Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Астана менен Ташкендин аңдып-тыңшамай адаты


Associated Press агенттиги жарыялаган маалыматка караганда, Өзбекстан жана Казакстан бийликтери Батышта атайын кызматтар пайдаланган жабдыктардын жардамы менен саясий диссиденттерди интернет аркылуу куугунтуктап, кысымга алуу ыкмаларын жайылтууда.

2000-жылдардын башынан тарта Verint жана Nice Systems компаниялары авторитардык Астана менен Ташкенге жарандарды сыртынан билгизбей аңдуу жана тыңшоого мүмкүнчүлүк берүүчү жабдуу сатканы аныкталган.

Аталган компаниялардын биринин израилдик адистери Өзбекстандын борбору Ташкен шаарына өздөрү барып, жабдуунун техникалык жактан тейленишин жөнгө салып, колдонуу эрежелерин көрсөтүп берип кеткени тууралуу маалымат бар. Бул технологиялар Өзбекстандын атайын кызматына жашыруун темаларды тымызын талкуулаган телефондук сүйлөшүүлөрдү же электрондук кат алышууларды аныктап, ага тиешеси бар адамдарды колго түшүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

- Бийликтин эң башкы куралы – бул адамдардын коркунучта жашоосу. Сөз эркиндиги, жеке көз карашыңды эркин билдирүү… Мунун баарына тыюу салынган, - дейт Швецияда жашаган өзбекстандык диссидент Тулкин Караев.

Соңку 20 жылдан бери Өзбекстанда миңдеген адамдар камакка алынганын өткөн жылы Human Right Watch эл аралык укук коргоо уюму жазып чыккан. “Башкача ойлонгон”, пикирин ачык айта коем деп куугунтукка кабылгандар бул өлкөдө кыйноонун, мажбурлап оор ишке салуунун азабын тартып келатканын укук коргоочулар далай айтып келишет.

Associated Press жазганына караганда, бул авторитардык өлкөлөрдүн адам укугун тебелеп келаткан бийликтери Батыш мамлекеттеринин полициясы жана атайын кызматтары кылмышкерлерге каршы колдонгон каражаттар менен технологияларына ээ болгон. Бул аппараттар аркылуу алар шектүү деп эсептеген адамдардын артынан сая түшүп, ким менен, эмне жөнүндө кат жазышып, телефондон сүйлөшкөнүн аңдып, алдын түрмөгө камап, аларды кыйнап, жабырлантарын укук коргоочулар белгилешет.

Ал эми Казакстанда, Reuters агенттигинин маалыматына караганда, хакерлер өкмөттүн буйругу боюнча иштеп, башка өлкөлөрдө жашынып жүргөн диссиденттердин, алардын адвокаттары жана өнөктөштөрүнүн электрондук каражаттарына атайын шпиондук программаларды киргизүү менен алектенет. Хакердик чабуулдар, бийликке жакпаган адамдардын ар бир кыймылын аңдуу, коркутуп-үркүтүүлөр да бул иштин бир бөлүгү болуп калган. Киберчабуулдар чыныгы кылмыштарга алып барат, деп жазат Reuters.

Иликтөө жүргүзгөн топ оппозициялык маанайдагы айрым интернет колдонуучуларга жөнөтүлгөн каттарды изилдеп чыккан. Мисалы, бозгундагы казак оппозиционери, белгилүү саясатчы, БТА банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязовду коргогон ньюйорктук юрист Питер Салас, Аблязовдун жубайы, 2013-жылы шашылыш түрдө Италиядан депортацияланган Алма Шалабаеванын адвокаты Астольфо Ди Амато жана бир нече жыл мурда Казакстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон журналисттер Ирина Петрушова менен Александр Петрушовдун электрондук почтасы текшерилген. Натыйжада хакерлер бул адамдарга жалган каттарды жөнөтүп, ошол аркылуу телефонуна же компьютерине шпиондук программаны орнотуу аракетин көргөнү, бул каттарды атайын жалданган индиялык компания жөнөтүп турганы аныкталган.

Расмий бийлик мындай айыптоолорго жооп бере элек. Иликтөөчүлөр тобунун бул тууралуу комментарий алуу максатында Казакстандын Вашингтондогу элчилигине жөнөткөн катына эч ким жооп бере элек.

Журналист Ирина Петрушова жана «Республика» порталынын негиздөөчүсү Александр Петрушов бийликти ачык сындаган макалалары үчүн куугунтукка кабылып, акыры Казакстандан көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Алардын «Республика» гезитин бийлик «экстремисттик» деп таап, 2012-жылы соттун чечими менен жаап салган.

- Биздин редакциянын терезесине башы кесилген иттин сөөгүн илип, «Акыркы жолу деген эми болбойт!» деп жазып кетишкен. Чынында эле андан кийин гезитибиз чыккан жок. Себеби бир нече күндөн кийин ичине кара май куюлган бөтөлкөлөрдү күйгүзүп, терезеден ыргытып кетишкеде редакция толук бойдон өрттөнүп, күлгө айланган, - дейт Ирина Петрушова.

Азыр Орусияда баш калкалап жүргөн Ирина бийликтин кыңыр иштерин, Казакстандагы коррупцияны ашкерелеген макалаларды интернеттеги respublika-kaz.info сайтына чыгарып турат. Бул сайт Казакстандын өзүндө ачылбаганы менен, аны Фейсбуктагы атайын баракчадан окушат.

Жакында эле портал айрым жогорку кызматтагы аткаминерлердин кат алышуусунун көчүрмөсүн жарыялап, кызуу талкуу жараткан.

Казакстан менен Өзбекстандагы аңдуу, тыңшоолор тууралуу кеңири баяндама келерки аптада Лас-Вегаста киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференцияда жарыяланганы жатат.

Изилдөөчүлөрдүн алдын ала белгилешинче, бул өлкөлөрдүн сыртта, саясий бозгунда жүргөн жарандарын куугунтукка алуу ыкмалары жылдан-жылга көбөйүп, өрчүй баштады.

XS
SM
MD
LG