Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Өзбекстан: УКМКга нааразы киши өзүн өрттөдү


Сурхандарыя облусундагы Шерабад району.
Сурхандарыя облусундагы Шерабад району.

Анын абалы оор бойдон калууда. Өзбекстан Ички иштер министрлиги бул жаранды психикалык оорулуу болчу деп чыкты. Анын жакындары болсо, Улуттук коопсуздук комитетинин басымына чыдабай, өзүнө-өзү кол салганын билдиришти.

22-июлда кечинде Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда Улуттук коопсуздук комитетинин Шерабад райондук бөлүмүнүн имаратынын алдында белгисиз жаран өзүнө-өзү бензин чачып өрт койду. Ал жаран ошол эле райондун тургуну, 42 жаштагы Шербай Райимов болуп чыкты. Ал ошол күнү инисинин машинесинде баратып, жолдон бир литр бензин сатып алган. Бир аз убакыттан кийин Улуттук коопсуздук комитетинин райондук бөлүмүнүн алдында бензинди үстүнө чачып, өзүнө өрт койгон.

Бул окуядан кийин райондук ички иштер башкармылыгы “Азаттыктын” өзбек кызматына Райимов психикалык жактан оорулуу болгону үчүн өзүнө-өзү өрт койду деген тыянагын билдирген.

- 22-июлда кечки саат тогуздарда 42 жаштагы Шербай Райимов психикалык оорусу күчөп кеткенден улам Эркиндик көчөсүндөгү “Фаровон” соода борборунун жанында өзүнө-өзү бензин чачып, от койгон. Ал "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилди. Учурда "өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Бирок Райимовдун жакындары ал эч качан психикалык жактан оорубаганын билдиришти. Райимовдун тууганы ал акыркы учурларда Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринен коркуп, көчөгө чыкпай калганын ырасташты.

- Шербай балалыгынан бери экинчи топтогу майып. Көзү жакшы көрбөйт. Үч баласын ошол майыптыгы үчүн берилген жөлөкпул менен багат. Аялы жолдун боюнда суу, чемичке сатат. Шербай өзү май айынан бери убайымга түшүп, көчөгө чыкпай калган. Улуттук коопсуздук артыман жүрөт, мени тынч койбой атышат, соодадан тапканыбызды алып кетип атышат деп наразыланып жүргөн. Бирок ким анын артынан түшкөнүн, эмне кылмышы үчүн СНБнын назарына илингенин бизге айтчу эмес, - деп айтты анын жакындарынын бири.

Шербай Райимов өзүнө өрт коер алдында эч кимге эч кандай талабын же нааразылыгын айткан эмес. Тек гана бензин куюлган кийимине күтүүсүз жерден от жагып жиберген. Жалындын ортосунда калган адамды көргөн бир топ киши отту өчүрүп калууга үлгүрүп, "Тез жардам" чакырышкан. Бир сааттан өтүп келген "Тез жардам" кызматы аны ооруканага жеткирген. Дарыгерлер учурда Райимовдун абалы оор экенин билдиришти.

- Райимовдун денесинин сол жак бөлүгү бүт күйгөн. Сол колу, сол буту, сол жак ийини жана курсагы жабыркаган. Жалпысынан денесинин 65%ына зыян келген. Азырынча анын абалы өтө оор. Сакайып кетиши бир-эки күндөн кийин билинет.

Былтыр Казакстанда Өзбекстандан көчүп келген 20 жаштагы жигит “Нур-Отан” партиясынын Тараз облусунудагы кеңсесинин алдында өзүн өрттөп кайтыш болгон.

Өзүн-өзү өрттөө фактылары Кыргызстанда 2005-жылы жана 2012-жылы катталган. 2005-жылы депутат Баяман Эркинбаевдин агасы инисин өлтүргөн кишилерди табуу иштери созулуп жатканына нааразы болуп өзүн өрттөгөн. Дарыгерлер анын жанын сактап калышкан. 2012-жылы Алай районунун тургуну митингдерден тажаганын катка жазып, өзүн Ош шаарынын борбордук аянтында өрттөп набыт болгон.

XS
SM
MD
LG