке ашыруу кыйын болорун билдирди:

Азиз Абакиров.
Азиз Абакиров.

- Интернетти көзөмөлдөөгө күчүбүз жетпейт. Интернетти образдуу айтсак, ал океан. Океанды токтотобуз, көзөмөлдөйбүз деген туура эмес. Биз сыяктуу чакан мамлекеттер анын мүмкүнчүлүгүн колдонуп, өз пайдабызга иштетишибиз керек. Жогорку Кеңеште Интернетти көзөмөлдөө боюнча аракеттер дайыма болуп келген. Интернетти технологиялык өңүттөн эмес, саясий жактан караганда бул башкача ой жүгүрткөндөр менен күрөш катары кабыл алынып калышы мүмкүн.

Эл аралык тажрыйбада Интернетти көзөмөлгө алуу практикасын "Интернетти балкандаштыруу" деп коюшат. Дүйнөлүк желени ар бир өлкө өз деңгээлиндеги мыйзамдар аркылуу бөлүп тескөө аракети ушинтип аталат. 1990-жылдардагы Балкан өлкөлөрүнүн бөлүнүшүнөн улам "балкандаштыруу" деген сөз колдонулуп калган.

Бул багытта Кытай, Иран жана Орусия сыяктуу өлкөлөр мыйзамдарды иштеп чыгып, чектөө киргизишкен. Бирок акыркы жылдардагы киберчабуулдардан улам Европа өлкөлөрүндө маалыматтык коопсуздукка көңүл бурулуп жатат.

"Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Тынаев маалыматтык коопсуздук менен сөз эркиндигин чаташтыруу туура эмес деген пикирде:

Азамат Тынаев.
Азамат Тынаев.

- Анонимдүүлүк, Интернеттеги жарандардын коопсуздугу деген маселелер кулакка жакшы угулушу мүмкүн. Бирок бул демилгелердин артында сөз эркиндигин чектөө ниети жатканын билебиз. Себеби, дал ушул тармактарда бийликтин дарегине сын айтылган, маалымат ачыкка чыккан учурлар арбын.

Кыргызстанда маалымат мейкиндигин тескөө боюнча бир нече орган бар. Атап айтсак, кыргыз өкмөтүндө маалымат саясатын Маданият жана маалымат министрлиги жүргүзөт. Өкмөткө караштуу Маалымат технологиялары боюнча комитет электрондук маалымат каражаттарына жыштыктар үчүн лицензия берет. Ошондой эле маалымат коопсуздугу жаатында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да иш алып барат.

Кыргызстанда социалдык түйүндөр жалпыга маалымдоо каражаты деп таанылган эмес. Ошондуктан көп адистер анда жазылгандарды массалык маалымат булагы катары эсептөө туура эмес экенин айтышат. Бирок ага карабай акыркы жылдары социалдык түйүндөргө жазылган пикирден улам соттошкондор болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG